Мегаобучалка Главная | О нас | Обратная связь


Дем алуу жолдорунун жугуштуу оруулары



2018-07-06 1027 Обсуждений (0)
Дем алуу жолдорунун жугуштуу оруулары 0.00 из 5.00 0 оценок




Нарынбек Айткулуев:
"Дем алуу жолдорунун жугуштуу оорулары балдар үчүн өтө коркунучтуу"
"Учурда бизге күн сайын 120-140 оорулуу кайрылып жатат, анын ичинде 50дөн 70ке чейинкиси ооруканага жаткырылууда. Алардын жарымы жогорку дем алуу жолдорунун респиратордук оорулары менен жабыркагандар",-дейт Нарынбек Айткулуев

Суук түшөөрү менен дем алуу жолдорунун оорулары күч алат. Айрым учурда ал кичинекей балдардын мерт болуп калышына чейин жеткирүүдө. Бул тууралуу Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Нарынбек Айткулуев менен маек курдук.

- Айтыңызчы, учурда жогорку дем алуу жолдорунун инфекциялык оорулары менен жабыркагандардын саны канчалык?
- Кыш айынын башында адатта жогорку дем алуу жолдорунун инфекциялык оорулары, анын ичинде грипп оорусу башталат. Бирок, ушул тапта грипп өтө катуу кармай элек, а бирок, дем алуу жолдорунун респиратордук ооруларынын саны көбөйүп бара жаткан мезгил. Учурда бизге күн сайын 120-140 оорулуу кайрылып жатат, анын ичинде 50дөн 70ке чейинкиси ооруканага жаткырылууда. Алардын жарымы жогорку дем алуу жолдорунун респиратордук оорулары менен жабыркагандар. Бул ооруларды реовирустар, реновирустар, аденовирустар ж.б. чакырат, ошондой эле респиратордук-вирустардан дагы пайда болот.
- Бул ооруга кимдер көп чалдыгышат?
- Бул оорулар 3 жашка чейинки балдарда өтө катуу кармайт. Мисалы, 3 жаштан жогорку курактагы, мектеп жашындагы же өспүрүм курактагы балдарда респиратордук жугуштуу оорулар анчалык деле көп зыян алып келбейт. Ошол эле мезгилде 3 жашка чейинки балдардын саламаттыгына өтө чоң зыян тийгизет. Мунун үч себеби бар, биринчиси, үч жашка чейинки балдардын иммундук системасынын толук калыптанып бүтө электиги. Экинчиси, балдардын дем алуу жолдорунун, бронхторунун чел кабыктарынын бекемделе элек, жумшактыгы. Үчүнчүдөн, булардын арасында эненин курсагында жаткан учурда жуккан жугуштуу оорулар кездешет. Алар герпес вирустары, микроплазма менен чакырылган оорулар. Эненин курсагында жаткан учурда жуккан оорулар өз алдынча кандайдыр бир коркунуч алып келбейт, бирок, ал иммунитетти начарлата берет. Ушул себептерден улам дем алуу жолдорунун оорулары көпчүлүк учурда өтө оор, курч кармайт.
- Аларды атап кетсеңиз?
- Кызыл өңгөчтүн чел кабыгынын шишип кетиши (стенозгортания) менен кирген абанын көлөмү кескин түрдө төмөндөйт. Анын кесепетинен кычкылтектин дагы көлөмү азайып, мээнин шишип кетишине алып келет. Мындай балдар мээси шишиген, аң-сезимсиз абалда ооруканага келип түшүүдө. Тилекке каршы, кээ бир балдар майып болуп калышат. Баланын иммунитетинин начарлашына эненин курсагында жатканда жуккан инфекция түрткү болот. Иммунитеттин начарлашы дем алуу жолдорунун ооруларынын курчушунун бирден бир себеби. Мындай акыбалды медицинада мээдеги кычкылтектин жетишсиздиги (гипоксия мозга) деп атайт. Мээ шишиген учурда өз алдынча дем ала албай калат жана жасалма дем алдырууга туура келет. Мындан сырткары бронхтордун чел кабыгынын абдан ичкерип кетиши менен байланышкан пневмония да коркунучтуу. Бронхтордун чел кабыгы шишигенден кийин көңдөйлөрү куушурулат. Майда бронхтор аркылуу кирген абанын көлөмү кескин түрдө төмөндөп, кандагы кычкылтектин жетишсиздиги келип чыгат. Бул процесс мээдеги кычкылтектин жетишсиздигине чейин алып келип, мээ шишип кетет. Баланын бронхторуна кошумча бактериялар кирип кетет дагы, пневмония оорусуна алып келет. Өтө күчтүү кармаган пневмония оорусунан балдар кайра жандандыруу бөлүмүндө жасалган аракеттерге карабастан чарчап калган учурлар болууда. Былтыркы жыл биздин ооруканага 3 жашка чейинки 9 миң бала курч кармаган инфекция менен ооруп кайрылышып, айрымдарына үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда амбулатордук дарылоо жүргүзүлдү.
- Оорунун белгилери кандай мүнөздө болот?
- Баланын денесинин температурасы 37-40 градуска чейин көтөрүлөт. Жөтөл пайда болот, мурдунан суу куюлат, дем жетишпей кышылдап, үстүртөдөн тез-тез дем алып калат. Өпкөнү тыңшаган мезгилде кырылдаган үндөр угулат, барган сайын дем алуусу кыйындай баштайт. Бала чыргоолонуп, ал кетип, шалдырап, тамакка табити тартпай, аң-сезими начарлап, калтырап-титирей баштайт. Бул оору өтө тез өөрчүйт, болгону 2-3 күндүн ичинде ушундай акыбалга келет.
- Бул ооруну натыйжалуу дарылай турган дары-каражаттары барбы?
Тилекке каршы, муну тез арада жок кыла турган бир дагы дары жок, ошонун себебинен оор акыбалда, күчөп кеткен учурда келген балдар чарчап калууда. Ошол эле учурда бул оору медицинада башкарууга мүмкүн эмес деген оорулардын катарына кирет. Анын алдын алуу мүмкүн эмес. Эгерде балада ушундай белгилер пайда болсо, тезинен дарыгерге кайрылуу зарыл. Ооруп кала турган болсо, көп балдарга кошулбай, бет кап тагынуу керек. Бир гана жолу иммунитетти көтөрүү зарыл, ал үчүн балага витаминдүү тамак-аш берүү абзел. Дары каражаттарынан "Интерферон" иммунитетти көтөрүүгө жардам берет. Аны мурундун көңдөйлөрүнө тамчылатуу керек. Андан тышкары "Анаферонду" да пайдаланса болот, ал дагы организмдин вирустарга каршы күчүн жогорулатат.

Трахеит

Трахеит — жогорку дем алуу жолдорунун (мурун, кулкун, коко) оорусу менен коштолгон кекиртек былжыр челинин сезгениши.

Себеби

Ал суук тийгенде, жугуштуу ооруларда (грипп, кызылча, көк жөтөлжана башкалар) пайда болот. Ага жүрөк жана өпкө оорулары, балдарда итий, экссудаттык диатез түрткү берет. Адатта трахеит күз жана жай айларында байкалат. Оорунун өнөкөт жана катуу кармаган түрү бар.

Катуу кармаган түрү

Катуу кармаган түрү мурун бүтүп, кулкун сезгенип башталат. Негизги белгиси — жөтөл; ал өзгөчө түнкүсүн жана эртең менен, оорулуу терең дем алганда, күлгөндө, ыйлаганда, чөйрөнүн температурасы өзгөрүлгөндө күчөйт. Башталышында какырык оңой менен чыкпайт. Мында колко кошо сезгенгендиктен үнү каргылданып, бүтөт (Ларингит). Кээде башы ооруп, эти ысыйт, бүткөн бою шалдырайт, бирок оорулуунун жалпы абалы анча өзгөрбөйт. Оорулуу 1—2-жумада жакшы болуп кетет. Убагында дарыланбай, үйдө режимди сактабаган учурда оору өнөкөт түрүнө өтөт же дем алуу жолунун башка бөлүктөрү да сезгенет (Бронхит, Өпкөнүн сезгениши).

Өнөкөт трахеит

Өнөкөт трахеит дем алуу органдарында кандын туруп калышына алып келүүчү өпкө эмфиземасы, жүрөк, бөйрөк оорусунан пайда болот. Мында оорулуу жөтөлөт, ал өзгөчө түнкүсүн, эртең менен күчөйт. Оору көпкө созулуп, мезгили менен убактылуу жакшы болуп калат.

Дарылоо

Дарылоону врач жүргүзөт. Бутка ысык ванна, көкүрөктүн үстүнө, моюнга горчичник коюлат. Ысык сүткө сода (1 стакан сүткө 1⁄2 чай кашык), май, бал, боржоми кошуп ичүү да жөтөлдү жеңилдетет. Врачтын сунушусуз өз алдынча антибиотиктерди, жөтөлгө каршы дарыларды колдонуу оорунун жүрүшүнө терс таасир тийгизет. Өнөкөт түрүндө курорттук дарылануу сунуш кылынат.

Алдын алуу

Ооруну алдын алуу үчүн денени чыңдоо, муздап (үшүп) калуудан сактануу жана башкалар сунуш кылынат.

Бронхоэктаз

 

Бронхоэктаз оору

Бронхоэктаз — бронхтун айрым бөлүктөрүнүн кеңейиши жана деформацияланышы менен мүнөздөлгөн дем алуу органдарынын оорусу.

Бронхоэктаздын бөлүнүшү

Бронхоэктаз тубаса жана кийин пайда болгон болуп бөлүнөт. Тубаса бронхоэкстаз аз кезигет. Кийин пайда болгон бронхоэкстазга өнөкөт бронхит, өпкөнүн сезгениши, сасык тумоо, балдардын жугуштуу оорулары (көк жөтөл, кызылча) жана башка себеп болот. Сезгенишинде анын булчуңдуу кабыгы какырык толуп, ошол учурда жөтөлгөндө пайда болгон басым анын капталына таасир этип кеңейтет.

Оорудун өтүшү жана белгилери

Оорунун эң алгачкы белгилери сезилгенден баштап, өтүшүп кеткенге чейин үч стадияга бөлүнөт. Биринчи стадиясында бронхтордун ички былжыр чели сезгенет. Экинчи стадиясында бронхтун бардык катмары жабыркап анын тегерегиндеги катмарга чейин жетет. Үчүнчү стадиясында сезгенүү бронхтордон өтүп өпкөнүн ткандарына жайылып, өпкөнүн өнөкөт ириң оорусуна окшоштук байкалат. Анын өнөкөт түрү улам күчөйт. Аз сандагы, көлөмү кичине бронхоэкстаз көпкө билинбейт. Көлөмү чоңоюп, көбөйүп кеткенде, оорулуу чыйрыгып, катуу жөтөлө баштайт. Ириңдүү, сасык какырык өтө көп (айрыкча эртең менен) бөлүнөт (кээде суткасына 1 лге жетет). Күчөп кеткенде кан түкүрөт. Оору күчөп турган мезгилде ооруканага жаткырылат. Сезгенүү процесси басаңдап калганда, эң оболу доктурдун көзөмөлү менен бронхтордон какырыкты чыгаруучу дарылоо жүргүзүлөт.

Дарылоо

Курортто, санаторийде дарылануу сунуш кылынат, ошондой эле жалпы организмди чыңоо зарыл. Бронхтордун бир жагы белгилүү өлчөмдө жабыркаса хирургиялык жол менен дарылайт. Бронхоэктазды алдын алууда дем алуу органдарынын катуу кармаган жана өнөкөт ооруларын өз убагында туура дарылоо зарыл. Бронхтун сезгенүүсүн күчөп кетүүдөн алдын алууда эмгек гигиенасын сактоо, дем алуу гимнастикасын жасоо жана витаминдүү тамактануунун мааниси чоң.

 

Ларингит

Ларингит — көмөкөйдүн чел кабыкчасынын сезгениши. Ларингит катуу кармаган жана өнөкөт болуп айырмаланат.



2018-07-06 1027 Обсуждений (0)
Дем алуу жолдорунун жугуштуу оруулары 0.00 из 5.00 0 оценок









Обсуждение в статье: Дем алуу жолдорунун жугуштуу оруулары

Обсуждений еще не было, будьте первым... ↓↓↓

Отправить сообщение

Популярное:
Почему люди поддаются рекламе?: Только не надо искать ответы в качестве или количестве рекламы...
Почему человек чувствует себя несчастным?: Для начала определим, что такое несчастье. Несчастьем мы будем считать психологическое состояние...



©2015-2024 megaobuchalka.ru Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав. (1027)

Почему 1285321 студент выбрали МегаОбучалку...

Система поиска информации

Мобильная версия сайта

Удобная навигация

Нет шокирующей рекламы



(0.011 сек.)