Мегаобучалка Главная | О нас | Обратная связь


Альмеев Ирик Абдуллаевич



2018-07-06 600 Обсуждений (0)
Альмеев Ирик Абдуллаевич 0.00 из 5.00 0 оценок




Альмеев Ирик Абдуллаевич - зоотехник, айыл чарба илимдеринин доктору. КРнын айыл чарбага эмгек сиңирген кызматкери. 1961-ж. КАЧИни бүтүргөн. Зоотехник-селекционер, совхоздун башкы зоотехниги болуп иштеген. 1979-жылдан эчкилерди өстүрүү жана селекциясы боюнча Кыргыз мал чарба илимий-изилдөө институтунда лаборатория башчысы. Генетика, селекция жана малды көбөйтүү боюнча адис. Анын 100дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 1 монографиясы бар. Эмгектери: Кыргызстандын тыбыттуу эчкилери. Ф., 1986, Выведение и совершенствование кыргызской пуховой породы коз, Б., 2000.

8. Кыргызыстанда мал чарбасынын тармактарын өнүктүрүү Республикада мал чарбачылыктын башкы тармагы болуп мурункудай эле кой чарбасы кала бермекчи, ал уяњ жүндүү, жарым уяњ жүндүү жана эт-май багыттарында өнүктүрүлөт.Уяњ жүндүү кой чарбасы экспорттук продукцияны - меринос жүндү өндүрүүнү камсыздоого тийиш. Кыргыз коюнун уяњ жүндүү породасынын генетикасын жакшыртуу австралиялык мериносторду кењири пайдалануу жолу менен ишке ашырылат. Алардын таза кандуу породаларын багуу Талас облусунун Кара-Буура районунда, Чүй облусунун Кемин районунда жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда жөнгө салынган. Жергиликтүү уяњ жүндүү койлордун базасында жогорку продуктулуу жањы порода - кыргыздын тоолук мериносу түзүлүүгө тийиш, ал жүнүнүн жогорку продукттуулугу жана технологиялык параметрлеринин жогорулугу менен республикада уяњ жүндүү кой чарбасына негиз болмокчу. Мурдагыдай эле, уяњ жүндүү койлор республиканын бардык райондорунда, айрыкча Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарында таратылат. Республиканын жарым уяњ жүндүү кой чарбасы тань-шань породасынантурат, ал мындан ары эт берүү касиеттерин жана жүнүнүн технологиялык сапаттарын жакшыртуу багытында өнүктүрүлөт. Эт берүү касиеттери эт багытында дүйнөдө белгилүү, жалпы таанылган "суффольк" жана "полипей" породадарын, ал эми технологиялык касиеттери австралиялык корриделди пайдалануу жолу менен жакшыртылат. Жарым уяњ жүндүү койлордун таратуу зонасы Нарын региону менен катар, продукту берүүнүн ушул багытындагы койлордун породаларына айрыкча ынгайлуу Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында кеңейтилиши керек.Алай породасындагы жарым кылчык жүндүү кой чарбасы абдан оор абалда калып, алардын саны өтө азайып кетти. Бул багыттагы кой чарбасын өнүктүрүүдөгү башкы проблема апай породасындагы койлорду асыл тукумдук репродукциялоого керектүү бекем базанын жоктугунда. Ошондуктан жарым кылчык жүндүү кой чарбасын өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги милдет таза кандуу алай коюн көбөйтүү үчүн асыл тукумдук база түзүүдө жана аны республиканын түштүгүндөгү фермердик чарбаларга кењири таратууда турат. Азыркы тапта кой чарбасынын келечектүү тармагы эт-май багытындагы куйруктуу койлорду көбөйтүү болуп эсептелет, бул мындан ары да өнүктүрүлөт. Жергиликтүү кылчык жүндүү койлордун продуктулук жана асыл тукумдук сапаттарын жакшыртуу үчүн жергиликтүү куйруктуу койлор менен аргындаштырганда жакшы натыйжа берген гиссар жана эдилбаев породаларынын генофондун кењири пайдалануу зарыл. Уяњ жүндүү койлорду гиссар породасындагы кочкорго куудуруудан алынган эт-май багытындагы жањы айкөл породалык тобундагы койлор менен селекциялык-асыл тукумдук ишти терењдетүү жана анын таралуу ареалын кењейтүү зарыл. Республикада эчки чарбасы тыбыт, жүн жана эт-сүт багыттарында өнүктүрүлүүгө тийиш. Кыргыз породасындагы эчкилерди андан аркы селекциялоо негизинен тыбыттын жана могер-жүндүн технологиялык сапаттарын (ич-келиги, тегиздиги ж.б.) бул продукциянын экспорттук потенциалын түзүүчү негизги элементтер катары жакшыртууга багытталган. Илгертен келатканжергиликтүү эчкилерди көбүнчө сүттүүлүгү жана тирүүлөй салмагынын артыктыгы менен мүнөздөлгөн заанен породасына аралаштыруу жолу менен сүт багытын өнүктүрүү белгиленүүдө.Республиканын мал чарбасында сүт жана эт өндүрүү үчүн терењ адистештирүүнү жүргүзүү каралууда. Сүт багытындагы алатоо породасындагы уйдун базасында күрөњ типтеги атайын сүт багытындагы порода түзүлөт. Мында америкалык жана швейцариялык селекциялардагы уйлардын швиц породасындагы генофонд кењири пайдаланылат. Көбүнчө Голландиядагы жана Швейцариядагы голштин-фриз породасындагы жакшы букалардын уругун пайдалануу менен уйдун кыргыз породасындагы карала тукуму түзүлөт. Сүт багытындагы мал негизинен Чүй жана Талас өрөөндөрүндөгү чарбаларда таратылат, ал жактарда сүткө жана сүт азыктарга керектөө жана экспорттук талап туруктуу. Өлкөнүн башка региондорунда комбинацияланган типтеги алатоо породасындагы уйлар таралууга тийиш. Жогорку сапаттагы уй этин өндүрүү үчүн эт багытындагы киян, шароле, абердин-ангус, галовей породаларынын уруктарын пайдаланып атайын эт багытындагы порода түзүлүүгө тийиш. Эт багытындагы малды багуу ургаалдуу дыйканчылыктын шартында жана малды ургаалдуу бордоо жана жаюу үчүн тоюту жетиштүү тоо этектериндегн зоналарда өнүктүрүлүшү керек. Арзан жана экологиялык таза эт өндүрүү үчүн республиканын бийик тоолуу зоналарында топоз багуу кењири өнүктүрүлөт. Ысык-Көл, Нарын жана Баткен облустарында кооперативдик жана жеке чарбалардын негизинде селекциялык-асыл тукумдук иш жүргүзүү үчүн база түзүлөт. Топоздун кыргыз тукумунун тектик жана продуктулук сапаттарын андан ары жакшыртуу үчүн топоздун букаларын региондук ротациялоо, ошондой эле тирүүлөй салмагычоњ памир тукумундагы топоздун букаларын алып келүү зарыл. Кийинки жылдарда жылкы чарбасы ар түрдүү - продуктулук, унаалык жана спорттук багыттарда ийгиликтүү өнүгүп жатат. Республиканын бийик тоолуу региондорунда жањы кыргыз тукумундагы жылкы мындан ары да өнүктүрүлөт жана таратылат. Бул порода менен мындан аркы иш анын эт жана сүт беришин көбөйтүүгө багытталат. Спорт багытындагы жылкы чарбасын өнүктүрүү үчүн жылкынын таза кандуу жана жањы кыргыз тукумундагы мингичпородалары пайдаланылат. Жергиликтүү калкта баркы чоњ күлүктөрдү жана жорголорду багуучу жылкычылыкка өзгөчө көњүл буруу керек. Жылкынын жергиликтүү популяциясынын баалуу генофондун сактоо үчүн тукумунун тазалыгын сактоо жана санын көбөйтүү үчүн реликтилик үйүрлөрдү түзүү зарыл. Канаттуулар чарбасындагы мындан аркы селекциялык-асыл тукумдук иш дүйнөдөгү мыкты гепотиптерди пайдалануу менен жумуртка берүүчү жана бройлердик багыттарды өнүктүрүүгө бурулат. Жумуртка багытындагы (лег-горн, родонит ж.б.) тоокторду линиялар аралык кросстоодон аргындарды алуу жана көбөйтүү бир мекияндан жумуртка алууну 17-25 процентке чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет, ал эми эт багытындагы "Арбо-Агросс" кроссту пайдалануу тооктун тирүүлөй салмагын 12-15 процентке көбөйтөт. Канаттуулардын жумуртка жана эт багытындагы генофондун калыбына келтирүү жана өнүктүрүү үчүн анын тукумдашын көбөйтүү максатында канаттуулардын генетикалык ресурстарын түзүү зарыл. 9. Корутунду

Асыл тукум иши

Асыл тукум иши - мал чарбасында малдын тукум куума касиетин, тукумун жакшыртуу, кунардуулугун арттыруу иш чаралары. Бул иш пландуу өнүккөнгө чейин узак убакыт бою өтө жөнөкөй тандоо ыкмалары ж-а элдик селекциянын негизинде малдын баалуу породалары чыгарылган. Табигый илимдердин өнүгүшү м-н анын теориясы иштелип чыгып, ыкмалары жакшыртылып, азыркы биологиялык илимдин жетишкендиктери колдонулууда. Бул иштер асыл тукум мал өстүрүү чарбасында ж-а колдон уруктандыруу станциясында ж-а инкубатор-үйкуш станциясында жүргүзүлөт. Илимий-изилдөө институттары м-н тажрыйба станциялары, ЖОЖдун атайын кафедралары асыл тукум ишинин теориялык проблемаларын ж-а ыкмаларын иштеп чыгат. Анын негизги элементтери - туура тандоо, төлдү туура багуу. Колдон уруктандыруунун кеңири колдонулушуна байланыштуу тукумдук эркек малдын генотибин (к. Генотип) аныктап, аны тукум сапаты б-ча баалоо (керек касиеттери тукумуна туруктуу өтүүчү тукумдук мал генотиби мыкты деп эсептелет) ишке ашырылууда. Анын негизги ыкмасы - таза тукум мал өстүрүү. Жаңы порода чыгарууда аргындаштыруу ж-а гибриддештирүү колдонулат. Асыл тукум ишин туура алып баруу үчүн малды тоюттандыруу ж-а багууда талапка ылайык шарт түзүү, каттоолорду так жүргүзүү керек. Аны өнүктүрүүдө породаны райондоштуруу, мал аукциондорун өткөрүү иштери жүргүзүлөт.

Анализдөөчү аргындаштыруу

Анализдөөчү аргындаштыруу - организмдердин белгисиз генотибин аныктоо үчүн, аны рецессивдик белгиси бар организм менен аргындаштыруу. Эгер ушундай аргындаштыруудан кийин, белги биринчи муунда (F1) бирдей болуп, ажыроо байкалбаса, анда изилдеген организмдин генотиби гомозиготалуу болот.

Рецессивдүү белгиси бар организмдин генотиби (аа), фенотиби боюнча эле аныкталат. Анткени ал организм сөзсүз гомозиготалуу (аа) болот, эгерде гетерозиготалуу (Аа) болсо, анда доминанттуу белги байкалмак. Доминанттуу белгини алып жүргөн гомо (АА) жана гетерозиготалуу (Аа) организмдер фенотиби боюнча айырмаланышпайт. Алардын генотибин билиш үчүн А. а. колдонулат.

Өсүмдүк менен жаныбар селекциясында генотипти аныктоонун мааниси чоң. Медицинада санжырага кирген тукумудун саны боюнча, анализдөөчү аргындаштырууга ылайык келген белгилер изилденет. Мисалы, кара көздүү жа көк көздүү ата-энеден жалаң кара көздүү балдар төрөлсө, анда кара көздүү особду гомозиготалуу (АА) деп эсептешет. Ал эми ушундай фенотиптүү үй - бүлөдө, кара жана көк көздүү балдар төрөлсө, анда кара көздүү жубай гетерозиготалуу (Аа) болуп эсептелет, себеби белгилердин ажыроосу жүрөт.

Селекция үчүн баалу түр – кызыл жалбырактуу алма



2018-07-06 600 Обсуждений (0)
Альмеев Ирик Абдуллаевич 0.00 из 5.00 0 оценок









Обсуждение в статье: Альмеев Ирик Абдуллаевич

Обсуждений еще не было, будьте первым... ↓↓↓

Отправить сообщение

Популярное:
Личность ребенка как объект и субъект в образовательной технологии: В настоящее время в России идет становление новой системы образования, ориентированного на вхождение...
Почему человек чувствует себя несчастным?: Для начала определим, что такое несчастье. Несчастьем мы будем считать психологическое состояние...



©2015-2024 megaobuchalka.ru Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав. (600)

Почему 1285321 студент выбрали МегаОбучалку...

Система поиска информации

Мобильная версия сайта

Удобная навигация

Нет шокирующей рекламы



(0.007 сек.)