Мегаобучалка Главная | О нас | Обратная связь


Козгогучтардын булагы.



2018-07-06 477 Обсуждений (0)
Козгогучтардын булагы. 0.00 из 5.00 0 оценок




Козгогучтардын булагы — оорулуу же бактерия алып жүрүүчү кишилер, ал эми сальмонеллёздор пайда кылган жана адатта тамак-аштан ууланган сыяктуу оорулар айбандардан (үйдө багылган малдан, сууда сүзүүчү канаттуулардан) жугат. Микроорганизмдер бөлүнүп чыккан заттар менен сырткы чөйрөгө таралып (жер кыртышында, сууга, жашылчаларга, үй эмеректерине), чөйрөнүн шартына (температурасына, нымдуулугуна жана башка) жараша бир нече күндөн бир айга чейин жашай берет. Кээ бир азыктарда (сүт азыктарында, килкилдекте, фаршта жана башка) ыңгайлуу температурада алар тукумдап көбөйөт. Ал кир кол, үй-тиричилик буюмдары (сүлгү, оюнчук, идиш- аяк жана башка) аркылуу жугат. Тамак-аш азык- тары, көбүнчө жуулбаган жашылча, кайнатылбаган сүт, чала бышкан же куурулган эт жана ошондой эле ачык көлмөдөгү сууну кайнатпай ичүү же булганч көлмөгө түшүү оору жуктуруунун бирден-бир жолу болуп эсептелет. Жайында чымын ооруну таратууда белгилүү роль ойнойт.

 

Ичеги-карын дарттарынын клиникалык белгилери ар түрдүү.

Дизентерия болгон адам тамакка табити тартпай, башы, булчуңдары ооруп, алы кетет. Эти ысып, тез-тез ичи өтүп, бурап ооруйт, көбүнчө ириң, кан аралаш өтөт. Кээде жеңил ич өткөк түрүндө да өтүшү мүмкүн. Мындай учурда заңды бактериологиялык текшерүү менен гана диагноз коюуга болот. Жеткире дарыланбаган учурда Д. өнөкөт түрүнө өтүп кетиши мүмкүн, ошондуктан анын алгачкы белгилери билинер замат врач чакыруу зарыл. Адатта оорулуу ооруканага жайгаштырылат, бирок оору жеңил өтсө, үй шарты ыңгайлуу болсо (үйдө бала бакчага, яслиге бара турган балдар, ошондой эле тамак-аш жана ага байланышкан мекемелердин кызматкерлери жок болсо) үйдө дарыланууга уруксат берилет. Оорулуу үйдө дарыланса анын идиш-аяк, шейшептерин жана башка буюмдарын бөлүп коюп, үйдөгүлөрдөн оолак кармоо керек. Оорулууну баккан адам колун самындап таза жууп турууга тийиш. Бөлмөдө чымын болбошу керек. Оорулууну тез-тез жана аздан тамактандыруу зарыл; сүт, капуста, эт жана балыктын сорпо- сун, майлуу, куурулган жана татымалдары өткүр тамак-аш берүүгө болбойт. Тамак-аш суудан болуусу тийиш (эзиле бышкан күрүч, манна боткосу, эзилген быштак, үч күндүк кефир, илешкек сорполор). Мындай мүнөздөп тамак ичүү врачтын уруксаты менен гана өзгөртүлөт. Тамакты мүнөздөп ичүүнү 2 айдан кем эмес сактоо зарыл.

 

Ичкелтеде.

Ичкелтеде температура акырындап көтөрүлүп, бир нече күндүн ичинде 39—40°Сге жетет. Башы ооруп, уйку качат, ич катат же өтөт, эстен танышы да ыктымал. 8—10 күндөн кийин кызамык пайда болот. Оору кабылдап кетиши да мүмкүн.

 

Паратиф.

Паратиф ич келтеге окшош, бирок жеңил өтөт. Ич келте менен ооруп айыккан киши ооруканадан чыккандан кийин 2—3 ай майлуу, куурулган жана татымалы өткүр тамак ичпей, диета сактоосу зарыл. Белок менен витаминге бай, жеңил сиңүүчү азыктар (майсыз эт же балыктан бууга бышырылган тамак-аш, быштак, кефир, жашылча-жемиш) сунуш кылынат.

Ичеги инфекциялары менен ооругандар диспансердик байкоодо болот. Оорунун алдын алуу үчүн өздүк гигиенанын, тамак-аш даярдоо жана сактоо эрежелерин билүү керек, жашылча, мөмө-жемиштерди жакшылап жууп, ачык көлмөлөрдөгү сууну кайнатып ичүү зарыл.

Ич катуу — узакка (48 сааттан ашык) заңдабай калуу; маалы менен ичеги арылбай, кыйналып заңдо ошондой Ич катуу көптөгөн оорулардан, айлана-чөйрөнүн зыяндуу таасиринен, начар тамактануудан келип чыгат.

 

Түшүндүрмөсү.

Дени соо адамдардын заңдоосу алардын тамактанышына, жашоо шартына жана көнүмүш адатына жараша ар кыл болот. Көпчүлүк адамдар суткасына бир жолу заңдашат. Ич катуу көбүнчө аялдарда, улгайган адамдарда кездешет. Ал ичегинин ишин нервдик жөнгө салуу начарлоодон, туура эмес тамактануудан, борбордук нерв системасынын кээ бир ооруларында, кыймылсыздыктан, ичегинин сезгенишинен, жоон ичегинин тубаса начар өөрчүшүнөн (аномалиясынан), механикалык, эндокриндик (калкан сымал, бөйрөк үстүндөгү, жыныс бездеринин) жана психикалык, ошондой эле денедеги туз жана суу алмашуунун бузулушунан жана башка болот. Ич катуунун пайда болушуна шарттуу жана шартсыз рефлекстердин, ички бездердин начарлашынын жана башка факторлордун да мааниси чоң. Ал өз алдынча оору же башка оорунун белгиси болушу мүмкүн. Анын катуу кармаган жана өнөкөт түрлөрү бар. Тамактануунун бузулушунан Ич катуу көп кезигет. Ага узак убакыт бир түрдүү тамактануу, аз кыймылдоо жана тиштин начарлыгы, суюктукту аз ичүү себеп болот.

 

Белгилери.

Ич катуунун белгилери өтө ар түрдүү. Ал оорунун себептерине жана өөрчүшүнө жараша болот. Кээ бирөө 3—4 күндө бир заңдаса, кээ бирөөнүкү жумалап созулат, ал эми кээ бир учурда жарым айлап барат. Кээде күнүгө заңдаган менен заң кыйналып, аздан чыгат да, адам канааттанбай, кандайдыр бир мүчүлүштүк сезилип турат. Ич катууда заң катуу, кургак, койдун корголундай болуп чыгат, ич ооруйт же көөп чыгат; адамдын иреңи кубарып, саргыч тартып, тил кургап, көөнөрүлөнүп турат, көңүлү чөгүп, тамакка табити тартпай, уйкусу качып, чыйрыгып, буту-колу чымырайт. Кээде жүрөк дикилдеп, демигет.

 

Дарылоо.

Дарылоо негизги себептерине жараша жүргүзүлөт. Эгер туура эмес тамактануудан болсо азык заттын мүнөзүн өзгөртүү зарыл. Тамактын составында бүкүлү клетчаткалар көп болуп, суюктукту көп (1,5—2 л) ичүү талапка ылайык. Ич алууну күчөтүүчү тамак-аштар: кымыз, ачыган айран, жемиш ширеси, кесек ундан бышырылган нан, кара өрүк, кургатылган жемиш кагы жана башкалар сунуш кылынат. Маалы менен заңдоону адатка айландыруу жакшы. Ич катууну дарылоодо өтө кылдаттык керек. Жоон ичегиге түрдүү дары чөптөр менен микроклизмалар жасаса болот.Витамин менен дарылоо, психотерапия, айыктыруучу физкультура сунуш кылынат. Жалал-Абад, Жермук, Боржоми, Ессентуки жана башка курорттордо дарыланса болот.

 

Алдын алуу.

Ичтин катышын алдын алуу ар кимдин колунан келет, ал адамдын жашоо шартына тыгыз байланыштуу. Баланы дайыма бир убакта күлтүккө отургузуу, заңдоо учурунда оюнчук же сөзгө алаксыбоосуна көз салуу керек. Кызыктуу ишке алаксып заңдоону токтотуу туура эмес. Дааратканада отуруп окууга же тамеки тартууга болбойт. Бирдей убакытта тамактануу, эртең менен жакшылап тамак ичүү, ар дайым тамак-аш рационуна жашылчаларды (сабиз, кызылча, туздалган же чийки капуста, помидор, бадыраң, баклажан, кабак, ашкабак, гүлдүү капуста), мөмө-жемиштерди (өзүн же алардын маңызын), сүт, айран азыктүлүктөрүн, өсүмдүк майын, бал кошуу зор мааниге ээ. Айрым азык заттар (күрүч, быштак, курма, анар, кара мөмө, ачуу татымалдар) жана спирт ичимдиктери Ич катуунун пайда болушуна жана анын өөрчүшүнө алып келет. Ар күнү эртең менен курсакка күч келтирүүчү көнүгүүлөрдү жасоо, жүгүрүү, жөө же велосипедде жүрүү, олтуруп иштегендер дене-бойду жазылтуучу көнүгүүлөрдү жасоосу ичегинин нормалдуу иштешине шарт түзөт.

Ич көбүү (метеоризм) — ичегилерде газдын ашыкча чогулушу.

Соо кишинин карыны менен ичегисинде бир аз газ болот. Ал ичегинин тонусу жана жыйрылуусу (перистальтика) үчүн керек. Газ карынга абаны көп жутканда келет (кара Аэрофагия) жана ичегиде химиялык реакциянын, ферменттик процесстердин негизинде пайда болот. Газдын өлчөмү тамактын мүнөзүнө, кишинин кыймылына жана башка жараша болот. Углеводу көп тамак (буурчак, фасоль, кара нан жана башка) менен тамактанганда дени соо кишилердин да ичи көбүшү мүмкүн.

Ич көбүү көп оорулардын (ич катуу, невроз, колит, перитонит, ичегинин буралыш жана башка) белгиси болушу мүмкүн. Гастрит, панкреатит, холециститте да ич көбөт. Кишинин нормадагы микроб флорасы (кара кишинин микробдуу флорасы) бузулганда ичегиде ириңдөө жана ачуу процесси жүрүп, газдын бөлүнүшүн күчөтөт. Ич көбүүдө ич курулдайт, толгоп ооруйт, кекирет, ыктытып, газ чыккандан кийин оору басылгансыйт, кээде ич өтөт, кайра ич катат.

Ич көпкөндө врачка кайрылуу керек. Дени соо кишинин ичи көпсө атайын дарылоонун кажети жок. Тек гана тамактанууда жаңы нанды, таттууну, буурчак, картошка, газдуу суусундуктарды азыраак, белоктуу — эт, балык, быштак, жумуртка жана башка азыктар пайдалануу сунуш кылынат. Ич көбүүдө себебине жараша ар кандай газ чыгаруучу дарыларды колдонуп, негизги ооруну дарылоо керек.

Ич көбүүнү алдын алууда тамактануу режимин сактоо, физкультура жана спортко катышуунун мааниси чоң. Жүрөк-кан тамыр оорулары, айрыкча стенокардия менен ооругандар Ич көбүүгө өтө маани бериши зарыл. Себеби газдан ичеги көөп, жүрөктүн кан тамырларынын спазмына түрткү болот.

 

Корутунду.

ǀ бап

Адам баласы денедеги жашоо процесстердин уланышы, башкача айтканда органдардын иштеп, клеткалардын жаңыланышы үчүн керектүү болгон негизги заттарды ар кандай тамак-аш жана суусундуктарды кабыл алат. Бирок жеген ар бир тамак, мисалы эттин, нандын, жашылча-жемиш же мөмөлөрдүн негизги заттарга бөлүнүшү жана денеде колдонууга боло турган абалга келиши үчүн түп-тамырынан өзгөрүшү, б.а. сиңирилиши зарыл.

Тамак сиңирүү системасы – жаныбарлар менен кишинин тамак сиңирүүчү органдарынын тобу. Көпчүлүк жаныбарда эки тешикти – азык кабыл алуучу ооз жана сиңбей калган калдыкты сыртка чыгаруучу арткы тешикти бириктирүүчү түтүктөн турат. Жөнөкөйлөрдө тамак сиңирүү клеткада, көп клеткалууларда айрым клеткаларда өтөт. Омурткасыздарда өтө ар түрдүү. Ичеги көңдөйлүүлөрдө энтодерма менен капталган көңдөйү ооз тешиги менен гана сыртка ачылат. Жалпак курттарда энтодермалуу – ортонку ичегиси жана эктодермалуу кулкуну бар; арткы тешиги жок. Немертин жана алгачкы көңдөйлүү курттарда ж. б. омурткасыздарда алдынкы жана ортонку ичеги жана катуу эктодермалуу арткы тешиктүү түз ичегиси болот. Моллюскалардын тамак сиңирүү системасы мүйүздүү жаактары, майдалагыч радула, шилекей бездери, кулкун, кызыл өңгөч, карын, боор, ичке жана ортонку ичегиси, ал эми баш буттуу моллюскалардын уйку бези болот. Муунак буттуулардын тамак сиңирүү системасы татаалдашкан, мисалы, жөргөмүш сымалдардын, көп аяктуулардын курт-кумурскалардын ичегисине бөлүп чыгаруу органы – мальпиги түтүгү, ачылат, жөнөкөй хордалуулардын алдынкы ичегисине бакалоор жылчыгы ачылат. Айрым омурткасыздардын (эндомителер) эвол. процессинде тамак сиңирүү системасы жоголгон. Омурткалуу жаныбарлар менен кишинин Тамак сиңирүү системасы ооз көңдөйү, кулкун, кызыл өңгөч, карын, ичеги, боор, уйку безинен турат. Бакалоор менен дем алуучу омурткалуулардын кулкунунда бакалоор тешиктер болуп, ал азыкты ооздон кызыл өңгөчкө жылдыруудан башка, дем алууга да катышат. Көпчүлүк балыктардын, жерде-сууда жашоочулардын, сойлоочулардын, жырткычтардын жана ылгабай азыктанган сүт эмүүчүлөрдүн карыны – жөнөкөй, айрым балыктардын, куштардын, кепшөөчү сүт эмүүчүлөрдүн, кит сымалдардын карыны татаал түзүлүштө болот.

ǀǀ бап

ТАМАК СИНИРУУ СИСТЕМАСЫНЫН БААРДЫК ООРУЛАРЫН БИЛИП АЛЫНЫЗ!! Тамак сиңирүү системасы - тамак-ашты майдалап, химиялык жана ферменттик жактан ажыратып, алардын маңызын соруп сиңирүүчү жана сиңгенден калган тамак-аш калдыктарын сыртка бөлүп чыгаруучу атайын органдар. Тамак-аш менен келген белоктор, майлар, углеводдор, витаминдер жана минералдуу заттар тамак сиңирүү процессинде сууда эрүүчү бирикмелерге ажырайт. Бул заттар ичеги-карында сиңип, канга, лимфага, андан клеткага, ткандарга өтөт. Тамак сиңирүү системасынын органдары түзүлүшү боюнча бири-бирине байланыштуу, бирок анын ар бири өзүнө тийиштүү милдетти аткарат. Анын узундугу 8-10 м келип, кишинин тулкусунун башынан аягына чейин созулган ичи көңдөй түтүктөн турат. Ирети менен алганда тамак сиңирүү системасы ооз көңдөйүнөн башталат. Андан кийин кулкун, кызыл өңгөч, карын, ичке жана жоон ичегиге өтүп, арткы тешиги менен аяктайт. Ичеги-карынга алардын былжырлуу катмарында жайгашкан майда без клеткаларынын жана тамакты эритип, сиңирүүчү ири бездердин (шилекей бездеринин, боордун жана уйку безинин) зилдери куят тамак сиңирүү системасысын түзүүчү ичеги-карын түтүкчөсүнүн керегеси үч катмардан турат. Алардын эң сырткы катмарын туташтырма ткань, ортоңкусун жылмакай булчуң тканы, ал эми эң ички катмарын былжырлуу кабыкча түзөт. Тамак сиңирүү системасынын оорулары эл арасында кеңири тараган. Бул оорулардын мүнөзү жана таралышы географиялык, социалдык шарттарга, жашоо ыңгайынын тарыхый абалына жана тамактануу өзгөчөлүгүнө, гигиеналык тарбияга, калк маданиятына, саламаттык сактоо ишинин өнүгүү деңгээлине байланыштуу болот. Оорунун себептери жана анын өөрчүшү өтө татаал жана ар түрдүү. Анын пайда болушуна маалы менен тамактанбоо, ачка болуу же ашыкча тамактануу (өзгөчө жатарда), ошондой эле тамакты өтө муздак же ысык ичүү, ыксыз семирүү, өнөкөт аракечтик, өз алдынча дарыларды (аспирин, преднизолон жана башкалар) көп ичип дарылануу жана башкалар себеп болот. Катуу кармаган ичеги инфекция оорулары тамак сиңирүү системасынын органдарын сезгентип, бузуп, түрдүү өзгөрүүлөргө алып келет. Андан оору улам күчөп, кайталанма өнөкөт түрүнө өтүп кетиши мүмкүн. Ичеги инфекциялары (жугуштуу оорулар) атайын мүнөз тамакты (диета), дары-дармек менен дарылоону талап кылат. Сезгенүү оорулары Ич көңдөй органдарынын сезгенүү ооруларынын өзгөчө тобу ичегилердин туруктуу микроб флорасынын же сырттан микробдордун (митенин) дене тоскоолдуктары аркылуу киришине байланыштуу болот (Аппендицит, Перитонит, Парапроктит). Буларга коңшулаш же жакын жайгашкан органдардан жуккан инфекциялар, ошондой эле кан аркылуу пайда болгон сезгенүү оорулары танапташ болот. Мисалы, өттүн инфекциялары боордун ириңдешине, ал эми өтө катуу кармап, жарылып кеткен аппендицит ич көңдөйүн ириңдөөгө алып келет. Ага тамак-аштан жана түрдүү химиялык заттардан уулануу, ошондой эле алкоголдон өнөкөт уулануу, дары-дармекти баш аламан иче берүү да көп учурда себеп болот. Аракечтиктин таасири Боордун циррозу Өнөкөт аракечтик акыры тамак сиңирүү системасынын органдарын бузат (Панкреатит, Гастрит, Боордун циррозу). Алкогольичеги-карындын былжыр челин жана бездерин дүүлүктүрүп, карын маңызынын кычкылдуулугун өзгөртөт, фермент бөлүп чыгаруу касиетин начарлатып, боордун иштешин бузат, витаминдердин жетишсиздигине алып келет. Тамак сиңирүү системасынын жара жана башкалар ооруларынын өөрчүшүндө тамеки тартуу зор таасир тийгизет (Тамеки чегүү). Анткени ал кан тамырларды тарытып, маңыз бөлүп чыгарууну начарлатат, нервдик жөнгө салуу бузулат. Мүнөздөп тамактануу Тамакты мүнөздөп ичүү өзгөчө маанилүү. Кесипти, жынысты, куракты эске алуу менен даярдалган тамак-аш, тамактануу эрежесин сактоо тамак сиңирүү системасынын жакшы иштешине өбөлгө болот (Тамактануу). Тамак-аштын тартыштыгы, сапатынын төмөндүгү, начар даярдалышы, татымалдарды ашкере пайдалануу, узакка ачка болуу, өтө тоюу, тамактануу эрежесинин бузулушу жана башкалар тамак сиңирүү системасынын функцияларын начарлатып, бузат да, көп тараган өнөкөт ооруларга (гастрит, колит, энтерит, гастроэнтероколит, холецистит, панкреатит жана башкалар) түрткү болот. Капа болуу, санаркоо (катуу стресс абалдары) тамак сиңирүү системасынын көпчүлүк ооруларына тикеден-тике алып келери аныкталган. Кээде тукум куума мүнөздө болот. Тамак сиңирүү системасынын органдарынын бирөө ооруса, башкаларына да доо кетет. Мисалы, холецистит менен кошул-ташыл панкреатит, гастрит, энтероколит жана башкалар болушу ыктымал. Кызыл өңгөч оорулары Дисфагия Кызыл өңгөчтүн ооруларынын бири - дисфагияда тамакты жутканда жакшы жылбай, такалып калгандай сезилет. Кээде коюу, нык тамак жутканда, атүгүл суюк тамак араң өтүп, жутуу бузулат. Анын себептери күйүү, сезгенүү, уулануу, шишик, невроздор жана башкалар болушу мүмкүн. Кызыл өңгөч шишигинде, жарасында, сезгенгенде жутуп жатканда төш сөөгүнүн арты ооруйт. Ичкен тамакты кайра кулгуу, чакоо кызыл өңгөчтүн төмөнкү бөлүгүндө пайда болгон тоскоолдуктан улам келип чыгат (ахалазия). Ачуу, кычкыл тамак ичкенде көкүрөктүн кыжылдашы (зарна болуу) карындагы тамакты кызыл өңгөчкө кайра чыгарган учурда болот. Кан кусуу өтө коркунучтуу белги. Ал кызыл өңгөч, карын, боор ооруларында (жара, боор циррозу, шишиктерде), кан тамыр айрылып кеткен учурда (цирроздо) кездешет. Мүнөздөп тамактануу кыйла жеңилдик алып келет, оорунун башталышын консервативдүү, ал эми күчөп кеткенин хирургиялык жол менен дарылайт. Кызыл өңгөчтүн дивертикулу (капталынын айрым бөлүгүнүн дөмпөйүп чоюлушу, кеңейиши) көбүнчө тубаса оору болуп саналат. Башталышында кез-кез жөтөл жана дисфагия болот. Мүнөздөп тамактануу, бат-бат тамак ичүү сунуш кылынат. Ал эми тамактан кийин 1 стакан минералдуу жылуу суу ичүү зарыл. Дары оорунун башталышында гана таасирлүү, ал эми күчөсө аргасыздан операция жасалат. Кызыл өңгөчкө кислота жана жегичтин эритмелери таасир эткенде анын ички былжыр чели химиялык күйүккө дуушарланат. Бул учурда кызыл өңгөчтү токтоосуз сүт же суу менен жууп жиберүү зарыл. Кырсыкка чалдыккан оорулууну тезинен ооруканага жаткыруу ийгиликтүү дарылоонун өбөлгөсү жана кийин анын тарып, тамак өтпөй калышын алдын алуу болуп саналат. Кызыл өңгөчкө тыгылган бөтөн нерсени тезинен алдырбаса, күтүлбөгөн кырсыктарга алып келет. Кызыл өңгөчтүн сезгенүүсү - эзофагит өз алдынча аз кездешет. Өнөкөт эзофагит дүүлүктүрүүчү факторлордун, алкоголдун, айрым химиялык заттардын узакка созулган таасиринен болот. Эзофагитте көөдөн, төш сөөгүнүн арты ооруйт, кекирет. Оорулууларга килкилдектер, өсүмдүк майлары жана башкалар мүнөз тамак сунуш кылынат. Кызыл өңгөчтүн шишиктеринде дисфагия күчөп ооруйт. Алар рентгенологиялык жана эндоскопиялык изилдөө менен аныкталат. Карын оорулары Гастрит Карын ооруларында төштүн ай балкасынын алды өйүп ооруйт. Адатта оору тамак ичкенден кийин, кээде ачка болгондо башталат, ошондой эле ачышып жаткандай, толуп кеткендей же бат эле тоюп калгандай сезилет. Карындын көптөгөн ооруларында тамакка табит тартпай, жүрөк айланып кусат, кекирет жана башкалар. Карын ооруларынан гастрит жана жара оорусу көп тараган. Карындын рак оорусунун пайда болуу себептери толук изилдене элек. Аны эрте аныктоо үчүн учурунда врачтарга кайрылып, зарыл текшерүүлөрдөн (рентгенологиялык, гастроскопиялык) өтүү керек. Анын башталышында хирургиялык дарылоо ийгиликтүү болушу мүмкүн. Карындан кан кетүү өмүргө өтө коркунучтуу, ошондуктан ал медициналык тез жардамды талап кылат. Ичеги оорулары Гастроэнтероколит Ичеги ооруларында көбүнчө температура жогорулап, арыктоо, баш ооруп, алсыздануу, ал кетүү, бат чарчоо, кандын азайышы (анемия) байкалат, тамак сиңирүү бузулат, ич курулдап көбөт, ич өтөт же катып калат, киндиктин тушу ооруйт. Оору белгилүү бир жерде болбой, улам башка жерге жылып, толгоп ооруйт. Он эки эли ичеги ооруганда көбүнчө түнкүсүн ачка болгонсуп ооруйт. Тамактангандан кийин басылып калат. Заңдын түрү жана андагы былжырдын, кандын, мителердин болушу да ичегинин, өзгөчө анын төмөнкү бөлүгүнүн оорусун билдирет. Ичеги ооруларына дуоденит, жара оорусу, дуоденостаз, энтериттер (Гастроэнтероколит), дискинезиялар, колит, шишиктер кирет. Ичеги ооруларынын катуу жана өнөкөт түрү бар. Катуу кармаган ооруларга аппендицит, колит, травмалар (жарылуу, айрылуу, тешилүү), ичегиден кан кетүү, ичеги өткөөлсүздүгү кирет. Катуу кармаган ооруларда ого бетер күчөп кетүү коркунучу болгондуктан жана оорулуунун өмүрүнө тикеден тике коркунуч келтиргендиктен токтоосуз хирургиялык чараларды көрүү зарыл. Ошондуктан врач келгенче ооруга каршы ар кандай чараларды (грелка, клизма, ич алдырма дарыларды) колдонууга болбойт. Мисалы, катуу кармаган аппендицитте операция кечигип жасалганда ал кабылдап, перитонитке алып келет. Ич катуу ооруганда, токтобой кусканда, кан кетүү башталса жана башкалар токтоосуз медициналык тез жардам көрсөтүү зарыл. Дуоденостазда он эки эли ичегинин ичиндегиси токтолуп жай жылат. Жара оорусу, өнөкөт холецистит, панкреатит жана башкалар оорулар менен коштолот. Ичегинин функциясы бузулганда тамак сиңбей (диспепсия) калат. Тамактын сиңбей калышы көп ооруларда кездешип, зат алмашуу (белок, май, углевод, минерал, суу-туз, витамин) бузулат. Бул арыктоого, сөөк системасынын, теринин өзгөрүшүнө, аз кандуулукка, оорулуунун психикасынын бузулушуна алып келет. Жоон ичеги оорусу Колит Жоон ичегинин кеңири тараган сезгенүү оорусу - колит. Анын катуу жана өнөкөт түрү бар. Жоон ичегинин дискинезиясы көбүнчө нерв системасынын бузулушуна байланыштуу болот, ич катып, көбөт кээде ич өтүп, толгоп ооруйт. Аны дарылоодо нерв системасы үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарыл. Мында айланма душ, ийне жалбырактуу (хвой) ваннасы, парафин жабуу пайдалуу. Ар кимдин жеке өзгөчөлүгүн эске алуу менен мүнөздөп тамактануу белгиленет. Боордун оорусу Вирус гепатити Боордун эң көп тараган оорусунун бири - катуу кармаган вирустуу гепатит. Өнөкөт гепатит - көбүнчө катуу кармаган гепатиттин калдыгы же боорду жабыркатуучу башка себептердин (инфекция, уулануу) терс таасиринин натыйжасы. Анда оң сүбөөнүн асты сыздап ооруйт, көңүл айнып, ич көбөт, тамакка табит тартпайт, майлуу тамактарды көтөрө албайт, булчуң алсыздачат, тез чарчайт, кээде сарык пайда болот. Дарылоонун ийгилиги врачтын көрсөтмөлөрүнүн так, талаптагыдай аткарылышына жана баарыдан мурда алкоголь ичимдиктен, майлуу жана туздуу тамактардан баш тарткандыкка байланыштуу болот; өзүн өзү дарылоого жол берилбейт. Жетиштүү өлчөмдөгү витаминдер (өзгөчө В тобундагы), быштак дартка чалдыккан боорго оң таасир тийгизет. Өнөкөт гепатит дарыланбаса акыры барып боордун циррозуна айланышы ыктымал. Кыргызстанда боордун мите оорусу - эхинококкоз кеңири тараган, боордун ириңдүү сезгенүүсү, шишиктери сейрек учурайт. Бул катуу ооруларды хирургиялык жол менен дарылайт. Алар түрдүү кабылдоолорго алып келиши мүмкүн. Анын алдын алуу үчүн врачтын айткандарын боору өнөкөт ооруга чалдыккан оорулуулар милдеттүү түрдө сөзсүз аткаруулары зарыл. Өт оорусу Холецистит Өт баштыкчасынын жана өт жолдорунун ооруларынан холецистит, өт жолдорунун таш оорусу, өт жолдорунун дискинезиясы, холангит айрыкча көп учурайт. Өт жолдорунун дискинезиясында өт баштыкчасынын жана өт жолдорунун кошулмаларынын жыйрылуу функциясы бузулат. Оң сүбөөнүн асты сыздап, зыркырап ооруйт. Мындай оору көбүнчө тынчсызданып толкундоодон жана айрыкча психикалык санаркоодон кийин пайда болору байкалган. Дарылоо вегетатив нерв системасынын функциясын жакшыртууга багытталат; минералдуу суулар, физиотерапиялык процедуралар колдонулат. Холангит - өт жолдорунун бактериялык инфекциядан пайда болгон сезгенүүсү. Катуу кармаган холангит чыйрыктырып, температураны көтөрөт, көл-шал тердетет, боор чоңоюп, оң сүбөөнүн асты салаңдап тартылып, салмактанып ооруйт. Бул оору кабылдап кетсе боор ириңдеп, начарлашы ыктымал. Өнөкөт холангит бирде басылып, бирде күчөп турат,боор чоңоёт. Уйку без оорусу Карын алдындагы уйку безинин ооруларынан панкреатит көп кездешет. Катуу кармаган панкреатитте курсактын жогорку бөлүгү курчап катуу ооруйт, окшутуп, тынымсыз кустурат, кускандан жан жай албайт, ич өтөт. Кээде катуу оорунун айынан коллапс болушу мүмкүн. Өнөкөт панкреатитте оорунун белгилери ачык билинбейт, көп учурда тамак сиңирүү начарлап, окшуп, кусат, ич өтөт жана көбөт. Ооруларды аныктоо Тамак сиңирүү системасынын ооруларын аныктоо жана дарылоодо азыркы медицинанын чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Медицина илиминин бөлүгү - гастроэнтерология пайда болду. Азыр тамак сиңирүү органдары ооругандарга алдын алуу жана дарылоо жардамдарын көрсөтүү үчүн атайын адистештирилген бөлүмдөр, кабинеттер иштейт. Ооруну аныктоодо кароо, кармалоо, каккылоо, тыңшоодон тышкары лабораториялык жана аспаптардын жардамы менен диагноз коюу жакшы өнүккөн. Рентгенологиялык ыкмага өзгөчө көңүл бурулуп, анын жардамы менен структуралык өзгөрүүлөрдү изилдөө менен катар анын функциясынын өзгөрүшү да далилденүүдө. Дененин түзүлүшүн бардык деңгээлде көрүүгө мүмкүнчүлүк берген компьютердик томография кеңири колдонулууда. Тамак сиңирүү органдарынын түрдүү ооруларыңда морфологиялык жана функциялык өзгөрүүлөрдү аныктоо үчүн колдонулуучу радиоизотоптук диагностика улам өркүндөөдө. Акыркы жылдарда кандагы гормондордун, ферменттердин жана башкалар химиялык бирикмелердин санын аныктоого мүмкүндүк берүүчү радио иммунологиялык изилдөөлөр кеңири таралууда. Эндоскопиялык изилдөө методдорунун (эзофагоскопия, гастроскопия, дуоденоскопия, колоноскопия) натыйжасында диагноздоо кыйла тереңдеди. Алардын жардамы менен кызыл өңгөчтүн, карындын, ичке жана жоон ичегинин былжырлуу кабыкчаларын кылдаттык менен көрүүгө, алардын дартка чалдыккан жерин, жараларды, шишиктерди, жабыркаган тамырларды, бөтөн денелерди жана башкалар табууга, ошондой эле лабораториялык, гистологиялык изилдөөгө зарыл материалдарды алууга болот. Эндоскопиялык изилдөө изилденген органдын функциясын бузбайт, бирок айрым жүрөк-кан тамыр жана мээнин катуу ооруларында жасоого болбойт. Ультраүндүк диагностика Ультраүндүк диагноздоо аппараты тез өнүгүп, карындын, уйку безинин, боордун жана өт баштыкчасынын абалы жөнүндө баалуу маалымат алууга мүмкүндүк берүүдө. Бул метод жөнөкөйлүгү, коркунучсуздугу, колдонууга ыктуулугу, алынган маалыматтын тактыгы менен башка изилдөөлөргө салыштырганда баалуу. Ичегилердин тамак сиңирүү, бөлүп чыгаруу, кыймылдоо функцияларын текшерүү анын маңызын, канды, заңды атайын изилдөөнүн негизинде жүзөгө ашырылат. Боордун иштешинин бузулушу анын функцияларын (пигмент, белок, май алмашуу ферменттердин өлчөмү, өт бөлүп чыгаруу жана башкалар) көрсөтүүчү-сыноо-байкоолор аркылуу аныкталат. Инфекциялык, сезгенүү оорулары Тамак сиңирүү системасынын ооруларын дарылоодо бир кыйла ийгиликтерге жетишилди. Инфекциялык, сезгенүү ооруларын дарылоо антибиотиктердин жана сезгенүүгө каршы көп дары-дармектин, кортикостероид гормондорунун жардамы менен бир кыйла натыйжалуу болуп калды. Фермент дары-дармектерин колдонуу тамак сиңирүүнүн оңолушуна, зат алмашуу процесстерине оң таасирин тийгизди. Ичегилердин жана карындын секрет бөлүү, кыймылдоо функциялары бузулганда жакшы таасир берүүчү, боорго залал келтирүүчү агенттерден сактоочу дарылар сунуш кылынды. Буларды врачтын сунушу менен колдонуу керек. Өзүн өзү дарылаганда катуу оорунун белгилери убактылуу билинбей калып, өз учурунда туура диагноз коюуга жана туура дарылоого кедерги болот. Тамак сиңирүү системасы айрым ооруларын (тамак өтпөй же заң чыкпай калуу, ириңдөө, шишик, кан агуу жана башкалар) дарылоо хирургиялык жол менен гана жүргүзүлөт. Өнөкөт оорулары Тамак сиңирүү системасынын өнөкөт ооруларын дарылоо адистештирилген курорттордо комплекстүү жүргүзүлүп, дары-дармек менен катар мүнөздөп тамактануу, минералдуу суулар, тийиштүү физиотерапиялык процедуралар жана башкалар факторлор оорудан айыгууга жакшы шарт түзөт. Айрым оорулуулар дарылануу деген ушу деп өз билгендерин жасай беришет. Бул жаңылыштык. Капысынан колго тийген, кургап калган ар кандай өсүмдүктөр менен өз алдынча дарыланууга жана эмчи-домчуга түшүүгө болбойт. Спирт ичимдиктерин колдонуу да туура эмес. Аны өнөкөт гастрит, өзгөчө жара оорусу менен ооругандар колдонушат. Алкоголь адегенде оорутпоочу, оору сезимдерин басуучу касиетке ээ экендиги белгилүү, анын алдамчылык, жалган натыйжасы мына ушуга байланыштуу болсо керек. Мүнөздөп тамактануу ичеги-карыны ооругандар үчүн өтө маанилүү. Кээде оорулуулар мүнөздөп тамактанууга анча баа беришпей, алар ийне менен дарылоо, ичегилерди суу менен жуу (тазалоо) жана башкалар процедураларды ашыра баалашып, артынан түшүшөт. Мүнөздөп тамактануу оорулуунун туура диагнозуна ылайык түзүлүп, организмдин керектөөсүн камсыз кылуусу зарыл. Бардык учурда мүнөздөп тамактанууну ар бир оорулуунун жеке өзгөчөлүгүн эске алып врач дайындайт.

 

14. Колдонулган адабияттар:

1- Гойденко В. С., Галанов В. П., Руденко И. В. Манипуляционная рефлекторная терапия заболеваний шейно-грудного отдела позвоночника. — М., 1983. — 52 с.

2- Гойденко В. С., Руденко И. В., Галанов В. П. Манипуляционная рефлекторная терапия заболеваний пояснично-крестцового отдела позвоночника. — М., 1983.— 77 с.

3- Гойденко В. С., Ситель А. Б., Галанов В. П., Руденко И. В. Мануальная терапия неврологических проявлений остеохондроза позвоночника. — М.: Медицина, 1988. —240 с.

4- Громыко Г. Л., Воробьев А. Н., Казаринова С. Е. Теория статистики. — М.: ИНФРА-М, 2005.

5- Данилов А. Б. Комплексный регионарный болевой синдром // В кн.: Вегетативные расстройства / Под ред. проф. А. М. Вейна. — М., 1998. — С. 604-615.

6- Дедерер Ю. М., Крылов Н. П., Устинов Т. Т. Желчекаменная болезнь. — М.: Медицина, 1993. — С. 3-58.

7- Джиллиат Р. У., Харрисон М. Сдавление и ущемление нерва // Заболевания периферической нервной системы / Под. ред. А. К. Эсбем, Р. У. Джиллиата. — М., 1987. —С. 297-347.

8- Дубенко А. £., Калашников В. И. Об эффективности мануальной терапии при дисциркуляторных энцефалопатиях с преимущественным поражением вертебро-базилярного бассейна // Мануальная медицина. — 1994. — № 8. — С. 24-26.

9- Ерофеев Н. П. Нарушения функций вегетативной нервной системы на локальном и системном уровнях // Российский остеопатический журнал. — 2009. — № 1-2 (4-5). —С. 112-121.

10- Барабой В.А. Растительные фенолы и здоровье человека. - М., 1984

 

11- Батуев А.С. Высшая нервная деятельность. - М.: Высш. шк., 1991. 255 с.

 

12- Батуев А.С., Куликов Г.А. Введение в физиологию сенсорных систем. - М.:



2018-07-06 477 Обсуждений (0)
Козгогучтардын булагы. 0.00 из 5.00 0 оценок









Обсуждение в статье: Козгогучтардын булагы.

Обсуждений еще не было, будьте первым... ↓↓↓

Отправить сообщение

Популярное:
Как вы ведете себя при стрессе?: Вы можете самостоятельно управлять стрессом! Каждый из нас имеет право и возможность уменьшить его воздействие на нас...
Как построить свою речь (словесное оформление): При подготовке публичного выступления перед оратором возникает вопрос, как лучше словесно оформить свою...
Почему люди поддаются рекламе?: Только не надо искать ответы в качестве или количестве рекламы...



©2015-2024 megaobuchalka.ru Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав. (477)

Почему 1285321 студент выбрали МегаОбучалку...

Система поиска информации

Мобильная версия сайта

Удобная навигация

Нет шокирующей рекламы



(0.014 сек.)