Мегаобучалка Главная | О нас | Обратная связь


Ашказандагы кылдат долбоор



2018-07-06 434 Обсуждений (0)
Ашказандагы кылдат долбоор 0.00 из 5.00 0 оценок




1. Liver
2. Inner part of stomach
3. Muscle link around

Ашказанда ар бир этабы бир максатты көздөгөн өтө детальдуу бир долбоор бар. Тамак-аштар ашказандын үстүңкү учундагы «ашказан оозу» же «кардия» деп аталган тар бир жерден өтүп, ашказанга кирет. Ашказанды кызыл өңгөчкө туташтырган ал жердеги булчуңдар бир капкактай жарым сиңирилген тамактардын кызыл өңгөчкө кайра кайтышына бөгөт болот. Андан соң ашказандын купол формасындагы үстүңкү бөлүгүнө өткөн азыктар ал жерде ашказан согу же ашказан суюктугу менен аралашкан соң ашказандын эң кеңири бөлүгүн көздөй жылат. Ал кеңири бөлүк кескин бүгүлүп, ашказандын горизонталдуу бөлүгүн түзөт.

Өйдөдөгү тик бөлүктөн кыскараак болгон ал жерде ашказан кайра тарайып, «ашказан эшиги» же «пилорус» деп аталган бир канал менен он эки эли ичегиге уланат. Ашказандын астыңкы учундагы ал булчуңдуу канал да капкак функциясын аткарып, жарым сиңирилген азыктардын ашказандан чыгып ичке ичегилерге өтүшүн көзөмөлдөйт. Тамак-аштарды ашказан оозунан ашказан эшигин көздөй үч катмар болуп жайгашкан күчтүү ашказан булчуңдарынын ритмикалык толкун кыймылы жылдырат. Булчуң тарткылоосуна окшошкон мындай толкун кыймылы ошол эле учурда тамактарды аралаштырып, эзип майдалап, аягында «кимус» деп аталган жарым суюк бир аралашмага айландырат. Мындай процесстердин зарылчылыгы тамак сиңирүүнүн кийинки этаптарында ачык көрүнөт.

Ашказандагы Устараны Сиңирип Сала Тургандай Күчтүү Кислоталар Кантип Таасирсиз Болуп Калат?

.

Mucus secretion protects the stomach from acids

Кызыл өңгөчтө жылган тамактар белгилүү убакыттан соң ашказанга жетет. Ашказандагы тамак сиңирүү процесси ооздон башкача. Ал жерде өтө күчтүү кислоталар ишке киришет. Тамактар кызыл өңгөчтөн ашказанга түшөөр замат ашказан бетиндеги клеткалар ашказан кислотасы аттуу бир суюктукту чыгарып башташат. Ал суюктук менен бирге пепсин жана туз кислотасы аттуу химиялык майдалагыч суюктуктар да чыгарылат. Ал кислоталар бир устара мизин (темирин) да сиңире ала турганчалык күчтүү. Белок сыяктуу сиңирүү кыйын болгон заттар үчүн мындай кислоталардын болушу шарт. Бирок бул жерде өтө маанилүү бир жагдай бар. Ашказандын өзү да түзүлүшү жагынан белоктон турат. Андай болсо, кантип устара мизин да сиңире алган бир кислота ашказандын өзүнө зыян бербейт?

Бул да адам денесиндеги теңдешсиз долбоор мисалдарынын бири. Ашказандын одур-бодур капталдарынан улам ашказан өзүн-өзү сиңирбейт. Ашказан капталдарындагы терең чуңкурларда ар кандай касиеттеги клеткалар жайгашкан. Өтө так бир тең салмактуулукта ашказандагы бир катар клеткалар кислота чыгарып жатканда, ал клеткалардын жанында жайгашкан башка клеткалар жабышчаак бир суюктук чыгарат. «Былжыр» деп аталган ал суюктук ашказандын бетин жаап, ашказанды кислоталардан бир калкан сыяктуу коргойт жана ферменттердин ашказанга зыян тийгизишине жолтоо болот. Талкалоочу ферменттерден тышкары инфекция пайда кылуучу вирус жана башка микроорганизмдердин да клеткалардын ичине киришине тоскоол болгон былжыр ошол эле учурда ал жерди сыйгалак кылып, тамактардын канал ичиндеги кыймылдарын жеңилдетет.

Бул процесстер кандайча жүрөт, ашказандагы бул коргоо кантип пайда болот? Ашказандагы клеткалар өз башынча бул заттарды өндүрүүнү чечип, кандайдыр бир жол менен коргоочу заттардын формуласын тапкан болушу мүмкүнбү? Клеткалар муну жасай алышы үчүн эмнелер керек болот, бир ойлоп көрөлү:

Эң биринчиден тамак сиңирүү үчүн керектүү затты өндүрүү үчүн бир катар клеткалар тамактарды сиңирүү керек экенин түшүнүшү зарыл. Ошол эле клеткалар тамак сиңирүү үчүн кислота сымал бир зат талап кылынаарын билиши керек. Андан соң клеткалар эң ыңгайлуу кислотанын формуласын таап, ошол формуланын негизинде өндүрүш жасашы шарт. Коргоочу затты өндүрүү үчүн болсо бир катар клеткалар ал кислотанын ашказандын өзүнө зыян тийгизээрин аныктап, анан ал клеткалардын кислота мисалдарын алып лабораторияда изилдеп, кислотанын таасирин токтото турган формуланы иштеп чыккан болушу зарыл. Ал ортодо ал кислотанын бир тамчысы да килемде чоң бир тешик пайда кыла турганчалык күчтүү. Ошондуктан формула иштеп чыгууда кетирилген жаңылыштыктын ашказандын кислоталар тарабынан ээритилиши деген мааниге келээрин да унутпаш керек.

1. Inclined layer of muscle layer 2. Extensor layer 3. Serosa 4. Link layer 5. Lamina propria of mucosa muscle laye 6. Layer 7. Muscle layer 8. Submucosa 9. Mucosa 10. Epithelium 11. Secretory duct

1. Micro-image of villum 2. On the surface of every villum, there are minute wings known as microvilli. 3. Folded structures on the stomach surface provide a huge area for food digestion. 4. Muscle

Тамак сиңирүү менен бирге кислотага айланган суюктук.

Ашказандын иштөө системасындагы пландоо мисалы бир эле ушул эмес. Жогоруда да айтылгандай, адам денесинде ушунчалык керемет бир система бар: ар кандай ыктымалдык үчүн керектүү чаралар эң башынан каралган. Мисалы, ашказан бош кезде ичинде тамак сиңирүү кислоталарынын болушу –ашказан былжыр тарабынан ал кислотадан корголсо да- ашказанга белгилүү убакыттан соң зыян тийгизет. Ошондуктан бош кезде ашказандын ичинде сиңирүүчү кислоталар болбойт. Натыйжада ашказандын жабыр тартуу коркунучу да жоюлат. Бош ашказандын ичинде «пепсиноген» аттуу сиңирүү касиети жок бир фермент болот. Ашказанга тамак келээри менен ашказан клеткалары HCL (туз) кислотасы аттуу бир суюктук чыгарып баштайт. Ал суюктук бош ашказандагы пепсиногендин түзүлүшүн бир заматта өзгөртүп, «пепсин» аттуу өтө күчтүү бир майдалоочу ферментке айландырат. Ал болсо ашказандагы тамактарды заматта майдалайт.30

1. Inner surface of stomach 2. Mucus neck cells 3. Gastric gland 4. Stomach protrusions 5. Epithelium6. Muscle link around the pylorus 7. Main cells 8. Membrane cells 9. Pepsinogen 10. Pepsin (active enzyme)

Ашказан бош кезде толук зыянсыз болгон бир суюктуктун ашказан толоору менен өтө күчтүү бир майдалагычка айланышынын аң-сезими жок кокустуктар менен пайда боло албашын түшүнүү үчүн бир саамга ойлонуу жетиштүү болот. Кокустан бир заттын башка бир затка, болгондо да ар жолкусунда эң туура формуланы таап, айланышы эч мүмкүн эмес. Бул процесс бүт адамдарда ар бир тамактан мурда жүрөт. Бул жагдай кокустук деген ээнбаштыкты чагылдырган бир түшүнүктү толугу менен жокко чыгарат.

Ашказандагы өзгөчө суспензия системасы.

Тамак жеген соң сиз бир тоюу сезимин, балким бир аз салмактанууну гана сезесиз. Андан башка ашказаныңызда эмнелер болуп жатканын эч билбейсиз. Бирок тамак жегенден бир аздан соң ашказаныңызда өтө чоң кыймыл-аракеттер жүрөт. Ашказаныңыз тынымсыз оңго, солго, жогоруга, төмөнгө чайпалып, тамактарды жакшыраак сиңирүүгө аракет кылат. Бирок сиз ашказаныңыздагы өзгөчө суспензия системасы натыйжасында ал кыймылдарды эч сезбейсиз.

Ашказан булчуңдары 3 багытты көздөй тизилишкен. Натыйжада ашказан өйдө төмөн, оңго солго жана кайчылаш кыймыл-аракеттерди эч кыйынчылыксыз жасайт. Бул болсо тамактардын ашказан суюктугуна жакшыраак тийишине шарт түзөт. Бирок мындай кыймыл-аракеттер дайыма бир коркунуч жаратат; сүрүлүү...

Ашказан ичегилердин жанында жайгашкан бир орган. Тынымсыз кыймылдашы ичегилерге сүрүлүшү деген мааниге келет; бул болсо адам ден-соолугуна олуттуу зыян алып келиши мүмкүн.

Албетте, ашказанда бул коркунучка да бир чара көрүлгөн. Ашказандын эң тышкы катмары «кирич (брюшина)» аттуу бир кабыкча менен капталган. Ал кабыкча чыгарган жылмакай суюктук ашказан менен ичегилерге «сырттан майлоо» деп атоого боло турган бир иш-аракет аркылуу ал органдарды жылмакай кылып койот жана натыйжада иштеп жатканда бир-бирине сүрүлүп жабыркашынын алдын алат.



2018-07-06 434 Обсуждений (0)
Ашказандагы кылдат долбоор 0.00 из 5.00 0 оценок









Обсуждение в статье: Ашказандагы кылдат долбоор

Обсуждений еще не было, будьте первым... ↓↓↓

Отправить сообщение

Популярное:
Как построить свою речь (словесное оформление): При подготовке публичного выступления перед оратором возникает вопрос, как лучше словесно оформить свою...
Как распознать напряжение: Говоря о мышечном напряжении, мы в первую очередь имеем в виду мускулы, прикрепленные к костям ...



©2015-2020 megaobuchalka.ru Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав. (434)

Почему 1285321 студент выбрали МегаОбучалку...

Система поиска информации

Мобильная версия сайта

Удобная навигация

Нет шокирующей рекламы



(0.006 сек.)