Мегаобучалка Главная | О нас | Обратная связь


Дем алуу системасынын оорулары жана аларды алдын алуу



2018-07-06 1023 Обсуждений (0)
Дем алуу системасынын оорулары жана аларды алдын алуу 0.00 из 5.00 0 оценок




Дем алуу системасынын оорулары жана аларды алдын алуу. Дем алуу системасыныноорулары (бронхит, өпкөнүн сезгениши, трахеит, ларингит, плеврит, сасык тумоо жана башка) бардык жерде кеңири таралган. Дем алуу жолунун жана өпкөнүн көпчүлүк катуу кармама жана өнөкөт ооруларын вирустар, бактериялар, мите козу карындар чакырат. Кээ бир жугуштуу оорулар (мисалы, грипп, көк жөтөл, кызылча) да дем алуу }колун жабыркатышы мүмкүн. Дем алуу жолу чөйрө менен такай байланышта болгондуктан абадагы жугуштуу оорулардын козгогучтары ага дайыма түшүп турат. Дем алуу системасындагы ар кандай микроорганизмдер организм өтө начарлаганда (мисалы, суукка урунганда, өтө чарчаганда) жана анын коргонуу күчү төмөндөгөндө гана оору пайда кылат. Дем алуу системасынын мите ооруларынан эхинококкоз көп кезигет. Өнөр жайлуу ири шаарларда көмүр, нефть көп күйгүзүлгөндүктөн абада кычкылтек азайып, көмүртек кычкылы, азот, көмүр кычкыл газы жана башка зыяндуу кошулмалар көбөйөт. Мындай аба Дем алуу системасына терс таасир тийгизет. Бул системанын сезгенүү оорулары инфекциянын киришинен гана эмес, башка факторлордун (мисалы, чөйрөнүн тескери таасири, башка орган же системанын абалы, аллергия) таасиринен да болот. Организмди кычкылтек менен атмосферадагы аба камсыз кылгандыктан, абанын составынын өзгөрүшү дем алуу системасынын функциясын бузат. Күз, кыш айларында абанын өтө нымдуулугунан, шамалдын таасиринен сасык тумоо оорусу көп жолугат. Тамеки тарткан кишинин өпкө жана бронхунун сезгенүү жана шишик ооруларынын пайда болушундагы негизги себеп — тамеки түтүнү (к. Тамеки чегүү). дем алуу системасынын ооруларынын пайда болушунда организмдин жеке өзгөчөлүгү да негизги роль ойнойт. Аз кыймылдоо, жетишсиз же ашкере тамактануу, витамин жетишсиздиги, узак убакыт өтө чарчоо, өнөкөт оору жана уулануу, аракечтик жана башка организмдин коргонуу функциясын начарлатат. Айрыкча, балдар жана улгайгандар сасык тумоо менен көп ооруйт. Көкүрөк клеткасы кырсыкка учураганда, деформацияланганда өпкөдө газ алмашуу төмөндөп, өпкөнүн сезгениши пайда болот. Дем алуу системасынын катуу кармама оорулары көп учурда айыгып кетет. Кээде кабылдап, өнөкөт формасына өтүп, өпкө эмфиземасы, пневмосклероз, бронхоэктаздар пайда болушу мүмкүн. Оору өтүшүп кеткенде плевра көңдөйүнө суюктук (к. Плеврит), газ (пневмоторакс) чогулуп, өпкө ириңдеп, өпкөдөн кан агат (к. Кан түкүрүү). Дем алуу системасынын ооруларында дем алуу функциясы бузулуп, кандын кычкылтек менен байышы, көмүр кычкыл газдын бөлүнүп чыгуусу төмөндөйт. Өпкөнүн өнөкөт жабыркашы өпкө кан тамырларын бузуп, анда кан басымы көтөрүлөт, ал жүрөктүн оң болүгүнүн ишин кыйындатып, жүрөк иши бузулат. Бул учурда дем кыстыгып, тери көгөрүп, бут шишийт. Дем алуу өпкө жана кан тамыр системасынын өнөкөт ооруларында гана бузулбастан, дем алуу борбору жабыркаганда (ууланганда), көкүрөк клеткасы кырсыкка учураганда, плевра көңдөйүнө суюктук толгондо да бузулат. Дем алган абада кычкылтек жетишсиз болсо (мисалы, өтө бийиктикке көтөрүлгөндө, желдетилбеген бөлмөдө) да артерия канында кычкылтек жетишсиздиги байкалат. Муну дарылоо негизги себебине жараша жүргүзүлөт. Башын бийик жаздап жатуу, отуруу дем алдыргыч булчуңдардын ишин жеңилдетет. Өпкөдө газ алмашууну жакшыртуу үчүн айрым учурда врачтын сунушу боюнча кычкылтек жыттатат. Азыркы медицинада дем алуу жетишсиздигин дарылоодо натыйжалуу каражаттар бар. Мисалы, дем алуу өтө бузулганда өпкөгө жасалма аба киргизүүчү аппарат колдонулат (ооруканада). Дем алуу системасынын ооруларын аныктоодо рентгендик, бронхоскопиялык, бактериол. изилдөөлөр кеңири колдонулат. Азыркы кездеги аспаптык жана лаборялык диагностика дем алуу системасынын ооруларын эрте таап, дарылоо ыкмаларын иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Бул системанын ооруларын дарылоого жогорку натыйжалуу антибиотиктерди, сезгенүүгө, аллергияга каршы каражаттарды, гормондорду колдонуу, дем алууну жакшыртуучу жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу, дарылоонун хирургиялык ыкмасын жакшыртуу кирет. Акыркы жылдарда дем алуу системасынын ооруларын дарылоо натыйжалуу жүргүзүлүүдө, бирок оорулуу врачка өтө кеч кайрылып, ооруну күчөтүп жибергенде дарылоо кыйыйдайт. Дем алуу жолдору менен өпкөнүн сезгенүүсүндө дене ысып, алы кетип, көкүрөгү ооруп, жөтөлгөн учурда ар кандай дары менен катар горчичник, оңко коюу, жылуу суюктук ичирүү оорулуунун абалын жеңилдетет. Бул каражаттарды врач сунуш кылат. Өзүн өзү дарылап ар кандай дарыларды колдонуу кабылдоого алып келет. Оорулуу дененин ысышын басуучу, сезгенүүгө каршы антибиотиктер жана сульфаниламид каражаттарын баш аламан колдонгондо оорулуунун абалы кескин начарлайт же айыккансып калып врачка кеч кайрылып калат. Акыркы жылдарда натыйжалуу антибиотиктер, гормон каражаттары пайдаланылууда. Өпкөдө газ алмашуу бузулганда атайын аппараттан же кычкылтек баштыгынан кычкылтек менен дем алуу сунуш кылынат (к. Кычкылтек менен дарылоо). Өпкөсү ириңдеген алсыз оорулууларга кан, канга аралжы суюктуктар, белоктуу жана дары суюктук куюлат. Кийинки жылдар Дем алуу системасында өпкө ооруларын хирургиялык дарылоо да кеңири колдонулууда. ооруларын алдын алууда өтө көп кезигүүчү жугуштуу ооруларга (грипп, кызылча, көк жөтөл жана башка) каршы эмдөө, аларды убагында дарылоонун мааниси чоң. Сасык тумоону жайылтпоо үчүн бөлмөнү убагында желдетип, үйдөгү оорулууну туура багуу керек (к. Оорулууну багуу). Тамеки чегүүдөн, алкоголь ичимдиктерин ичүүдөн баш тартуу, ошондой эле бөлмөнү кургатпай атайын суу чачкыч менен суу чачып туруунун мааниси чоң. Сыртта таза абада уктоо да пайдалуу. Дем алуу системасынын ооруларын алдын алууда мурун менен туура, бир калыпта, ыргактуу терең дем алуу талапка ылайык. Эгер мурун тосмосу кыйшайса, аденоид өсүп кетсе убагында оңдоп, алып таштоо керек. Басып баратканда, кара жумуш иштөөдө дем алуу ыргагы менен арыш айкалышып турушу талапка ылайык (2—3 арышта дем алып, 3—4 арышта дем чыгаруу). Дем алуу актысы бузулганда кан начар айланып, кычкылтек азаят. Атмосфераны булгануудан сактоо өпкө ооруларын алдын алууда мааниси чоң. Ири өнөр жайлуу шаар калкы шаардын сыртына чыгып, жөө, лыжа менен жүрүү сунуш кылынат. Организмдин инфекцияга туруктуулугун жогорулатуу маанилүү. Мурун кобулунда, тамак безинде инфекция очогу болсо врачка кайрылып жакшылап дарылануу керек. Организмди чыңдоо жана машыгуунун мааниси өтө чоң. Айрыкча дем алуу органы оорулуулар организмди дайыма жана узак убакыт чыңдоо максатка ылайык (бирок оору кабылдап турганда организмди чыңдоочу процедура тескери таасир этет). Аба ваннасы, сүртүнүү, сууга түшүү жана башка сыяктуу организмди чыңдоочу чаралар белгилүү. Булар бардык орган жана нерв системасынын суукка чыдамдуулугун арттырат. Ар кандай физкультура көнүгүүлөрү булчуңдун, а. и. дем алуу булчуңунун ишин оңдойт. Организмдин инфекцияга туруктуулугун арттырууда витаминдин, айрыкча С витамининин ролу чоң. Эгерде С витамини жетишпесе (жазында), врачтын сунушу менен аны толуктоо керек. Өпкө ооруларында мүнөздөп тамактануу маанилүү. Дем алуу органы ооругандар санаторий, курорттордо дарыланса болот. Д. а. с-нын ооруларын алдын алуу жана азайтууда калкты медициналык текшерүүдөн өткөрүп туруу (к. Медициналык кароо), айрым оорулууларды диспансерлөө маанилүү.

Колдонулган адабияттар:

· Агаджанян Н.А., Скальный А.В. Химические элементы в среде обитания и экологический портрет человека. - М., 2001. 84 с.

· Агол В.И., Богданов А.А., Гвоздев В.А. и др. Молекулярная биология: структура и биосинтез нуклеиновых кислот Под ред. А.С. Спирина. – - М.: Высш. шк., 1990.

· Адам Д. Восприятие, сознание, память. - М.: Мир, 1983.

· Адо А.Д. Патологическая физиология. - М.: Медицина, 1980.

· Албертс Б. и др. Молекулярная биология клетки: В 3 т. - М.: Мир, 1994.

· Алиханян С.И., Акифьев А.П., Чернин Л.С. Общая генетика– - М.: Высш. шк., 1985.

· Альберт А. Избирательная токсичность. - М., Медицина, 1989.

· Альтман Я.А. Локализация звука. - Л.: Наука, 1972. 214 с.

· Андроникашвили Э.Л. Малигнизация и изменение некоторых физико-химических свойств биомакромолекул и надмолекулярных структур // Биофизика. 1987. № 5.

· Бабский Е.Б. и соавт. Физиология человека. - М.: Медицина, 1966.

· Баевский Р.М., Кириллов О.И., Клецкин С.З. Математический анализ изменений сердечного ритма при стрессе. - М.: Наука, 1984. 221 с.

· Барабой В.А. Растительные фенолы и здоровье человека. - М., 1984.

· Батуев А.С. Высшая нервная деятельность. - М.: Высш. шк., 1991. 255 с.

· Батуев А.С., Куликов Г.А. Введение в физиологию сенсорных систем. - М.: Высш. шк., 1983. 247 с.

· Биологическая роль микроэлементов и их значение в медицине. - Томск, 1977.

· Благой Ю.П., Галкин В.Л., Гладченко Г.О. и др. Металлокомплексы нуклеиновых кислот в растворах. - Киев: Наук. думка, 1991.

· Богоявленский Н.А. Индийская медицина в древнерусском врачевании. - М., 1956.

· Бровцын В.К., Зедгенидзе Г.А. Антиметастатическое действие микродоз хлорида ртути (II) // Актуальные вопросы иммунотерапии опухолей. - Юрмала, 1988.

· Вавилов С.И. Глаз и солнце. - М.: Изд-во АН СССР, 1961. 160 с.

· Вавилова Н.М. Гомеопатическая фармакодинамика. Ростов-на-Дону, 1992.

· Венчиков А.И. Биотики. - М., 1962.

· Венчиков А.И. Физиологически активные концентрации некоторых тяжелых металлов и йода // Физиология и токсикология. 1984. N 4.

· Венчиков А.М. Принципы лечебного применения микроэлементов в качестве биотиков. - Ашхабад, 1982.

· Волькенштейн М.В. Молекулярная биофизика. - М.: Наука, 1975.

· Воробьева Т.В., Исаева В.В., Ускова Л.В. Опыт лечения витуридом больных сахарным диабетом // Витурид. Роль ртути в жизнедеятельности организма: Материалы международного симпозиума. - Петрозаводск, 1995.

· Воронин Л.Г. Физиология высшей нервной деятельности. - М.: Высш. шк., 1979. 312 с.

· Вселенная, астрономия, философия. Изд-во МГУ. 1988.

· Гейто Д. Молекулярная психобиология. - М.: Мир, 1969.

· Геллерт Р., Бау Р. Рентгеноструктурные исследования металлонуклеотидных комплексов // Ионы металлов в биологических системах - М., Мир, 1982.

· Генкель П.А. Физиология растений. - М.: Просвещение, 1975. 335 с.

· Гершуни Г.В. Общая характеристика слуха у позвоночных животных // Физиология сенсорных систем. - Л.: Наука, 1972. Ч.2. (Руководство по физиологии).

· Глезер В.Д. Зрение и мышление. - Л.: Наука, 1983. 246 с.

· Глинка Н.Л. Общая химия. - Л., 1989.

· Годфруа Ж. Что такое психология?: В 2 т. - М.: Мир, 1992. Т. 1, 2.

· Голдсмит Д., Оуэн Т. Поиски жизни во Вселенной. 1983.

· Голубева Э.А. Способности и индивидуальность. - М.: Прометей, 1993. 304 с.

· Гончарук Г.А. Экспериментальное исследование влияния пестицидов группы ртутьорганических соединений на генеративную функцию и потомство // Гигиена и санитария. 1971. N 7.

· Гринь Н.В., Ермаченко Л.М. и др. Состояние генеративной функции животных при круглосуточном ингаляционном воздействии смеси ртутьсодержащих солей // Гигиена и санитария. 1981. N 11.

· Давыдова С.Л. Природные макромолекулы в комплексообразовании // Ионы металлов в биологических системах. - М., Мир, 1982.

 

 



2018-07-06 1023 Обсуждений (0)
Дем алуу системасынын оорулары жана аларды алдын алуу 0.00 из 5.00 0 оценок









Обсуждение в статье: Дем алуу системасынын оорулары жана аларды алдын алуу

Обсуждений еще не было, будьте первым... ↓↓↓

Отправить сообщение

Популярное:
Почему двоичная система счисления так распространена?: Каждая цифра должна быть как-то представлена на физическом носителе...
Как распознать напряжение: Говоря о мышечном напряжении, мы в первую очередь имеем в виду мускулы, прикрепленные к костям ...



©2015-2020 megaobuchalka.ru Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав. (1023)

Почему 1285321 студент выбрали МегаОбучалку...

Система поиска информации

Мобильная версия сайта

Удобная навигация

Нет шокирующей рекламы



(0.01 сек.)