Мегаобучалка Главная | О нас | Обратная связь


Мурундун физиологиялык иш аракеттер



2018-07-06 1031 Обсуждений (0)
Мурундун физиологиялык иш аракеттер 0.00 из 5.00 0 оценок




Курстук иш

 

Предмети:Кишинин жана жаныбарлардын физиологиясы

Тема:

Аткарган:Сүйүнбек кызы Зейнеп

Текшерген: Сагынбаева Гүлзада Авазбековна

Адистиги:Биология

Тайпасы: Б-13К-2

 

 

Ош-2016

 

 

Мазмуну

ǀ бап Дем алуу системасынын физиологиясы

1. Киришүү ......................................................................................................3

2. Мурундун физиологиялык иш аракеттери...............................................3

3. Кекиртек жана анын физиологиясы......…………………………………7

4. Колколор......................................................................................................9

5. Исиркектер.................................................................................................11

6. Дем алуу процесси....................................................................................13

7. Кычкылтектин ташылышы.......................................................................14

8. Өпкөдөгү амортизатор системасы...........................................................18

9. Дем алуу көзөмөлү.................................................................................20

ǀǀ бап Дем алуу жолдорунда кездешүүчү оорулар

10. Дем алуу жолдорунун жугуштуу оруулары................................22

11. Трахеит.....................................................................................................24

12. Бронхоэктаз.............................................................................................25

13. Ларингит..................................................................................................27

14. Корутунду................................................................................................28

15. Колдонулган адабияттар........................................................................31

 

 

Киришүү

Ичибиздеги кондиционер: дем алуу системасы

Эң кичинесинен эң чоңуна чейин денедеги миллиардаган процесстердин баары кычкылтек аркылуу алынган энергия менен ишке ашат. Бизге керектүү кычкылтекти денебизге дем алуу системабыз берет.

Дем алып чыгаруу процесси автоматтык түрдө (өзүнөн-өзү) жүрөт. Адам ушунчалык маанилүү процесс жүрүп жатканда эч эмгек коротпойт, чечим албайт жана эч кийлигишпейт. Төрөлгөндөн баштап бул керемет система иштеп баштайт жана эч катасыз иштейт. Жаңы төрөлгөн ар бир наристеде –ал эч нерсе түшүнө электе- өмүр бою эч тынымсыз иштей турган дем алуу машинасынын кнопкасы басылат.

Дем алуу бир эле аба жутуу эмес. Абадагы кычкылтекти колдонуп денеде энергия чыгаруу үчүн жасалган процесстер тизмегинин баарына берилген ат. Алдыда дем алуу процессинин кантип жүрөөрү жана, ошондой эле, дем алуу системасын түзгөн бөлүктөрдүн жалпы түзүлүшү да каралмакчы.

Мурундун физиологиялык иш аракеттер

Дем алуу системасынын кирүү эшиги: мурун

Эсиңизде калган жыттарды бир эстеп көрүңүз. Жаңы бышкан нандын, бакчадагы шилбилердин, жаңы орулган чөптөрдүн, жаандан кийинки топурактын, сонун болуп бышкан шишкебектин, жаңы үзүлгөн кулпунайдын, шабдалынын, петрушканын, колдонгон самыныңыздын, шампунуңуздун жытын жана ушуга окшогон дагы көптөгөн жытты сезе алганыңыз үчүн мурдуңуздагы сезгич түзүлүшкө карыздарсыз.

Көп адамдар бир күндө канчалык көп жыт сезээрин жана ал жыттар аркылуу оюнда буюмдардын элесинин калыптанып жатканын эч ойлонбойт. Негизи жеген тамагыңыздын даамын да жыт алуу сезимиңиз сездирет. Жыт буюмдарды таануудагы негизги факторлордун бири.

Сиз ар бир дем алган сайын заттардын жыттары да мурундан ичкери кирет. Адамдын мурду бир жытты 1 секундадан да азыраак убакыт ичинде анализ кылат жана болжол менен 3000 түрдүү жытты бир-биринен айырмалай ала турган укмуш кубаттуулукка ээ.

Мурундун үстүңкү бөлүгүндө көп санда нерв клеткасын камтыган жана жыт эпителийи деп аталган эки кичинекей аймак болот. Ал аймактар жыт сезүү кызматын аткарат. Жыт болсо абада молекулалар абалында учуп жүрөт. Дем алып жатканда абадагы кычкылтек менен бирге бул молекулалар да мурунга кирет. Аба менен кирген «жыт молекулалары» жыт эпителийиндеги кабылдагычтарга жеткенде, ал жердеги клеткаларды стимулдайт. Натыйжада ал клетка мээге бир электрдик сигнал жөнөтөт. Мээ жыт молекуласын эмес, ага келген электрдик сигналды гана «окуйт». Электрдик сигналдын мээ тарабынан чечмеленишин адам жыт катары сезет.

Мурун сонун жыттуу гүлдөрдүн же табит ача турган тамактардын жыттарын сездиргенден тышкары да өтө маанилүү функциялары бар бир органыбыз. Дем алган абабыз аркылуу абадан келген кычкылтек менен аны денебиздин бүт клеткаларына жеткирген кан арасындагы негизги байланыш жолдорунун бири. Кыскасы, мурун бир жагынан жыт сезүү органы, экинчи жагынан болсо дем алуу каналдарынын башталышы катары өтө маанилүү. Эки бөлүктөн турган мурундун ичинде «түкчөлөр» жана былжыр деп аталган бир секреция бар. Аба мурундан ичкери киргенде ошолорго жолугат жана ошол замат анализге алынат. Абадагы молекулалар бөлүп алып анализделет жана мээге жиберилип жыттын эмнелиги аныкталат, анан ошого жараша реакция берилет. Бул процесстердин баары 30 секундага созулган өтө кыска убакыт ичинде ишке ашат.

 

 

 

1. Brain
2. Nasal bulb
3. Olfactory nerves
4. Nasal bone
5. Soft palate
6. Hard palate

A. Detailed cross-section of nasal epithelium
7. Olfactory bulb
8. Olfactory nerves
9. Mucus layer
10. Olfactory receptor cells

11. Micro-hairs

 

Мурундун ичинде аэродинамикалык жактан да кемчиликсиз долбоор бар. Аба ичкери киргенде түздөн-түз кекиртекке кетпейт. Мурун, бир кондиционердей, өзгөчө фильтр системалары менен сырттан келген булганган, ысык, муздак же нымдуу абаны өпкөлөргө ылайыктуу абалга алып келет. Мурундагы атайын ийилген форма натыйжасында аба ал жерде бир тур айланып чыгат. Натыйжада мурундун капталындагы түкчөлөр менен тамыр торуна көбүрөөк тийет. Мына ушул ийилген система натыйжасында мурун күнүнө 15 м3 абаны сүзүп (фильтрлеп), тазалап, нымдантып, жылытат. Бул болжол менен бир бөлмөнүн ичиндеги абага барабар.

Бирок бул жерде булганган аба дегенде ойго чаң аба эле келбеши керек. Аба менен бирге кирген чаңдан тышкары бактерия, чаңчалар ж.б. ушул сыяктуу болжол менен 20 миллиард чоочун заттын денеге киришине мурундагы өзгөчө система аркылуу бөгөт коюлат.

Эволюционист, медицина инженери Джон Ленихан (John Lenihan) Human Engineering аттуу китебинде дем алуу системасын кондиционерге салыштырып, денедеги кемчиликсиз долбоорду төмөнкүдөй сүрөттөйт:

Мурун тешиктеринин артындагы аймак аналитик химиктер түшүндүрө албаган укмуш сезгич бир аныктоочу (детектордук) система менен бириккен дүйнөнүн эң мыкты кондиционер системасына ээ.61

Чаңдары менен ар кандай зыяндуу бактерияларын мурундагы кондиционер системасына калтырган аба бул процесстен соң ар бир мурун тешигинде үчтөн жайгашкан ийилген түзүлүштөрдүн үстүнөн өтөт. Мурундагы түкчөлөргө илинип калган чоочун заттар эми бул жердеги былжырдын антибактериалдык таасири менен нейтралдаштырылат. Аба бул ийилген жерлерге урунганда багытын өзгөртүп, мурундун капталдарын сүзөт. Ал жерди сүзгөндө былжыл суюктугу ичинде кармалат. Дем алынган абанын чоочун заттардан тазаланышы өтө масштабдуу жана өтө кылдат. Кичинекей да ката кетирүүгө, унутуп коюуга же аттап кетүүгө жол берилбейт. Себеби бир бактериянын же зыяндуу бир заттын өпкөдөй назик бир органга өтүшү адамдын ден-соолугуна терс таасир тийгизиши мүмкүн. Бирок ошого карабастан зыяндуу заттардын мурундан өтүп кетүү ыктымалдыгына карата дагы бир коргоочу механизм коюлган. Мурундан өтө алган заттар бар болсо, алар дем алуу каналдарында кармалышат.

Мурундун ичинде тазаланып, температурасы ылайыкташтырылган аба өпкөлөрүңүзгө баруу үчүн даяр болот. Өпкөлөргө кекиртек (трахея) аркылуу барат.

1. Nasal Bulb
2. Olfactory Cells

3. Mucus Lining
4. Molecules Drawn into The Nosе

Жашоо түтүгү – кекиртек

1. Middle Pharynx
2. Epiglottis3. Esophagus
4. Windpipe

Алгач мурунда тазаланган аба дем алуунун кийинки этабында дененин ичинде жол жүрүп, бир аз төмөнгө түшөт. Абанын мурундан кийин өтө турган жери – бул кекиртек.

Микроскоп менен анализ кылганда кекиртектин ар секунда өзүн-өзү тазалап өпкөлөрдү коргоп тураарын көрөбүз. Кекиртектер шакектер абалындагы бир формага ээ жана ички бөлүгү килем сыяктуу кыймылдуу түкчөлөр менен капталган. Ал түкчөлөр тынымсыз өпкөгө тескери багытта, б.а. оозду көздөй камчы сымал кыймылдап турат. Натыйжада түкчөлөрдүн бетине түшкөн майда бөлүкчөлөр тамакты көздөй жылып, өпкөдөн алыстатылат. Тамак жакта тамак түтүгү менен бириккен кекиртек ичиндеги калдык бөлүкчөлөр менен кээ бир бактерияларды тамак түтүгүнө өткөрөт. Тамакта чогулган бөлүкчөлөр жутуу рефлексин баштатат. Натыйжада калдык заттар менен өпкөдө оору пайда кылышы мүмкүн болгон бактериялардын баары жутулуп, ашказанга өткөрүлөт жана ашказан кислотасында майдаланып жок кылынат. Эрте менен ойгонгондо тамактын толуп калышынын жана үндүн өзгөрүп калышынын себеби да – түнү бою кекиртектин өзүн тазалоо процессинде чогулган чоочун заттар менен бактериялар.

Өпкөлөрдү коргоочу камсыздандыруу системалары булар менен эле чектелбейт. Кокустан кекиртекке тамак же ным бөлүкчөлөрү чуркап кетсе да, алар башка бир коопсуздук каражаты, жөтөл деп аталган аба соккусу аркылуу чыгарылат. Бир жөтөлдүн абаны түртүшү саатына 960 километрге чейин жете алат.

Кекиртек тамактан өпкөлөргө чейин созулган, узундугу болжол менен 30 см болгон бир түтүк. Бул түтүк дайыма ачык болушу керек. Антпесе аба өпкөлөргө жетпей калып, адам дем ала албай өлөт. Моюндай кыймылдуу бир аймактан өткөн жана эттен жасалган бул ийкемдүү түтүктү дайыма ачык кармоо чындыгында өтө оор. Бирок кекиртектин кереметтүү долбоору натыйжасында бул кыйынчылык жоюлган. Кекиртек С тамгасы формасындагы кемирчектер менен кубатталган. Мына ошол кемирчектер кекиртектин жабылышына бөгөт болот.

 

1. Throat
2. Trachea
3. Cartilage Ring4. Bronchus
5. Bronchiole

6. Loose Tissue
7. Cilia Epithelia
8. Cartilage Ring

9. Epithelial Cells
10. Muscle

Бул комплекстүү системанын кандайдыр бир бөлүгүнүн жок болушу денеде оңдолгус жабыркоолого себеп болот. Мисалы, генетикалык бир оору болгон Картагенер синдромунда системанын бүт мүчөлөрү толук бар болгону менен, кекиртекти каптаган түкчөлөр кыймылдабай калат. Бул кемчилик менен төрөлгөн наристелердин көпчүлүгү бат бат кайталана берген өпкө инфекциялары себебинен эч канча жашай албай көз жумушат.

Адам денесинин тереңинде көзгө көрүнбөгөн микро түкчөлөр адам ден-соолугу үчүн болгон күчү менен иштешет. Дем алуу түтүгүңүзгө кирген чаң менен чоочун заттарды «колдон колго өткөрүп» өпкөңүздөн алыстатууга аракет кылышат. Адам бар экенин да эч билбеген, бирок адам үчүн түнү-күнү кызмат кылган миллиондогон микро түкчөлөр – адам денесинин долбоорлонгонун, б.а. жаратылганын көрсөткөн бир далил.

Колколор

Кекиртектен өткөн кычкылтек кекиртектен экиге бөлүнгөн бронхтордон (коко) өтүп, өпкөлөргө жетет. Көкүрөктө бири оңго, экинчиси солго жайгаштырылган эки өпкө бар. Өпкө эң негизги органдардын бири. Денедеги башка органдар менен болгон байланыштарынан тышкары, өз ичинде да өтө комплекстүү бир долбоорго ээ.

Ал долбоор кантип жасалат?

Бир долбоордун биринчи этабы – бул белгилүү бир план түзүү. Андан соң ал планга ылайык белгилүү бөлүктөр чогултулат. Айланаңызды караганыңызда көптөгөн долбоорлонгон нерселерди көрөсүз. Бир сүрөттө долбоор бар, азыр колуңузда турган бул китептин сырткы бетинде, ички бетинин дизайнында, китептин ичинде баяндалган нерселердин бүтүндүгүндө да бир долбоор бар. Бул китепти түзгөн кагаздар да, кийген кийимдериңиз да, отурган креслоңуз да долбоорлонуп жасалган. Китептин бул жерге чейинки бөлүмдөрүндө далилдери менен көргөнүбүз сыяктуу адам денесинде да апачык бир долбоор бар.

Эми адам денеси менен байланыштуу сизден бир долбоор түзүү талап кылынды дейли.

«Кандагы көмүр кычкыл газын тазалап, ордуна кычкылтек бере турган бир аппарат» долбоорлошуңуз керек. Бирок ал аппарат адам денесине бата тургандай көлөмдө болушу шарт.

А) В)

А) 1. Cartilage 2. Goblet Cell 3. Blood Vessels 4. Micro-Hairs

В 1. Lung with air sacs visible 2. Bronchus 3. Bronchiole 4. Throat 5. Windpipe 6. Ribs 7. Diaphragm

Мындай бир аппаратты долбоорлой алуу үчүн алгач кан жана кычкылтек жөнүндө миңдеген маалыматты билишиңиз керек болот. Канда кычкылтектин кантип ташылаары, кычкылтек ташыган белоктордун молекулярдык түзүлүшү, кычкылтектин атомдук өзгөчөлүктөрү сыяктуу көптөгөн нерселерди билишиңиз керек. Бул маалыматтарсыз сизден талап кылынган аппараттын долбоорун эч качан түзө албайсыз.

Кан менен кычкылтек жөнүндө тереңирээк изилдөө жасасаңыз төмөнкүдөй жыйынтыкка барасыз; кандагы көмүр кычкыл газы абадагы кычкылтек менен орун алмашышы үчүн кан суюктугу менен аба мүмкүн болушунча эң кеңири аянтта бир-бирине түздөн-түз тийиши керек болот. Болжол менен 100 метр квадраттык аянт талап кылынат. Б.а. сиз долбоорлой турган аппарат кан менен абаны 100 метр квадраттык бир аянтта бир-бирине тийиштириши керек болот. Бирок ал аппарат ошол эле учурда бир адамдын денесине бата турганчалык кичинекей көлөмдө болушу зарыл. Албетте, мындай бир аппаратты долбоорлоо бийик акыл менен илимди талап кылат.

Жер жүзүнүн эң белгилүү долбоорлоо адистерин топтоп, долбоорлор жасап, жер жүзүнүн эң алдыңкы технологияларын колдонуп долбоорлогон аппаратты өндүрүүгө аракет кылышыңыз мүмкүн. Бирок канчалык аракет кылбаңыз, бул иш үчүн өпкөлөрүңүздөй кемчиликсиз долбоордогу бир аппаратты жасай албайсыз.

Бул жерде төмөнкүдөй суроо туулат: өпкөлөрдө 100 метр квадраттык бир аянт адамдын көкүрөгүнүн ичине жайгаштырылып, пакеттелгидей кандай бир технология менен долбоор орун алган. Бул суроонун жообун билүү үчүн өпкөнүн кереметтүү өзгөчөлүктөрүн тереңирээк изилдөө жетиштүү болот.

1. Bronchus 2. Capillary Vessels 3. Red Blood Cell 4. Capillary Vessel Wall 5. Alveolus

Исиркектер

Исиркектер менен жасалган кереметтүү долбоор

Өпкөлөрдүн түзүлүшүн анализдегенде, кычкылтек менен көмүр кычкыл газын жолуктуруу үчүн долбоорлонгон кемчиликсиз бир түзүлүштү көрөсүз.

Өпкөнүн ичине ар бири төөнөгүчтүн учунан да кичинекейирээк 300 миллиондон ашык исиркек (альвеол) жайгаштырылган. Исиркектердин ар биринин диаметри 0,25 миллиметр. Ал исиркектердин жалпы беттик аянты эсептелгенде, укмуш бир сан келип чыгат. Бир адамдын өпкөсүнүн беттик аянты болжол менен 70-100 метр квадратка барабар. Мынчалык чоң аянттын ушунчалык кичинекей көлөмгө батырылганы өпкөлөрдөгү кемчиликсиз долбоорду көрсөтөт.

Сиз ар бир дем алган сайын ушул 300 миллион кичинекей исиркектин ичи абага толот. Бул исиркектердин ички бетинде капиллярлар орун алган. Шарлар абага толгондо капиллярлардын ичиндеги кандагы көмүр кычкыл газы абадагы кычкылтек атомдору менен орун алмашат.

Бирок бул исиркектердин ачылып жабылышы бир караганда көрүнгөндөй оңой эмес. Биринчи жолу үйлөнгөн шарды үйлөө канчалык оор болсо, кадимки шарттарда өтө тартылып турган альвеолдорду абага толтуруу да ошончолук оор болот. Бирок дем алып чыгарып жатканда эч кыйналбайбыз. Альвеолдорубуздун ачылып жабылганын сезбейбиз дагы. Себеби дем алуу системабызда эч кыйынчылыксыз дем алып чыгарышыбызга шарт түзгөн бир долбоор бар. Ар бир дем алганда альвеолдордун кыйынчылыксыз ачылып жабылышына шарт түзө турган бир системанын болбошу – адам үчүн өлүмгө себеп боло турганчалык олуттуу бир көйгөй.

Мүмкүн болгон эң мыкты долбоор кайра эле адамдын буйругуна берилген.

Өпкөлөрүңүздү түзгөн 300 миллиондон ашык исиркектин айланасы сурфактант аттуу бир зат менен курчалган. Сурфактант заты исиркектердин ачылып жабылышына көмөкчү болуп, беттик чыңалуусун азайтат. Бул заттын дагы бир функциясы, дем чыгарып жатканда исиркектердин толук бошоп калышына бөгөт болот. Сурфактанттан улам эң күчтүү дем чыгарганда да өпкөлөрдө белгилүү көлөмдө аба калат. Натыйжада альвеолдун айланасында жүргөн кан дайыма абага тийип, дененин бүт клеткаларына үзгүлтүксүз кычкылтек жеткирет.

1. Alveolus 2. Respiratory Bronchi 3. Alveolar Channel 4. Alveolar Sac 5. Alveolus 6. Alveol

Сурфактант альвеолдордун бетиндеги өзгөчө бир клетка тобу (II типтеги гранулдук пневмоциттер) тарабынан синтезделет. Дененин өпкөдөн башка эч жеринде кездешпеген ушул клеткалар себептүү эч кыйынчылыксыз дем алып чыгара алабыз.

Бул заттын маанилүү касиеттеринин бири, ал наристенин төрөлөөрүнө толук бир ай калганда чыгарылып баштайт. Окуянын кереметтүү тарабы мына ушул жерде башталат. Эне жатынында жатканда өпкөсүн колдонбогон наристе кантип сыртта дем алганда ушундай кыйынчылыкка туш болом деп ойлоп, бул затты өндүрүү муктаждыгын сезиши мүмкүн? Сурфактанттын өпкөсүндөгү альвеолдорго (исиркектерге) көмөкчү боло алаарын кайдан билиши мүмкүн? Бул заттын альвеолдордун беттик чыңалуусун төмөндөтөөрүн кайсы химия билими менен болжолдой алат? Бул заттын болбошу наристенин өтө кыска убакытта көз жумушуна себеп болот. Мындай даярдык көрүлбөгөн, б.а. сурфактант өндүрүшү жетишсиз болгон кээ бир учурларда, мисалы ара туулган наристелерде бул кычкылтек жетишсиздигине себеп болот.

Денедеги өмүр бою өчпөгөн от: дем алуу

Дем алуу процессин көп тараптан оттун күйүшүнө окшотсо болот. Бирок оттун күйүшүнө салыштырмалуу дем алуу жайыраак жана төмөнүрөөк температураларда ишке ашкан бир химиялык процесс.

Клеткаларыңыз кандагы кычкылтекти колдонуп азыктардагы көмүртекти «күйгүзөт» жана бул күйүү натыйжасында денеңизге керектүү энергия келип чыгат. Ошондуктан ар бир дем алганыңыздан кийинки кубулуштарды миллиарддаган кичинекей оттун ичиңизде күйүшү деп сүрөттөө жаңылыштык болбойт.

Адам денесиндеги клеткалардын ар бири дайыма кычкылтекке муктаж. Мисалы, азыр көзүңүздүн торчо катмарындагы миллиондогон клетканын эч тынымсыз кычкылтек менен азыктанышы натыйжасында бул китепти окуй алып жатасыз. Ошол сыяктуу, денедеги бүт булчуңдар, ал булчуңдарды түзгөн клеткалар көмүртек кошулмаларын «күйгүзүп», б.а. аларды кычкылтек менен реакцияга киргизип энергия алышы зарыл. Сиз ар бир дем алган сайын денеңизге 100 триллионго жакын аба молекуласы кирет. Анын болжол менен 21%ы, б.а. 21 триллиону кычкылтек молекуласы. Дем алуу системасы аркылуу денеңизге кирип, кан айланууга кошулган бул молекулалар, кан аркылуу дененин эң четтерине чейин жеткирилет. Жана ал жердеги көмүр кычкыл газы молекулалары менен орун алмашат. Биз жөн гана дем алып жатам деп ойлогонубузда, денебиздин тереңинде эч тынымсыз кычкылтек, көмүр кычкыл газы жана суу алмашуусу жүрүп жаткан болот.

Кычкылтек ташыгычтар

Дем алуунун негизги максаты – бул дене клеткаларындагы көмүр кычкыл газын сыртка чыгарып, ордуна кычкылтек алуу. Бул процесстер дене кыртыштарынан өтө алыс жерде, өпкөдө ишке ашат. Демек өпкөдөн денеге кирген кычкылтек кандайдыр бир жол менен кыртыштарга жеткирилип, кыртыштарда пайда болгон көмүр кычкыл газы болсо кайра өпкөгө жеткирилиши керек. Мындай ташуу иши кантип жасалат?

1. Cell Released By The Surface 2. Alveolus (Full Of Gas) 3. Macrophage 4. Respiratory Membrane5. Red Blood Cell 6. Red Blood Cell 7. Capillary Vessel 8. Alveo

Кычкылтек менен көмүр кычкыл газынын адам денесиндеги чарчаганды билбеген ташыгычтары – бул кандагы эритроциттер. Өпкөдө эритроциттер клеткалардан алып келген калдык затты, б.а. көмүр кычкыл газын альвеолдордун ичине чыгарып, альвеолдун ичиндеги кычкылтекти сорушат. Бул процесс атайын бир кабыкча аркылуу жүрөт. Ал кабыкчанын бир тарабын альвеолдун (исиркек) ичиндеги кычкылтектүү аба түзсө, экинчи тарапта туурасы ичинен бир гана эритроцит өтө ала турганчалык капилляр бутактар орун алган. Натыйжада кычкылтек молекуласы менен эритроциттер бир-бирине эч кыйынчылыксыз тийе алышат.

Кычкылтек молекуласы эритроциттердин ичиндеги гемоглобин аттуу бир молекула тарабынан клеткаларга жеткирилет. Гемоглобин молекуласы өзгөчө бир долбоордо жасалган. Өпкөдө кычкылтекке чиркешкен гемоглобин кан айлануу аркылуу дененин тереңин көздөй сапар тартат. Кычкылтекке муктаж кыртыштарга жеткенде бир керемет болот. Өзгөчө долбоордо жаратылган гемоглобин молекуласы чөйрөдөн химиялык таасирленип, кычкылтек менен болгон химиялык байланышы үзүлөт. Гемоглобин натыйжада жүгүн, б.а. кычкылтекти койо берет. Мына ошол кычкылтек молекуласы ал жердеги клеткаларга жашоо берет.

1. Alveolus 2. Erythrocyte 3. Capillary Vessel 4. Body Cells

Гемоглобиндин иши муну менен бүтпөйт. Гемоглобин ал жерден алып кетүү керек болгон көмүр кычкыл газын өпкөлөргө жеткирүүдө да өтө маанилүү роль ойнойт. Бул кубулушту кыскача төмөнкүдөй сүрөттөөгө болот:

Клетканын дем алышынан пайда болгон көмүр кычкыл газы клеткалардан кыртыш суюктугуна, кыртыш суюктугунан капиллярларга өтөт. Көмүр кычкыл газынын бир бөлүгү эритроциттерде гемоглобин менен биригип, карбаминогемоглобин абалында ташылат. Бир бөлүгү болсо карбоангидраз ферментинин таасири аркылуу суу менен биригип, карбон кислотасын пайда кылат. Андан соң карбон кислотасы бикарбонат менен суутек иондоруна бөлүнөт. Пайда болгон суутек иону гемоглобин тарабынан кармалат. Көмүр кычкыл газы мына ушундайча кыртыш капиллярларынан веналар аркылуу жүрөккө алып келинет. Жүрөктөн болсо өпкөгө жеткирилет. Өпкөлөрдө бир катар процесстерден соң көмүр кычкыл газы дем чыгаруу учурунда сыртка чыгарылат.

Гемоглобиндин түзүлүшүндө өзгөчө бир касиет бар. Гемоглобин кычкылтекти ташуу жөндөмүнөн тышкары, кычкылтекти керектүү учурда, керектүү жерге таштоо жөндөмүнө да ээ. Бул ийгиликтин сыры кычкылтек менен гемоглобиндин арасында курулган химиялык байланышта жашырылган. Гемоглобиндин бул касиетинин маанисин түшүнүү үчүн төмөнкүдөй анализ кылуу туура болот:

-Эгер гемоглобин менен кычкылтек арасында курулган байланыш бир азга алсызыраак болгондо, гемоглобин кычкылтекке улана алмак эмес жана кыртыштарга кычкылтек жеткириле алмак эмес. Бул жандыкты сөзсүз өлүмгө алып бармак.

-Тескерисинче гемоглобин менен кычкылтек арасындагы байланыш бир аз күчтүүрөөк болгондо, анда гемоглобин менен кычкылтек жубу кыртыштарга жеткенде бир-биринен ажырай албай калмак. Анда клеткалар кайра эле кычкылтексиз калып, жандыктар бир канча мүнөт ичинде өлүшмөк.

Бул эки жагдай гемоглобиндин өзгөчө бир план, долбоор менен жасалгандыгынын апачык бир далили. Ой жүгүрткөндө гемоглобин менен кычкылтек арасында курулган молекулярдык байланыштын күчүнүн чоңдугу жөнүндө эле чексиз ыктымалдык бар экенин оңой эле түшүнүүгө болот. Бирок ошол чексиз ыктымалдыктын ичинен мүмкүн болгон эң ылайыктуу байланыш гемоглобин менен кычкылтек молекуласы арасында түзүлүүдө. Байланыштын күчү аз да, ашыкча да эмес.

Бул молекуланын өндүрүшүндө кандайдыр бир катачылыктын кетиши, дем алуу процессиндеги кандайдыр бир кемчилик, кандын насостолушунда кандайдыр бир маселенин жаралышы, кандын курамынын өзгөрүшү (бул үчүн бөйрөктө кичине эле көйгөй жаралышы жетиштүү болот), эң биринчиден өтө оор ооруларга, аягында болсо өлүмгө себеп болот. Демек бул улуу тартипти түзгөн бөлүктөрдүн эч биринин кокустуктар натыйжасында, өзүнөн-өзүн пайда болушу таптакыр мүмкүн эмес. Баары бир учурда, бир денеде пайда болушу шарт. Болгондо да, бул адам денесиндеги бир клеткадагы кычкылтек ташуу процессине эмес, дүйнөдөгү миллиарддаган адамдын ар биринин триллиондогон клеткасында бир-бирден ишке ашкан процесстерге тиешелүү.

Өпкөнүн дем алып чыгаруусу

Адам дем алып чыгарып жатканда денесинде болуп жаткандарды билбейт. Чуркаганда бат бат дем алып башташы, уктап жатканда жайлашы ал үчүн жөнөкөй эле окуялар болуп саналат. Бирок дем алып чыгаруунун абалга жараша өзүн жөнгө салышы өзүнчө бир керемет.

Өпкө бир аба насосу сыяктуу өмүр бою эч тынымсыз дененин ичине аба алып, анан аны сыртка айдайт. Бирок өпкө бүт башка органдар сыяктуу иштөө үчүн бир тышкы энергияга, күчкө муктаж. Бул күч көкүрөктүн астындагы диафрагма менен кабырга сөөктөрүнүн араларында жайгашкан булчуңдардан камсыз кылынат. Дем алганыбызда кабырга сөөктөрү сыртты жана жогоруну көздөй кыймылдайт. Өпкөнүн астындагы диафрагма булчуңу төмөн көздөй басылат. Өпкө кекиртектеги абаны төмөн көздөй тартат. Дем чыгарганда кабырга сөөктөрү ичти көздөй кайра тартылат. Кабырганын астындагы диафрагма булчуңу жогору көздөй кыймылдайт. Өпкө кысылганда майда альвеолдордогу аба сыртка чыкканга мажбурланат. Мажбурланган аба кекиртектен жогору көздөй чыгат.

Сиздин денеңиздеги бул иш-аракеттерге эч бир салымыңыз болбойт. Буйрук да бере албайсыз, кыймылдашы үчүн булчуңдарыңызга салым да кошо албайсыз. Булардын эч бирине муктаждык жок. Себеби өпкөңүзгө мындай энергия колдоосунун кантип көрсөтүлөөрү улуу бир акыл тарабынан жөнгө салынган.

Көкүрөгүңүздүн ийилиши дем алып чыгарууну жеңилдетет

Көкүрөктүн дем алуу системасында өтө маанилүү орду бар. Көкүрөктүн эң белгилүү өзгөчөлүгү – бул ички органдарыбызды, өзгөчө жүрөк менен өпкөлөрдү коргоо. Көкүрөктүн ийкемдүү болушу болсо дем алып чыгарууну жеңилдетүүчү өтө маанилүү бир өзгөчөлүк.

Дем алганыңызда көкүрөгүңүз кеңейет. Сөөктөн жасалган бул соот таң калыштуу ийкемдүүлүк жөндөмүнө ээ. Кадимки шарттарда баш сөөгү сыяктуу өтө катуу жана коргогуч бир калканга окшогон бул долбоор таң калыштуу даражада ийкемдүү. Бирок бул жерде унутпаш керек болгон жагдай, ал ийкемдүүлүк да өтө так жөнгө салынган. Эгер көкүрөк азыркы абалынан бир азга азыраак ийкемдүү болгондо, өпкөлөр кеңейе албай, адам эркин дем ала албай калмак.

 

1. Windpipe 2. Lung 3. Diaphragm 4. Inhalation 5. Exhalation

Өпкөдөгү амортизатор системасы

Тышкы факторлорго карата көкүрөктүн болушу, сырттан келе турган чаңдарга карата кекиртекте жайгашкан түкчөлөр, абанын температурасын жөнгө салган жана микробдор менен согушкан мурун былжыры, беттик чыңалуунун жоюлушу үчүн сурфактант затынын чыгарылышы жана дагы көптөгөн майда-чүйдөлөр... Өпкөлөрдүн коопсуздугу үчүн денеде каралган системалар булар менен эле чектелбейт. Өпкөнүн сырткы бетинин башка органдар менен сүрүлүүсүнө бөгөт коюу үчүн дагы бир коргоо механизми бар.

Сырткы бети бир кабыкча катмары менен (плевра) капталган өпкө дем алып-чыгарып жатканда эч жери жабыркабайт. Ар бир өпкөнү өз-өзүнчө бир баштык сымал ороп турган плевра көкүрөк капталы менен диафрагманын ички бетин ороп турган башка бир кабыкчага тийип турат жана аралары жылмакай бир суюктук капталган. Натыйжада дем алып-чыгарууда эч качан өпкөнүн сырткы бети органдарга тийип сүрүлүүдөн улам жабыркабайт.

Мындан тышкары, өпкөнү каптаган кабыкча менен көкүрөк капталын орогон кабыкча арасындагы терс басым өпкөнүн көкүрөккө вакуум менен жабышышына себеп болот. Натыйжада өпкө абада асылып турат жана өз салмагы астында эзилип калбайт. Өпкөдөгү вакуумдуу абал кандайдыр бир себептен –мисалы бир жол кырсыгында, көкүрөккө кирип кеткен сүйрү бир нерсе себебинен- бузулса, өпкөлөр бир шар сымал кичирейип, адам көз жумат.67 Бул система өпкөдөгү кереметтүү добоордун дагы бир көрсөткүчү.

a. O2 absorption b. CO2 emission c. Spinal bulb d. Carotid e. Lung f. Diaphragm g. Aort h. Excessive CO2 in the blood i. Cleansed blood is sent from the lungs to the heart and then distributed to the body
j. Capillary vessels
k. Erythrocyte l. CO2-laden blood goes from the tissues to the heart, and from there to the lungs. m. Body Cells

Дем алуу көзөмөлү

Дем алуу процессинин жыштыгы менен тереңдиги шартка жараша өзгөрөт. Мисалы, чуркаган же тепкичтен чыккан бир адам отурган бир адамга салыштырмалуу көбүрөөк жана ылдамыраак дем алып чыгарат. Себеби кыймылдап жатканда дене клеткалары көбүрөөк күч, энергия сарпташат. Ошондуктан триллиондогон клетка кадимкиге караганда көбүрөөк кычкылтек талап кылат. Кычкылтек муктаждыгынын өсүшү менен бирге алар чыгарган ашыкча көмүр кычкыл газын да эртерээк денеден чыгаруу керек болот. Эгер көбөйгөн кычкылтек талабы канааттандырылбаса, бүт дене клеткалары мындан жабыр тартышат. Мээ, жүрөк сыяктуу кычкылтек жетишсиздигине эч чыдай албаган аймактардагы клеткалар болсо өтө кыска убакытта толук өлүп калышат.

Көбүрөөк кычкылтек берип, кадимкиден көбүрөөк көмүр кычкыл газын чыгаруунун жалгыз чарасы – бул дем алууну ылдамдатуу. Дем алууну ылдамдатуунун жалгыз жолу болсо – өпкөлөрдү ылдамыраак иштетүү. Мындайда атайын бир система ишке кирип, тезинен өпкөнүн иштешин ылдамдатышы зарыл болот. Дем алуу системасы ушундай күтүүсүз муктаждыктар учурунда ишке кирише турган кереметтүү системага да ээ.

Дем алып чыгаруу процесси жүлүн жана мээдеги борборлор тарабынан контрольдонот. Диафрагма менен кабырга булчуңдарына барган нервдер алардын үзгүлтүксүз 4-5 секундада бир жыйрылышын камсыз кылат. Эгер нервдер үзүлсө, дем алып-чыгаруу да токтойт.

Дем алууга таасир берген дагы бир фактор болсо – бул кандагы CO2 көлөмү. Зат алмашуу ылдам жүргөн учурларда канда көмүр кычкыл газынын саны да көбөйөт. Натыйжада кандын кислоттуулугу жогорулап, кан pH'ы төмөндөйт. Бул нерв системасындагы дем алуу борборуна таасир берет. Ал борборлор нервдер аркылуу диафрагма менен көкүрөктү стимулдап, дем алып чыгаруу ылдамдайт. Бат бат кычкылтек алынып, көмүр кычкыл газы чыгарылат. Ушундайча кандагы көмүр кычкыл газы кадимки деңгээлге түшүрүлүп, кандын pH'ы жөнгө салынат.

Дем алуу муктаждыктан ашыкча жогорулап кеткенде болсо мээ сөңгөгү ишке киришип, керектүү жөнгө салууну жасайт. Мээ сөңгөгүнөн тышкары өпкөлөрдүн сырткы бетинде жайгашкан жана басымга карата өтө сезгич сенсорлор өпкө ашыкча чоюлганда, мээ сөңгөгүнө дем алуу тереңдигин азайтуу үчүн керектүү буйруктарды жөнөтүшөт.68

Көрүнүп тургандай, бул система бир-биринен бүт тараптан көз-каранды. Ошондуктан дем алуу борбору да, диафрагма жана башка мүчөлөр да бир учурда пайда болушу керек болгон бир бүтүндүн бөлүктөрү. Ушул себептен денеңизде дем алуу автоматтык түрдө көзөмөлдөнүшү үчүн бул системанын бүт мүчөлөрү толугу менен, чогуу болушу шарт. Б.а. баары бир учурда пайда болушу зарыл.

Эволюция теориясы боюнча, өпкөдөгү булардын баары башында жок эле жана бүт бул кемчиликсиз өзгөчөлүктөр убакыттын өтүшү менен кокустуктар натыйжасында пайда болгон. Бирок мындай пикирди кабыл алууга болбойт; муну кабыл алуунун акылга да, илимге да туура келбеши анык. Себеби эң башта бир адам дем ала алышы үчүн өпкөдөгү –жогоруда терең каралган- өзгөчөлүктөрдүн баары бир учурда жана алгачкы адамдан баштап бар болушу шарт. Мисалы, кабырга сөөктөрү башка дене сөөктөрүнөн айырмаланып ийкемдүү болбогон, альвеолдор пайда болбогон, альвеолдордун айланасында сурфактант заты жок же айланасында коргоочу кабыкчасы болбогон бир өпкө эч бир ишке жарабайт. Эволюциянын кокустук механизминин денедеги кандайдыр бир органды пайда кылышы, ага өзгөчөлүктөр тартуулашы эч качан мүмкүн эмес. Он миллиондогон жыл, жүз миллиондогон жыл, ал тургай, триллиондогон жыл күтүлсө да, бул чындык өзгөрбөйт.

1. Nasal Cavity 2. Palate 3. Tongue 4. Thyroid Bone 5. Epiglottis 6. Esophagus 7. Windpipe

ǀǀ бап Дем алуу жолдорунда кездешүүчү оорулар.



2018-07-06 1031 Обсуждений (0)
Мурундун физиологиялык иш аракеттер 0.00 из 5.00 0 оценок









Обсуждение в статье: Мурундун физиологиялык иш аракеттер

Обсуждений еще не было, будьте первым... ↓↓↓

Отправить сообщение

Популярное:
Как построить свою речь (словесное оформление): При подготовке публичного выступления перед оратором возникает вопрос, как лучше словесно оформить свою...
Личность ребенка как объект и субъект в образовательной технологии: В настоящее время в России идет становление новой системы образования, ориентированного на вхождение...



©2015-2024 megaobuchalka.ru Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав. (1031)

Почему 1285321 студент выбрали МегаОбучалку...

Система поиска информации

Мобильная версия сайта

Удобная навигация

Нет шокирующей рекламы



(0.016 сек.)