Мегаобучалка Главная | О нас | Обратная связь


Гастрит эмнеден улам пайда болот?



2018-07-06 1004 Обсуждений (0)
Гастрит эмнеден улам пайда болот? 0.00 из 5.00 0 оценок




Адамдын организми үчүн ашказан өтө маанилүү орган. Анын ичиндеги ыйлаакча чел кабыктары 1-2 литрге чейин шире бөлүп чыгарат. Анын жардамы менен адам жеген тамагын аш кылат. Эгерде адам ашказан оорусу менен жабыркаса, шире азайып олтуруп тамакты иштете албай калат. Мындай оорунун пайда болушу нерв системасына байланыштуу. Стресстик абалга көп кабылганда, туура эмес тамактанып, тамакты өтө ысык же муздак ичкенде, убагында тамактанбай режимди бузуп бирде ачка жүрүп, бирде ашыкча жегенден, алкоголдук күчтүү ичимдиктерди ичип, тамекини көп тарткандан улам бул дарт келип чыгат. Кээде адамдар ооруга байланыштуу узакка дары ичкендиктен, химиялык заттарды, уксус, жегич кислоталарды байкоосуздан жутуп алган учурларда гастрит пайда болот. Убагында дарыланбаган гастрит жарага айланып кетет.

«Хеликобактер» инфекциясы гастритти таратат

Эски ыкмада диетаны кармабай койгондо, ысык же муздак ичкенде жана тамактануу режимин бузганда гастрит пайда болот деп келсе, акыркы жылдары ашказан оорусун козгой турган «хеликобактер» деп аталган инфекция гастритти пайда кылат деп айтып келишет. Ал инфекция ашказандын ичиндеги былжырлуу челде жашап заң, шилекей аркылуу сыртка чыгып, адамдан адамга жугат. Мисалы, бир идишти бир эле учурда бир канча адамдын колдонуусунан улам тарайт. Ал адамга жуккандан кийин ашказанга келип түшөт да, аны сезгентип гастрит оорусун пайда кылат.

Гастриттин түрлөрү:
курч жана өнөкөт гастрит

Гастрит капысынан же бир канча айлардан кийин пайда болуучу деп экиге бөлүнөт. Курч гастрит тез аранын ичинде пайда болуп, кыска убакыттын ичинде өтүшүп кетет. Өнөкөт гастрит акырындык менен айлап же жылдап пайда болот.

Гастрит учурунда кайсы пайдалуу?

Гастрит учурунда пайдалуу тамак-аштар

Нан

Буудай унунан жасалган нан

Эт

Майлуу эмес сулп эттер

Май

Туздуу эмес майлуулугу аз май

Ун азыктары

Кайнатылган макарон, кургатылган нан

Сүт азыктары

Сүт, айран, кефир, быштак, кургак сүт, каймак

Суусундуктар

Ширелер, сүт чай, компот

Гастритти алдын алуу үчүн кандай тамактануу керек?

Бир күндө бир канча ирет

3-5 даана өсүмдүк же жашылча жемишин жеш керек

3-5 жолу дан өсүмдүгүнөн жасалган нан

2-4 чыны көк же кара чай же сабиздин ширесин ичүү зарыл

Тамакка кошулуучу жашылчаларды ченемсиз түрдө колдонуу керек

Жумасына бир канча ирет

1-2 жумуртка же табигый сыр, тоок жана малдын этин кабыл алуу

2-6 жолу балык (треска, лосось жана сардина) жеш керек

1-2 жолу өсүмдүк (жаңгак, оливка жана күн карама) майларын кабыл алуу керек

2-3 жолу макарон тамактарын жеш керек

Кээде

Бир канча даана курамында какао кошулган шоколад жегенге

Бир рюмка вино ичип коюга болот.

Эскертүү: Дүүлүктүрүүчү ачуу, кычкыл, куурулган жана майлуу тамактардан качуу керек.

11. Ашказан рак оорусу - Кыргызстанда биринчи орунда турат
Онкологиялык ооруларга чалдыккандардын саны Кыргызстанда жыл сайын өсүүдө. Буга себеп коомдук турмушубуздагы оор кырдаалдар. Акыркы 20 жылдагы жумушсуздук, социалдык тармагыбыздын оорчулугу, экономикалык, саясий туруксуздук дагы кыргызстандык жарандардын ден-соолугуна түздөн-түз өз таасирин тийгизүүдө. Экологиялык тазалыктын жоктугу, тамак-аштын сапатсыздыгы да буга себеп болууда. Дарыгерлер акыркы жылдары онкологиялык оорулардын ичинен ашказан рагы менен кайрылгандардын саны көбөйгөнүн баса белгилешти.


Ашказан рагынын пайда болушу

Ашказан рак оорусунун көбөйүшү сапатсыз, таза эмес тамак ичкенден, өп-чап курсак тойгузуу менен ачка жүрүүдөн, өз убагында саламаттыгын текшертип турбагандыктан келип чыгат. Ашказан рагынын күчөшүнө өнөкөт гастрит оорусу, язва, аз кандуулук, иммундук системалардын алсыздыгы рактын өсүшүнө жол түзөт. Ашказан рагынын пайда болуу себептери медицинада толугу менен так изилденип чыга элек. Бирок, пайда болуунун бир нече жолдору аныкталган. Мисалы: нитриттер жана нитраттардын ашказанга түшүшү рактын пайда болушуна алып келет. Бул химиялык заттын негизги булагы адамга 89% жер жемиштер аркылуу кирет. Жер жемиштерде нитриттер менен нитраттар алардын өстүрүү жолдоруна жана түрүнө жараша кездешет. Ошондой эле нитраттар туздалган азык-түлүктөрдө, сырада, башка алкоголдук ичимдиктерде, козу карындарда кеңири таралган. Ал эми тамак-аштан сырткары нитраттар менен нитриттер организмге тамеки чегүүдөн жана косметика менен кирет. Көпчүлүк окумуштуулар бир нече изилдөөдөн соң алкоголдук ичимдиктердин бардыгы ашказан рагын пайда кылууга түздөн түз таасирин тийгизет деп баса белгилешкен.
Биринчи белгилери.
Ашказан шишиги менен жабыркаган адамдын алы кетет, бат чарчайт, жумушка болгон активдүүлүгү начарлайт, арыктайт жана табити жоголот. Тамак жегенден кийин ашказандын оордугу сезилет да, кускусу келет, ичи өтүп, же тескерисинче ичи катыйт. Ичтин көлөмү да өзгөрүлүшү мүмкүн. Эгер шишик чоң болсо анда ашказандын жогору жагы оорутушу ыктымал. Окумуштуулардын бир нече изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында аз кандуулук жана гастрит оорусу ашказан шишигине алып келери анык болгон. Рак менен жабыркаган оорулуулардын 1-10% аз кандуулук жана 10% гастрит, ашказан жарасы менен жабыр тартышкан. Рактын пайда болушуна гастрит оорусунун деңгээлине жараша болот. Гастритте ашказан ширесинин азайышы менен микробдор көбөйө баштайт да бара-бара ракка алып келери белгилүү болгон.
Химиятерапия-
убактылуу жардам
берет
Кандайдыр бир себептерден улам операция жасалбай калган учурда химиятерапия жүргүзүлөт. Мындай учурда химиятерапия ашказан шишигин толугу менен айыктырбайт. Ал шишиктин өсүшүн токтотуп, көлөмүн кандайдыр бир деңгээлде кичирейтиши мүмкүн. Химиятерапия аркылуу шишикти толугу менен жок кылган учурлар чанда гана кездешет. Мындай метод организмге терс таасирин тийгизбейт. Ал бейтаптарга өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк түзөт. Химиятерапия аркылуу оорулуулар арыктоо жана башка маселелери чечилиши мүмкүн.
Эки шишик
Ашказанда шишик оорусу зыяндуу жана зыянсыз болуп экиге бөлүнөт. Зыяндуу шишиктер татаал жана ага кылдаттык мамиле кылууну талап кылат. Ал эми зыянсыз шишиктер көп оорутпайт, адамдын тынчын албайт. Ашказанда жүрө бериши мүмкүн. Операция кылган соң бат эле айыгып кетет.

 


Сүйүтбек Дөөлөтбеков, Улуттук онкология борборунун абдоминалдык жана жалпы онкология бөлүмүнүн башчысы:
"Рактан арылууга мүмкүнчүлүктөр арбын"
- Онкологиялык дарттарга кабылгандардын саны өсүшүнө эмне себеп болууда?
- Биздин онкологиялык бөлүмдө ашказан, боор, уйку без, шишик, сөөк оорулары менен республиканын бардык аймактарынан келип кайрылышат. Алыскы аймактагы ооруканаларда дарыгерлер диагноз кое албай кыйналган учурда бизге жөнөтүшөт. Учурда Кыргызстанда тилекке каршы өнөкөт, өтүшкөн оорулар менен жабыркагандардын саны өсүп кетти. Өзгөчө ашказан рагы көп кездешүүдө. Ал башка шишик ооруларга салыштырмалуу биринчи орунда турат. Жалпы онкологиялык ооруларынын пайда болуусун илимде далилденгендей химиялык заттар, углеводдор, жана радиация себеп болот. Ал клеткалардын өзгөрүшүнө, мутацияга алып келет. Генетикалык факторлор да таасирин тийгизет. Эгер ата-бабаларында шишик оорулары кездешкен болсо анда ал кийинки муунга да өтүшү мүмкүн.
Онкологияда ашказан шишигинин пайда болуу себептери өтө көп. Алардын ичинде ашказан өнөкөт оорулары. Мисалы гастриттин түрлөрү, ар кандай жаралар "язва желудка" деп коебуз же палит оорусун убагында дарылабагандыктан ашказандын ички катмары өзгөрө баштайт да акырындан рак оорусуна өтүшү мүмкүн. Андан сырткары өлкөдө болуп жаткан окуялар, мисалы, өткөн жылдагы 7-апрелдеги окуялар, Ош, Жалал-Абаддагы кандуу окуялардын бардыгы адамдын психологиясына терс таасирин тийгизип, стресс абалына алып келди. Албетте, ал нерв системасынын бузулушу аркылуу, ден-соолуктун начарлашынын башкы фактору болуп эсептелинет.
- Ал эми ашказан рагын кандай жолдор менен аныктоого болот?
- Ашказан рагы экенин аныкташ үчүн гастроскопия деген аппаратыбыз аркылуу текшеребиз. Оорулуу бул аппаратты жуткан соң, ашказанды көрүүгө мүмкүнчүлүк болот. Андан тышкары рентгенге тартып билсек болот. Булар негизги текшерүү болуп эсептелинет. Эгер бейтап оорунун башталгыч убагында кайрылса биз айыктырып берүүгө толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ашказан гастрит оорулары болгондо ооруйт. Ашказан ооруганда эле рак оорусу башталды деп ойлобош керек. Ашказандын рагы болгондо мурунку ооруларга салыштырмалуу, адаттагыдан да күчтүү ооруйт. Мүнөзү башкача боло баштайт. Алы кетип шалдырайт. Жумушка болгон каалоосу начарлайт. Эл менен көп сүйлөшкүсү келбейт, өзүнчө бөлүнө баштайт. Кан азайып, гемоглобин төмөндөйт жана арыктайт. Ушул белгилер байкалып калса дарыгерге кайрылуу зарыл. Ошондо биз текшерип көрүп шишиктин биринчи башталышы менен күрөшүп баштайбыз.
- Дарылоо жолдору кандай?
- Ракты бир гана операция жолу менен дарылоого болот. Операция жасоодо кээде ашказандын жарымын же толугу менен алып койгон учурлар да кездешет. Эгер ашказандагы шишик жанындагы органдарга өтүшүп кеткен болсо, коңшу жайгашкан органдарды да алууга туура келет. Кээде ашказан менен биргеликте уйку безди же боорду алып салабыз. Биздин практикада рак оорусуна операция жасоодо 11 органга чейин кесип алган учурлар болгон. Азыр мурда көп жасалбаган операциялар акырындап жасала баштады. Кээде амплуатация кылган учурлар да болот. Өкүнүчтүү жагы, оорулуулар баштапкы стадиясында кайрылбай, көр оокаттын азгырыгы менен ден-соолугун экинчи планга коюшуп, кеч кайрылып жатышкандыгында. Азыр бизге үчүнчү же төртүнчү стадиясында келишип, дарылоо жакшы эффект бербей жатат.
- Ашказан рак ооруларын алдын алуу боюнча мекендештериңизге айтар кеңешиңиз?
- Күнүмдүк оокатка, турмуш-тиричиликке алаксып жүрө бербей, адам өзүнүн ден-соолугун алдыга коюшу керек. Ар адамдын саламаттыгы өзүнүн колунда. Азыркы заманда ар бир адамдын ден-соолугу - бул үй-бүлөнүн байлыгы. Андыктан ден-соолукка кайдыгер болуп, оору-сыркоону өз убагында текшертпей, медициналык кароодон өтпөй жүрө бербегиле деп айтамын. Азыр техника өнүгүп келатат, ар бир райондо УЗИ аппараты бар, жыл сайын текшерилип, рактын белгилери байкалса, өз убагында дарылануу керек. Андан арылууга мүмкүнчүлүктөр арбын. Рак десе эле, "аа, мен бүтөт экемин" деген кыска ойдон алыс болушубуз керек.

 

12. Ичеги инфекциялары — ооз аркылуу жугуучу, козгогучтары (негизинен бактериялар, вирустар) ичеги карында көбөйүп, бөлүнүп чыккан заттар менен сырткы чөйрөгө таралуучу жугуштуу дарттар. Аларга мисалы, дизентерия, ич келте, паратиф, вирустуу гепатит сыяктуу кеңири таралган оорулар кирет.

 

 



2018-07-06 1004 Обсуждений (0)
Гастрит эмнеден улам пайда болот? 0.00 из 5.00 0 оценок









Обсуждение в статье: Гастрит эмнеден улам пайда болот?

Обсуждений еще не было, будьте первым... ↓↓↓

Отправить сообщение

Популярное:
Почему человек чувствует себя несчастным?: Для начала определим, что такое несчастье. Несчастьем мы будем считать психологическое состояние...
Почему люди поддаются рекламе?: Только не надо искать ответы в качестве или количестве рекламы...



©2015-2020 megaobuchalka.ru Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав. (1004)

Почему 1285321 студент выбрали МегаОбучалку...

Система поиска информации

Мобильная версия сайта

Удобная навигация

Нет шокирующей рекламы



(0.011 сек.)