Мегаобучалка Главная | О нас | Обратная связь


Майдалануу уланууда...



2018-07-06 427 Обсуждений (0)
Майдалануу уланууда... 0.00 из 5.00 0 оценок




Ашказанда суулуу бир боткого айландырылган тамактар бир жакка гана ачылчу бир эшиктен өтүп, он эки эли ичегиге, андан ичке ичегиге өткөрүлөт. Ичке ичеги диаметри 3 см жана узундугу 7 метрден ашкан бир орган. Узундугу 7 метр болгон бир шланг ийилип, кабатталып пакеттелген жана ар бир адамдын курсагынын ичине орнотулган. Бирок керемет бул укмуштуу пакеттөө менен эле чектелбейт. 7 метрлик шлангдын ичинде өтө маанилүү процесстер жүрөт.

Тамактардын маанилүү бөлүгү ашказанда майдаланганы менен, бир бөлүгү дагы эле эң майда бирдиктерге бөлүнө элек болот. Ашказандан чыгып, дагы эле сиңириле элек болгон ал тамак-аштар белгилүү убакыттан соң ичке ичегиге жетет. Мисалы, майлар чоң молекулалуу болгондуктан жана сууда ээрибегендиктен сиңирүү кыйын болот. Ошондуктан майлар ооз менен ашказанда эмес, ичке ичегиде сиңирилет.

Мына ушул этапта дененин эки органы –уйку бези менен боор- ишке киришет. Бул эки орган ичке ичегинин ичине бир канал аркылуу эки атайын суюктукту жөнөтүшөт.

A. Closed stomach mouth (pylorus)

B. Closed pyloric valve

C. Pyloric valve slowly opens

Боор ашказандын майларды майдалай албаганын билет. Ошондой эле, майларды майдалай турган атайын суюктуктун химиялык формуласын да билет. Майлуу тамактардын ичке ичегиге жеткен убактысын да билген боор эң керектүү убакта, эң туура жерге даярдап, чогултуп койгон атайын суюктукту коюп жиберет.

Өт суюктугу деп аталган ал суюктук майларды майдалап эле тим болбойт. Майдаланган майлардын ичке ичегиден сорулушуна да көмөк көрсөтөт. Мындан тышкары, ичегилердин витаминдерди сорушуна шарт түзгөн атайын химиялык кошулмаларды да курамында алып жүрөт. Ал тургай, ошол эле учурда ичегинин ичиндеги зыяндуу бактерияларды өлтүрүүчү бир антисептик.

Өттүн милдети – ашказандан ичке ичегиге келген тамак аралашмасындагы майларды бир алдыңкы процесстен өткөрүү. Бул процесс уйку бези суюктугунун натыйжалуулугун жогорулатат. Ичинде ар кандай ферменттери бар уйку бези суюктугу майлардан тышкары, крахмал менен белоктордун сиңирилишине да көмөкчү болот. Ичке ичегинин ички бетин каптаган былжырда да көптөгөн майда секреция бездери бар. Ал бездер чыгарган ичеги суюктугундагы ар кандай ферменттер ал кезге чейин жакшылап майдаланган тамактарды сиңирүүдө маанилүү роль ойнойт. Тамак жегенден 3-5 сааттан соң ичке ичегидеги тамактардын көпчүлүгү майдаланган болот. Натыйжада углеводдор жөнөкөй канттарга, белоктор аминокислоталарга, майлар болсо глицерин менен май кислоталарына бөлүштүрүлүп, сорууга даяр абалга келет. Ичке ичегидеги соруучу клеткалар сорууга даяр болгон тамак-аш молекулаларын кармап, сорушат. Андан соң ал азыктарды кан айланууга өткөрүшөт.

Тамак-аштар ичке ичегиден чыгып баратканда ичинде суудан тышкары, эч кандай азык калбайт. Бүт азыктар соруп алынган болот.

7. Тамак сиңирүүдө акыркы кадам: ичегилер.

Ичегилерди күтүп турган коркунуч «кислота»

1. Choledoch duct
2. Pancreas
3. Duodenum

Жогоруда да айтылып кеткендей, ашказандагы тамак сиңирүү кислоталар тарабынан жүргүзүлөт. Б.а. ашказандан ичегилерге келген азык боткосунун ичинде өтө күчтүү кислоталар болот. Бул он эки эли ичегиге да олуттуу коркунуч туудурат. Ичегилер бул кислотадан жабыркашы мүмкүн, себеби он эки эли ичегинин ашказандай өзүн коргой турган атайын бир катмары жок.

Анда кантип он эки эли ичеги кислоталардан жабыркабайт?

Бул суроонун жообун табуу үчүн тамак сиңирүү учурундагы окуяларды изилдегенде, денебиздеги кереметтүү окуяларды көрөбүз.

Он эки эли ичегиге ашказандан тамак-аштар менен бирге келген кислоталардын көлөмү кооптуу бир деңгээлге жеткенде, ичегинин капталындагы клеткалардан «секретин» аттуу бир гормон чыгарылып баштайт. Бул процесстер жөнүндө токтолуп кетүү керек болгон жагдайлар бар. Эң биринчиден он эки эли ичегини коргогон секретин гормону ичке ичегинин ичиндеги клеткаларда «просекретин» абалында болот. Ал гормон сиңирилген тамактардын кислоталык таасири менен башка бир химиялык затка, секретинге айланат жана ал гормон уйку безине сигнал жөнөтүп секрециялардын зыяндуу таасирин жойот.33

Секретин гормону канга аралашып, уйку безине келип, фермент чыгаруу үчүн уйку безин жардамга чакырат. Он эки эли ичеги коркунучта калды деген кабарды алган уйку бези бикарбонат молекулаларын ал аймакка жөнөтөт. Ал молекулалар ашказан кислотасынын таасирин жоюп, он эки эли ичегини коргойт.

Адам өмүрү үчүн өтө маанилүү бул процесстер кантип ишке ашат? Ичеги клеткаларынын аларга керектүү заттын уйку безинде бар экенин билиши, ашказандан чыгарылган кислотанын формуласын бузуп, таасирин кантип жойоорунан кабардар болушу, уйку безин иштете турган заттын формуласын билиши, ошондой эле уйку безинин ичегиден келген кабарды түшүнүп фермент чыгарып баштай турган түшүнүктө болушу; булардын баары ойлонууну талап кылган процесстер.

8. Ичке ичеги (Тамак сиңирүү процессиндеги акыркы баскыч).

Жеген бүт тамак-аштардын сиңирилиши ичке ичегиде аяктайт. Бирок тамак сиңирүүдөгү акыркы этап – бул сиңирилген продукттардын денеде керектүү жерлерге таратуу үчүн сорулушу. Тамак сиңирүү системасынын бөлүктөрүнөн ооз менен ашказандагы сорулуу өтө аз. Соруу иши толугу менен ичегилерде жасалат. Ичке ичегинин түзүлүшү сорууга өтө ыңгайлуу.

Ичке ичегинин ички бети абдан одур-бодур бир түзүлүшкө ээ. Ал одур-бодурлардын бетинде болсо микроскопиялык насостор жайгашкан. Ал насостор соргуч клеткалар. Мына ошол клеткалар денеге керектүү азыктарды кармап, тиешелүү кан тамырларга айдашат.

Денеңизге эмне керек болсо ошол кичинекей насостор аны билет. Мээ клеткаларыңызда колдонула турган майдаланган кант, же булчуң клеткаларыңызда колдонула турган бир аминокислота... Бул кичинекей насостор акылмандык менен сизге керектүү азыкты таап, кармайт. Сиз буларды окуп жатканда да миллиарддаган насостор сиз муну окушуңуз үчүн керектүү болгон азыктарды керектүү жерлерге айдап жатат.

Ичегилердин ичиндеги бүктөлүштөр жана ал бүктөлүштөрдүн бетиндеги микро насостор натыйжасында ичке ичеги өтө чоң бир аянтка ээ. Бойго жеткен бир адамдын ичегисинин жалпы аянты болжол менен 300 м2ка жетет. Бул болжол менен эки кичине теннис кортунун жалпы аянтына туура келет.34

 

Азыктарды сиңирүү ошол кеңири аянтта жүрөт. Азыктар майдаланып алгач бир аралашма боткого айландырылат. Анан ал ботко ичегинин ички бетине бир да чекит калтырылбай, өтө ичке катмар кылып жайылат. Натыйжада клеткалар тамактардын ичиндеги бүт азыкты оңой эле соро алышат.

Ичке ичегинин өтө өзгөчө бир функциясы, ал кээ бир заттарды дененин муктаждыгына ылайык гана сорот. Мисалы, темирдин ашыкча болушу денеге зыяндуу. Белгилүү бир деңгээлден ашыкча көлөмдө ичегилерге келген темир эч сорулбай ичегилерден чыгарып салынат.

1. Small intestine 2. Furry protrusion 3. Epithelium 4. Submucosa5. seroza 6. Mucosa 7. Nerve network 8. Intestinal gland

 

Антпесе өтө оор жана өлүмгө себеп боло турган оорулар келип чыгат.

Мындан тышкары, мурдакы бөлүмдөрдө айтылгандай ичегинин атайын бир бөлүгүндө болсо бир гана B-12 витаминин соруу үчүн даярдалган клеткалардан турган аймактар болот. Операция менен ичегилеринин ошол аймагы алып салынган кишилер медициналык дарылоодон өтпөсө, кан жетишсиздигинен көз жумушат.

Ичегилердеги клеткалардын тандап сиңирүүсү терең ойлонууну талап кылган, Аллахтын улуулугун түшүнүүгө себеп болчу бир жагдай. Ичегилер турган жер адам денесиндеги караңгы бир аймак. Ал органдарыбыздын мээси жок, заттарды айырмалай турган акылы жана маалыматы жок. Бирок анткен менен адамга эмненин пайдалуу, эмненин зыяндуу экенин айырмалап, ошого жараша керектүүлөрдү алып, керексиздерди денеден чыгарып салат.

Бир адам үчүн химиялык заттарды, минералдык туздарды же металл чаңчаларын айырмалоо дээрлик мүмкүн эмес. Бул багытта таалим албаган бир адам көзү менен карап темирди цинктен айырмалай албайт. Кайсы заттын пайдалуу, кайсысынын зыяндуу экенин, ошол учурда денесинде кайсынысына канчалык муктаждык бар экенин да биле албайт. Адам бул заттардын арасындагы айырманы биле албайт, бирок ал адамдын ичеги клеткалары муну оңой эле түшүнөт.

9. Жоон ичегидеги бактериялар (Инсан үчүн иштеген бактериялар).

Ичегилердеги тамак-аштардын көпчүлүгү жоон ичегилерге келгенге чейин соруп алынат. Бирок кээ бир өзгөчө азыктар жоон ичегиде сорулат. Алардын арасында эң кызыктууларынын бири – бул K витамини.

K витамини – кандын уюу механизминде кызмат кылган, жок болсо адамды өлүмгө алып барчу натыйжаларга себеп болгон өтө маанилүү бир витамин. Бирок K витамини табиятта адам денесине керектүү формада кездешпейт. Адам денеси бул витаминди өзү колдоно ала турган абалга алып келиши, б.а. кандайдыр бир мааниде «кайра иштетип чыгышы» керек.

Бирок адамдын зат алмашуусу мындай кайра иштетүү процессин да жасай албайт. Андай болсо кантип адамдар K витамини жетишсиздигинен улам көз жумушпайт? Ал витаминди адам колдоно турган абалга алып келген, ал үчүн иштеп чыккан механизм кандай?

Бул суроонун жообу өтө таң калыштуу бир чындыкты көрсөтөт. Ичегилердеги атайын бактериялар K витаминин бир катар процесстен өткөрүп, иштеп чыгат жана адам колдоно ала турган абалга алып келет. Ал бактериялар тарабынан иштеп чыгылган K витамини жоон ичегиден сорулуп, канга аралашат.

Адам денесинде K витаминин иштеп чыккан бактериялардын болушу сөзсүз ойлонууну талап кылган бир жагдай. Бактериялардын дал керектүү жерде болушу, кайра иштетүү ишин жасай турган генетикалык кодго ээ болушу өтө маанилүү көрүнүштөр. Адам өмүрүн улантуу үчүн бар экенинен да кабарсыз болгон, ал тургай, атын да билбеген кичинекей бир бактерияга муктаж болушу да өзүнчө бир керемет. Эч кандай кокустук бир бактерияны пайда кылып, болгондо да аны адамдын ичегилерине жайгаштырып, ал бактериянын генетикалык кодун адамга пайдалуу иштерди жасай турган кылып койо албайт.

ǀǀ бап Тамак сиңирүү системасынын паталогиялык оорулары.
Акыркы мезгилде гастрит оорусунан жапа чеккен бейтаптардын саны гана арбыбастан, жашы да жашарып барат. Натыйжада, бүгүнкү күндө гастрит оорусу актуалдуу көйгөйгө айланууда. Бул дарттын келип чыгуусу жана андан сактануу тууралуу кенен маалыматка көңүл буруңуз.



2018-07-06 427 Обсуждений (0)
Майдалануу уланууда... 0.00 из 5.00 0 оценок









Обсуждение в статье: Майдалануу уланууда...

Обсуждений еще не было, будьте первым... ↓↓↓

Отправить сообщение

Популярное:
Почему двоичная система счисления так распространена?: Каждая цифра должна быть как-то представлена на физическом носителе...
Как распознать напряжение: Говоря о мышечном напряжении, мы в первую очередь имеем в виду мускулы, прикрепленные к костям ...
Почему человек чувствует себя несчастным?: Для начала определим, что такое несчастье. Несчастьем мы будем считать психологическое состояние...



©2015-2024 megaobuchalka.ru Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав. (427)

Почему 1285321 студент выбрали МегаОбучалку...

Система поиска информации

Мобильная версия сайта

Удобная навигация

Нет шокирующей рекламы



(0.01 сек.)