Мегаобучалка Главная | О нас | Обратная связь


Катаракта оорусунун алгачкы белгилери



2018-07-06 1427 Обсуждений (0)
Катаракта оорусунун алгачкы белгилери 0.00 из 5.00 0 оценок




Ымыркайлар жана бала бакчадагы балдар оорунун белгилери тууралуу айта алышпайт. Эгер бала бакчадагы балаңыз басып баратып жыгыла же бир нерсени ала албай мүдүрүлүп түшө берсе, анда аны тезинен көз дарыгерине алып барыңыз. Ал эми мектеп жашындагы балдар досканы же алысты жакшы көрбөй жаткандыгын билдире алышат. Ал эми улгайып калган адамдардын көзү тумандап, тунарып, алысты, жакынды көрбөй калат.

Алмазбек Исманкуловдун “Көз микрохирургия” госпиталынын офтальмологу, медицина илимдеринин кандидаты Чолпон Эсентуровна көздүн катаракта оорусу тууралуу суроолорубузга жооп берет.

– Чолпон айым, ымыркайлардын тубаса катаракта менен ооруганын кантип билүүгө болот?

– Ымыркай жаңы төрөлгөндө ата-энелери көбүнчө оорунун бар же жок экенин сезбейт. Кийин ата-эне жакындаганда баласы карабай башка жакты карап, үнүнө карата издеп баштаганда гана биле баштайт. Кээ бир ата-эне бала төрөлгөндө эле ымыркайынын көзүн карап байкашат. Алар баласынын көзүнүн кареги сүттөй аппак болуп калганын айтып, тезинен бизге кайрылышат. Биздин клиникага тубаса катаракта менен төрөлгөн балдарды алып келишет. Алар 3-5 күн же эки жума, айрымдарыныкы бир ай болуп калганда кайрылышат. Биз тубаса катаракта менен төрөлгөн балдарга операция жасайбыз.

– Катаракта оорусун операциясыз дарылоого болобу?

– Катаракта оорусун бир гана операция жолу менен айыктырабыз. Таблетка, дары жана капля менен кетпейт. Биздин клиника 2002-жылдан бери бул операцияны жаңы ыкма менен жасап келет. Анда чел кабыктын астына жасалма линза салынат.

– Жасалма линза деп калдыңыз, линза адамга кандай жардам берет жана ал көздүн формасына жараша тандалабы?

– Жасалма линза - бул адамга алысты жана жакынды көргөнгө жардам берет. Линзаны көздүн узундугуна карата көздүн минусу же плюсу барбы, алыс жана жакынды жакшы көрөбү ошого карап эсептеп, линзанын номери аныкталат. Линзанын номери аныкталгандан кийин операция жасалып, адамдын көзүнө линза салынат. Операциядан кийин адамдар көз айнек жок жүрө берүүгө болот.

– Линзанын сапаты жакшыбы жана кайдан алып келесиздер?

– Линзалардын сапаты аябай жакшы. Линзалар Америкадан алынып келинет. Америкадан алынып келинген линзалар Орусияда, Швецарияда жана башка чет мамлекеттерде да колдонулат. Бул линзанын да көп түрлөрү, мисалы, линзанын ультракөгүлтүр нурларды өткөрбөгөнү да бар.

– Катаракта операциясынын баасы канча турат?

– Бизде катарактанын операциясы кичинекей балдарга, мектеп жашындагыларга жана пенсиядагы адамдарга кичине арзандатуу менен жасалат. Болжолдуу баасы 17-35 миңге чейин жетет. Операциянын баасы кандай линза салынат жана операция учурунда кандай дарылар колдонулат ошого жараша болот.

– Катаракта оорусу кайсы учурда бат жетилип күчөп кетиши мүмкүн?

– Эгер адамда кант диабети, инфекция оорусу бар болсо жана кан басымы жогору болгон учурда көздүн түбүндөгү кан тамырлар жарылып кетет. Натыйжада катарактанын тезирээк бышып жетилишине жардамчы болот.

– Катаракта оорусунун алгачкы стадияларын үй шартында дарылоого мүмкүнбү?

– Катаракта жаңы башталып келе жатканда каректин ортосунда кичинекей чекит же жарака болушу мүмкүн. Жаңы башталып келе жатса биз операция жасай бербейбиз. 10 пайызга чейинкилерине көзгө тамызчу дарыларды жазып беребиз. Үйдө дарылоого болот деп койсок айрымдары өз алдынча дарылана башташат. Бул туура эмес. Көздүн көрүүсүнөн айрылып калуу коркунучу болгондуктан өз алдынча дарыланууну сунуштабайбыз.

– Катаракта болгондорго майлуу жана туздуу тамак-аш жегенге болбойт. Витаминдүү жашылча-жемиштер: сабиз, капуста, лимон, алма, карагат пайдалуу. Көздүн жакшы көрүүсүн кааласаңыз ар дайым карагатты жеп жүргөнүңүз жакшы. Карагат бышкандан түгөнгөнгө чейин күнүгө бир уучтан жеп жүрүү керек. Кышында карагат кагын пайдалануу зарыл.

17. Конъюнктивит — конъюнктиванын (көз жапкагынын ички чел кабыкчасынын) жана көз алмасынын сезгениши.

Оорунун себептери

Конъюнктивит микробдун, вирустун, физикалык жана химиялык факторлордун (чаң, кум, химиялык заттар жана башка) таасиринен пайда болот. Кээде оору көзгө ультракызгылт-көк нурдун, электр тогунун кескин таасири, организмдин медициналык дары-дармектерге, химиялык заттарга өтө сезгичтиги, ошондой эле көздүн өтө муздашы же ысышы, көзгө күч келтирип караңгы бөлмөдө иштөө, астигматизм, жакындан начар көрүү түрткү болот. Мындан тышкары ичеги карын оорулары, ичкиликти көп ичүү да себеп болушу мүмкүн. Көпчүлүк учурда ооруну оорулуу адам таратат. Конъюнктивиттин катуу кармама жана өнөкөт түрү кезигет.

Оорунун белгилери

Катуу кармама түрүн вирус козгойт. Көп учурда оору капысынан башталып, көз кызарат, ачышат, көзгө кум түшкөндөй өйкөп катуу ооруйт. Жарыкты карай албоо, көздөн жаш агуу менен коштолот, көз чылпактайт. Көз жапкагы шишимик тартат. Айрым учурларда оорулуунун денеси ысып, мурдунан суу куюлат, башы ооруп, уйкусу качат. Оорунун биринчи белгиси билинери менен догдурга кайрылуу керек. Конъюктивид- көз алмасынын алдыңкы бөлүгүн жана көз жапкактарынын ички бетин каптаган былжыр челдин сезгениши.Оору башталганда көз кызарып , чылпактанып ,жаш агат , жарыктан уялып ,көз ысыгандай ачышып , бир нерсе (кум) түшкөндөй өйкөйт . Конъюктивид катуу кармоочу жана өнөкөт болуп бөлүнөт. Катуу кармоочу конъюктивитти адатта оору козгочу микробдор (кээде дифтерия же гонореянын козгогучтары) жана вирустар пайда кылат ;тез күчөйт ,чылпактанып ,кирпиктер бек жабышып ,эртең менен көздү жуумайынча ачылбайт.Айрым учурда чел кабыкчада азыраак кан куюлуп кызарат.Адатта эки көз тең жабрыкайт .оору болжол менен эки жумага созулат. Инфекция көзгө кир кол ,сүлгү, бет арчы менен кирет .Ооруган баланы өз учрунда бөлбөсө , катту кармаган конъюктивид мектептеги ,балдар бакчасындагы балдарга тез эле тарайт .Оорунун алгачкы белгилери байкалар,замат врачка кайрылуу зарыл .Катту кармаган жугуштуу конъюктивитти бактерияга каршы дары –дармек менен дарылайт .Бирок аны врачтын көрсөтмөсү жана көзөмөлү астында пайдалануу керек.Көзгө дары тамчылаткандан же май сыйпагандан тамчылаткычты жана айнек таякчаны ысык сууга кайнатуу ,стерилдөө зарыл.Көздү танууга болбойт ,анткени бул микробдордун жашоосуна жана көбөйүшүнө ыңгайлуу шарт түзөт, оору көздүн тунук челине таралышына түрткү берет . Конъюктивиттин алдына алууда өздүк өздүк гигиенаны сактоонунн мааниси көп. Өнөкөт конъюктивиттин узакка создугуп ,анча оорутпайт.Дарт желдетилбеген үйдөгү чаң жана түтүндөн ошондой эле, организимдин айрым жалпы ооруларынан , тамактануу режиминин бузулушунан пайда болот . Өнөкөт конъюктивид врач жазып берген көз айнекти пайдаланбаган ,көзү начар көргөн кишилерде да байкалат. Конъюктивид малда да кездешет.

Дарылоо

Догдур көргөнчө кебезди кызыл чайга малып, көздү сырткы кычыгынан ичин көздөй сүртүп, жууш керек. Көздү таңууга болбойт, себеби жабык жерде микробдор көбөйүп, ооруну кабылдатып жиберет. Конъюнктивиттин себебин догдур-окулист гана аныктап, дарылайт. Өз убагында дарыланбай же оорунун белгилери кеткенде эле дарылоону токтотуп койсо көздүн коркунучтуу ооруларына (көздүн сырткы тунук катмарынын, көздүн түсүн берүүчү катмардын сезгениши) жана өнөкөт түрүнө өтүп кетиши ыктымал.

Конъюнктивиттин өнөкөт түрү

Конъюнктивиттин өнөкөт түрү акырындык менен башталат. Көз жапкагы салмактанып, сайгылашкансыйт. Бул учурда конъюнктива анчалык өзгөрбөйт: көз бир аз кызарат, жаш агат, бул белгилер кечкисин күчөйт, чылпактайт. Оору көпкө созулат, жакшы болуп калып, кайра кармап турат. Оорунун өнөкөт түрүн дарылоодо анын себебин таап, керек болсо организмдин жалпы оорусун дарылоо керек. Начар көрсө көз айнек кийүү, көзгө күч келген жумуш иштелсе ар бир 30 минутадан 5—10 мин. көздү эс алдыруу сунуш кылынат. Сезгенүүгө каршы жана ооруну басаңдатуучу тамчылатма дарылар догдурдун сунушу менен колдонулат. Конъюнктивит оорулуу адамдардын буюмдарын (сүлгү, бет аарчы, жаздык, китеп жана башка) пайдаланганда жугат. Конъюнктивитти чымындар таратышы мүмкүн.

Алдын алуу

Ооруну алдын алууда өздүк гигиенаны сактоонун, чымынды жоготуунун мааниси чоң. Бөлмөнү, иштеген жерди таза кармоо, желдетип, тазалап туруу талапка ылайык

 

18. Трахома — конъюнктива жана көздүн тунук челинин өнөкөт жугуштуу оорусу.
Көздүн тунук жана былжырлуу чели жабыркайт.

Себеби

Ооруну вирустар чакырат. Трахома оорулуунун өздүк буюмдары (сүлгү, жүз аарчы, шейшеп жана башкалар), вирус менен булганган кир колу аркылуу жугат. Эл арасында аны чымындар таратат.
Трахома — эпидемиялык оору. Оорунун таралышы калктын жашоо шартына, санитариялык абалына жараша болот. Адатта оору өнөкөт түрүндө билинбей башталат. Көбүнчө эки көз тең жабыркайт. Оорунун жашыруун (инкубациялык) мезгили 7—14 күнгө созулат.

Белгилери

Алгачкы белгилери: көз жапкагы кычышып кызарып, бир нерсе түшкөндөй сезилет. Көздүн былжыр челинин конъюнктигасында ириңдүү ыйлаакчалар пайда болот. Көздөн чылпак чыгып, кирпиктер чыпталышып, көз ачылбай калат. Алгачкы белгилери билингенде эле врачка кайрылуу зарыл. Дарылоону врач жүргүзөт. Өз убагында дарыланса 2—3 айдын ичинде толук айыгат.

Алдын алуу

Ооруну алдын алууда тазалыкты, санитариялык эрежелерди сактоо, оору таратуучу чымындарды кырып жок кылуу, ооруган адамдын буюмдарын (сүлгү, жүз аарчы жана башкалар) бөлүп коюу талапка ылайык. Биздин өлкөдө алдын алуу жана убагында дарылоо жолго коюлгандыктан оору көп кездешпейт.

 

Блефарит (лат. blepharitis байыр -грек. βλέφαρον — «көздүн кабагы») — көз жапкагынын (четтеринин) сезгениши.

Себеби

Блефаритке жетишсиз тамактануу, аз кандуулук, ичеги карын жолдорунун оорусу, көзгө чаң, шамал дайыма таасир эткенде, алыстан жана жакындан начар көрүүдө, астигматизмде көз айнек кийбей жүрүү түрткү берет. Анда көз жапкагынын чети кызарып, кирпиктердин түбү шишийт, майда агыш боз же сары какачтар каптайт. Кирпик түшөт, топтошуп же көздү карай кайрылып туура эмес өсүп, көздү өйкөйт. Оору көпкө созулуп, кычыштырат, көз тез талыйт, жарыкты сүйбөйт.

Дарылоо

Блефаритти алдын алуу жана дарылоодо барыдан мурда үйдөгү жана жумуштагы гигиеналык шартты жакшыртуу организмди чыңдоо, түрдүүлөп жакшы тамактануу, көздүн оптикалык жетишсиздигинде көз айнек тагынуу зарыл. Көз жапкагынын ооруларында врачка кайрылуу керек. Догдур сунуш кылган дары майды айнек таякча менен сыйпоо талапка ылайык. Кээ бир учурда көз жапкагына массаж жасоо жакшы таасир берет. Аны догдур жасайт.



2018-07-06 1427 Обсуждений (0)
Катаракта оорусунун алгачкы белгилери 0.00 из 5.00 0 оценок









Обсуждение в статье: Катаракта оорусунун алгачкы белгилери

Обсуждений еще не было, будьте первым... ↓↓↓

Отправить сообщение

Популярное:
Как выбрать специалиста по управлению гостиницей: Понятно, что управление гостиницей невозможно без специальных знаний. Соответственно, важна квалификация...
Почему люди поддаются рекламе?: Только не надо искать ответы в качестве или количестве рекламы...
Модели организации как закрытой, открытой, частично открытой системы: Закрытая система имеет жесткие фиксированные границы, ее действия относительно независимы...



©2015-2024 megaobuchalka.ru Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав. (1427)

Почему 1285321 студент выбрали МегаОбучалку...

Система поиска информации

Мобильная версия сайта

Удобная навигация

Нет шокирующей рекламы



(0.006 сек.)