Мегаобучалка Главная | О нас | Обратная связь


Дары-дармектерди тандоо



2018-07-06 1137 Обсуждений (0)
Дары-дармектерди тандоо 0.00 из 5.00 0 оценок




· Белгиленген тизме бирдиги

· Эритромицин, көз майы 0,5 % 3—4 жолуу суткасына.

· Гентамицин, көз майы 0,3 % 3—6 жолуу суткасына

· Хлорамфеникол, көз линименти 1 % 3—5 жолуу суткасына

Альтернативалуу дары-дармектер

· Ципрофлоксацин, көз тамчысы 0,3 % 2—5 жолуу суткасына.

· Офлоксацин, көз тамчысы 0,3 % 3—6 жолуу суткасына.

· «Макситрол», көз майы (неомицин 3,5 мг/г + полимиксин 6 миң. ЕД/г + дексаметазон 1 мг/г) жолуу суткасына.

19. Бленнорея (байыр.-грек. βλέννος — былжыр и ῥέω — агуучу) — көздүн былжыр челинин (коньюнктива) жугуштуу оорусу. Көздөн чылпак көп чыгат. Аны көбүнчө гонококктор пайда кылат.

Бленнореянын формасы

Бленнореяда көз жапкагы шишип катууланат, жээги кызарат, өтө шишигенде агыш тартат. Ымыркайдын, балдардын жана чоң кишилердин бленнореясы болуп айырмаланат.

Ымыркайдын жана чоң кишилердин бленнореясы

Ымыркай балага оорулуу энеден төрөт убагында жугат. Балдарга сүзөк (гонорея) менен ооруган, санитардык-гигиенаны сактабаган энеси жуктурат.Чоң кишилерге кир колу аркылуу жугат. Ымыркай бала төрөлгөндөн 2—3 күндөн кийин көз жапкактары абдан шишип, көздүн былжыр чели сезгенет; 5—6 күндөн кийин шишиги тарап, көздү чылпак басат. Демейде бир көз жабыркайт.

Дарылоо

Бат-батан көздүү марганецтик кычкылынын суюк эритмеси менен жууш керек. Бленнореянын белгилери билинери менен тезинен догдурга кайрылуу керек, догдур тийиштүү дарылоону сунуш кылат. Эгерде дарылоо өз убагында башталса, балдардыкы 3—5 күндө, чоң кишилерде 8—12 күндө айыга баштайт; кээде кабылдап кетиши байкалат. Бленнореяда жабыркаган көздү таңууга болбойт, себеби таңгычтын алдында козгогучтарга ыңгайлуу шарт түзүлөт. Бир көз ооруганда, экинчи көздү сактоо зарыл.

Оорунун алдын алуу

Бленнореяны гонококк пайда кылгандыктан ымыркайда бленнореяны алдын алуу үчүн эненин сүзөк (гонорея) оорусун дарылоо зарыл.

 

 

Дакриоцистит — көздүн жаш баштыкчасынын сезгенүүсү. Мурун бүтүүнүн, конъюнктивиттин кабылдоосу катары пайда болот. Көздөн жаш агып, чылпак чыгат. Жаш баштыкчасын мурун көңдөйү менен бириктирген жаш мурун каналчасынын бүтөлүшүнөн жаш агып чыкпай, баштыкчада чогулуп, ал анан чоюлуп чоңоёт. Жаштын чыкпай, баштыкчада чогулушу былжырлуу челдин, кошумча коңулдардын ооруларында, мурун травмасында жана башка болот. Туруп калган жаш микробдорго каршы касиетин жоготот, буга байланыштуу жаш чогулган баштыкчада инфекциянын өөрчүшү үчүн шарт түзүлөт. Көбүнчө чоң кишилерде, кээде жаңы төрөлгөн балдарда байкалат. Дакриоциститте хирургиялык дарылоо талапка ылайык. Дарыланбаган дакриоцистит ар кандай кабылдоолорго алып келет. Ошондуктан дакриоститтин белгиси билинери менен врачка кайрылуу керек.

 

Жарыкты карай албоо — көздүн күндүзгү же жасалма жарыкты өтө сезгичтиги. Кишинин нормалдуу көрүүсү үчүн жарык күчүнүн белгилүү өлчөмү болуш керек. Эгерде жарык күчүнүн өлчөмү жогоруласа, адам жарыкты карай албай жалтанат, көрүү начарлагандай сезим туулат. Көздүн мындай реакциясы көрүүнүн бузулушу эмес, ошондой эле Жарыкты карай албоого да кошууга болбойт. Кадимки жарыкта эле көз ооруп, жарыкты карай албаса оору болуп эсептелет. Жарыкты карай албоо көздүн ар кандай ооруларынын — конъюнктивит, кератит, иридоциклиттин, көздүн сырткы катмарынын жабыркашынын белгиси болуп эсептелет; кээ бир жугуштуу ооруларда (мисалы, кызылча жана башкада) да байкалат. Ошондуктан Жарыкты карай албоо байкалары менен врачка кайрылуу керек. Ошондой эле дары куюп, каректи чоңойткондо, көздүн түсүн берүүчү катмар тубаса жок болгондо, альбинизмде болушу мүмкүн. Оору кармаганда көз катуу ооруйт, көздүн жапкактары эрксизден жумулуп, жаш агат. Дарылоо негизги ооруну айыктырууга багытталышы керек. Ооруну азайтуу үчүн күндөн сактоочу түрдүү фильтрдүү көз айнектер колдонулат. Өздүк гигиенаны бузбай, түрдүү жугуштуу оорулардан сактануу зарыл.

 

Түс тааныбоо (дальтонизм) — көздүн айрым түстөрдү көрбөй калышы.

 

Оорунун тарыхы.

Биринчи жолу кызыл, жашыл же көк түстү көрбөй калганды англиялык окумуштуу физик жана химик Дальтон сыпаттап жазган (1794), кийин ал дальтонизм деп аталган. Мында кызыл жана жашыл түстү начар көрөт же дээрлик байкабайт, ошондуктан өзүн курчаган чөйрөнүн өң-түсүн туура эмес кабыл алат. Көк түстү тааныбоо сейрек кездешет. Түс тааныбоонун тубаса жана ар түрдүү себептердин негизинде кийин пайда болгон түрү бар. Тубаса түс тааныбоо эркектерде 8% жана аялдарда 0,5%ке чейин кезигет, ошондой эле бул тукум кууп атасынан кызы аркылуу эркек неберелерине берилет. Тубаса түстү тааныбагандар ачык жана кочкул түстү айра албайт. Кийин пайда болгон түс тааныбоо оорулуу адамдарда (глаукомада, көрүү нерви куурап калганда, мээнин шишик оорусунда жана башкалар) кездешет.

Түс тааныбагандар үчүн чектөөлөр.

Илим жана техникада түс абдан көп колдонулат, ошондуктан түстү тааныбагандарды илектеп, туура ишке орноштуруу маанилүү. Ошондой эле түс тааныбоонун даражасына карата А, В, С деп бөлүнөт. Таптакыр түстүү көрбөй калуу (түстөргө сокурлук) өтө аз кездешет. Мында бардык нерсе ак-кара түстө кабыл алынат. Бирок түстүн ачыгын айрып тааный албаган адамдар 70%ке чейин жолугат. Негизи түс тааныбагандарды машина айдаганга уруксат беришппейт. Анткени алар светофордун түстөрүн айырмалай алышпайт.

Дарылоо.

Тубаса түс тааныбагандар айыкпайт, ал эми кийин пайда болгон түс тааныбоону өз убагында дарыласа калыбына келтирүүгө болот. Ошондуктан түстөрдү ажырата албоо байкалары менен врачка кайрылуу керек. Түстөрдү туура эмес кабыл алуу көпкө чейин оорулууга жана айланадагыларга сезилбеши мүмкүн. Ошондуктан түстөрдү ажыратууну текшерүүнүн мааниси чоң, себеби түстөрдү ажырата албоо ар кандай кырсыкка чалдыктырышы ыктымал. Түс тааныбоо менен жабыркагандар транспорт айдоого, ошондой эле түрдүү кырсыкка дуушарлантуучу өндүрүштөргө жиберилбейт. Түс тааныбоону аныктоо үчүн атайын түстүү таблица жана аппарат колдонулат.

 

Астигматизм — көздүн оптикалык кемтиги, анда бир көздө түрдүү рефракциялар (алыстан же жакындан начар көрүү, нормалдуу көрүү) же бир рефракциянын түрдүү даражалары айкалышат. Көздүн ар кайсы бөлүгүндөгү оптикалык системанын нурду сындыруу (чагылдыруу) күчү ар кандай болгондуктан нерсенин сүрөттөлүшү даана болбойт. Мындай учурда көрүүнү атайын цилиндр айнектүү көз айнек, кээде контактуу линза кийүү менен оңойт (Көз айнек). Балдарды жыл сайын врачка көрсөтүп, көз айнегин которуп туруу зарыл. Чоң кишилерде астигматизм демейде туруктуу болот. Ал көздүн тунук челинин ийрисинин жана чечекейдин формасынын өзгөрүшүнөн

пайда болот.

 

Көздүн көрүүсү мыкты болсун десеңиз, анда...

Илимпоздордун айтымында, дени сак көз бизге айлана-чөйрөнү таанууга жардам берет. Бул эле эмес, адистер жашоодогу маалыматтын 70%ын адам көрүү органы аркылуу кабыл аларын да далилдешкен. Ал эми көрүү жана көрүү процессинин жакшы жүрүүсү үчүн жашылча жана жер-жемиштердин өзгөчө пайдалуу экенин аныкташкан.

Ашкабак. Ашкабак дагы составында каротин көп кездешкен жашылча экени белгилүү. Таасири күчтүүрөөк болсун үчүн аны тамакка ченемсиз кошуп жей берсе болот. Мисалы: ашкабакты пюре, шорпо, салат катары даярдап кабыл алуу натыйжалуураак келет. Тамактануудан кийин абрикостун ширесин ичип коюу ашыктык кылбайт.

Кызыл кызылча. Кызыл кызылчанын курамында көз үчүн пайдалуу болгон цинк элементи бар. Ошон үчүн бул дагы көздүн көрүүсү үчүн жакшы азык болуп саналат. Аталган жашылчаны сүйбөсөңүз, ашкабактын чемичкесин чаксаңыз болот. Андан сырткары, кызылчадан салат жасап, ага болгар калемпирин, сабиз, цитрус жемиштеринин ширесин жана оливка майын кошуп жеген натыйжалуу. Сабиз. Бул жашылчанын курамы каротинге абдан бай келет. Ошон үчүн сабиз көрүүнү жакшыртуучу жана "күүгүм сокуру" (куриная слепота) оорусун айыктыруучу дараметке ээ. Каротин организмге жакшы сиңиши жана таасирдүү болушу үчүн жаңы сабизди туурап, суу май же каймакмай менен аралаштырып жеген жакшы. Сабизден жасалган шире суусундугу да абдан пайдалуу.

Ит мурун. Ит мурун С витаминин камтыган, деги эле витамнге бай өсүмдүктөрдүн лидери. Ошон үчүн аны күн сайын демделген чай катары ичсеңиз, сиз көзүңүздүн кан тамырларын бекемдеген болосуз. Ошон үчүн ит мурун чайы менен кара карагаттын киселин айкалыштырып ичүүнү адатка айлантып алыңыз. Анткени, кара карагатта дагы дени сак көз үчүн өзгөчө пайда берүүчү каражаттар бар.

Петрушка. Кадимки эле петрушканын ширесин сыгып ичип туруу көрүү нерви жана көз менен байланыштуу ооруларды жоёт. Себеби, курамы пайдалуу азыктарга бай аталган чөп көрүүнү курчутуучу жана кан тамырларды бекемдөөчү сапатка ээ. Петрушка күчтүү каражат болгон үчүн муну күнүнө бир аш кашыктан гана 3-4 жолу ичип туруу жетиштүү.

Балык. Лосось сыяктуу кызыл жана майлуу балык көрүү системасынын начарлашынан сактоочу алмашкыс азык болуп эсептелет. Себеби, бул жандыкта көрүүнү бекемдөөчү Омега-3 майлуу кислотасы бар. Андыктан, жумасына бир порциядан бир же эки жолу майлуу кызыл балыкты жеп туруу талапка ылайык.

Лимон жана апельсин. Мындай цитрус жемиштерин жумасына бирден сөзсүз жеп туруу ден-соолукка пайдалуу. Ал эми жумасына бир жолу эки же үч цитрус жемишин жеген көрүүнүн бузулуусунун алдын алат. Бул көздү жакшы сактоо үчүн жетиштүү. Эгер лимонду жей албасаңыз, чайга кошуп ичип, ал эми апельсинди жакшы көрбөсөңүз, грейпфрут менен алмаштырсаңыз болот.

 

Корутунду.

ǀ бап

Көз өтө татаал түзүлүштө жаратылып, абдан маанилүү бир кызматты аткарганы менен денебизде өтө аз орунду ээлейт. Баалуу бир асыл таштын кутуда сакталышы сыяктуу, баш сөөгүбүздүн ичинде сырткы таасирлерден корголот. Абдан маанилүү бир кызматты аткарганы үчүн улуу бир долбоор менен коргоого алынган.

Көздөр алты сөөк бутагы аркылуу баш сөөгүнө туташкан, айланасы атайын тканьдар менен оролгон көз чараларынын ичине, коргой турган бир май катмарынын үстүнө жайгаштырылган. Мурун сөөгү, каштар жана бет сөөктөрү тарабынан сырткы таасирлерден коргоого алынган. Көздөрдү ороп турган бул сөөк жана тканьдардын баары чогуу «көздүн чарасы» (орбита) деп аталат.

Көздөр, эң мыкты коргоого алынуу менен бирге, денеде эч кыйынчылыксыз жана эң идеалдуу көрүүгө шарт түзө турган аймакка жайгаштырылган. Бул аймак денебизди жана кол-буттарыбызды эң жакшы башкаруубузга мүмкүнчүлүк бере турган жер болуп саналат.

Бир мисал катары, көздөрүбүздүн буттарыбыздын үстүндө жайгашканын элестетип көрөлү. Ылдый жагыбыз гана көрүнгөндүктөн, денебиздин үстүңкү бөлүгү, өзгөчө башыбыз менен тынбай ар жерди сүзүп ала бермекпиз. Мындан тышкары, тамак жеш, колдорду колдонуу сыяктуу көп кыймыл-аракеттер чоң маселеге айланмак. Бул бир гана мисал. Көздөрүбүз денебизде азыркы ордунан башка бир жерде жайгашканда, кандай кыйынчылыктарга себеп болоорун санап бүтө албайбыз.

ǀǀ бап

Түс: Жарыктын ар кандай толкун узундуктарынын мээ тарабынан өз-өзүнчө чечмеленишинин натыйжасында түс түшүнүгү келип чыгат. Көздүн ичинде жайгашкан, жарыкты кабылдоочу тордомо чел толкун узундуктарын бири-биринен айырмалап, түстөрдү көрүшүбүзгө шарт түзөт.

Тордомо челдин жарыкты электрдик сигналдарга айлантышынын өзү эле бир керемет. Бирок тордомо челдеги кереметтер муну менен эле чектелбейт. Тордомо челде пайда болгон сүрөттөлүштү мээге жиберүүдө колдонулган ыкманын өзүндө эле канчалаган таң калыштуу жагдайлар бар. Тордомо чел анда пайда болгон сүрөттөлүштү мээге бүтүн бойдон жөнөтпөйт. Алгач бөлүктөргө бөлөт жана кийин бул бөлүктөр мээде бириктирилет. Биз караган нерсенин сол тарабынын сүрөттөлүшү тордомо челдин оң тарабына, оң тарабына тиешелүү сүрөттөлүш болсо тордомо челдин сол тарабына түшөт. Бөлүктөр секунданын ондон биринчелик кыска убакыттын ичинде өз-өзүнчө мээге жөнөтүлүп, ал жерде чечмеленет. Бул тордомо челде ишке ашкан процесстердин кыска бир сүрөттөөсү.

Анын ичиндеги кереметтерге күбө болуу үчүн тордомо челди тереңирээк карайлы. Адам бир нерсени көрө алышы үчүн көзгө кирген жарык энергиясынын нерв импульстарына айландырылышы шарт. Нурлар көрүү менен жыйынтыктала турган химиялык жана электрдик реакцияларды баштоочу физикалык бир стимулду пайда кылышат. Ишке аша турган реакциялар чынжыры таякча клеткаларындагы «родопсин» аттуу, негизинде А витамини турган бир пигменттен көз-каранды.

Тордомо челге тийген жарык родопсиндин түсүн жоготушуна себеп болот. Бул түс жоготуунун натыйжасында нерв клеткаларын стимулдоочу химиялык бир зат келип чыгат. Жарык жерде касиетин жоготкон родопсин караңгыда кайрадан пайда болот.

Караңгы бир бөлмөгө киргенде кыска убакытка эч нерсе көрбөй калабыз. Себеби көздөрдө ошол убакыт аралыгында жетиштүү санда родопсин пайда болбойт. Бул заттын кайра синтезделиши менен кайрадан тагыраак көрүп баштайбыз. Жетиштүү санда родопсин өндүрүлгөнгө чейин көз караңгыда тунук көрө албайт. Родопсин тең салмактуулугунун орношу менен формалар барган сайын даана көрүнө баштайт.

Караңгыдан кайра жарыкка чыкканда родопсин бир заматта мээге көп санда сигнал жөнөтүп, ачыгыраак көрүп калабыз. Жарык күчтүү болгондо родопсиндин талкаланышы синтезделишинен бир топ ылдам болгондуктан, көрүү үзгүлтүккө учурайт. Мисалы, күн жаркырап тийген, кардуу абада көздүн тунарышынын себеби – родопсин. Родопсиндин көпчүлүгү деформация болгон соң мээге азыраак сигнал жөнөтүлүп баштайт жана көздөр жарыкка көнүшүп калат.12

Родопсиндин өзгөчөлүгү, жогоруда айтылгандай, жарыктан алынган натыйжалуулукту жогорулатат. Бул зат дал керектүү учурда, керектүү санда өндүрүлөт. Көздөгү башка түзүлүштөр менен бирге иш-аракет жүргүзүп, көрүүнү жеңилдетет. Бул затты өндүрүүнү эң башында ким чечкен? Бир кездерде караңгыда көрө албаган көз клеткалары өз ара чогулушуп, «келгиле, караңгыда мээде сүрөттөлүш пайда болушу үчүн жарыктын натыйжалуулугун жогорулата турган бир зат өндүрөлү, жарыкка чыкканда болсо ал зат бул касиетин өзүнөн-өзү жоготсун» деген чечим чыгарышканбы? Ушундай бир чечим алынды деп элестетели. Родопсиндин физикалык жана химиялык түзүлүшүн ким долбоорлогон? Родопсинге тиешелүү генетикалык маалыматтар көз клеткаларына кантип жазылган?

Бул жерде кыскача баяндалган көрүү процессинин негизи алда канча татаал детальдары бар. Бирок родопсиндин көрүүдөгү ролунун өзү эле көздүн канчалык укмуш бир система менен жаратылганын түшүнүүгө жетиштүү болот. Булардын баарын клеткалардын өз алдынча жасай албашы анык. Көздүн ичиндеги бул абдан кылдат эсептелген системаны Аллах жараткан

ǀǀǀ бап

Адамга дүйнөнү кызыктуу жана сулуу кылып көрсөткөн орган бар. Ал керемет орган - көз. Ошондуктан көзгө тиешелүү жакшы да, жаман да маалыматтар менен кабардар болуп, көздү аздектеп күтүүбүз керек. Эмесе, бүгүнкү тема көз тууралуу болмокчу.

Көз алмасынын катмарына жараша көз ооруларынын түрлөрү да ар кандай. Алар тубаса же кийин пайда болот. Акыркы кездерде көз ооруларынын калк арасында эң көп кездешкен түрүнө катаракта, миопия жана глаукома кирет. Алардын ичинде Кыргызстан боюнча эң биринчи орунда турганы көздүн катаракта оорусу.

Жарык дүйнөнүн көркү көз менен ачылат. Көзүң көрбөсө анда ар тарабың -туңгуюк, караңгылык. Көздүн түзүлүшүн карасак фотоаппараттай нерсе экен.

Жарык дүйнөнүн көркү көз менен ачылат. Көзүң көрбөсө анда ар тарабың -туңгуюк, караңгылык. Көздүн түзүлүшүн карасак фотоаппараттай нерсе. Фотоаппараттын схемасын көздөн алган. Кийинки кездери көз оорулары көбөйдү. Анын ичинен катаракта, глаукома ж.б. оорулар.

- Көздүн катаракта оорусу эмнеден улам пайда болот?

- Жашы өткөндөрдө, айрыкча 60 жаштан кийин чач агара баштаганда бул оору көбүрөөк кездешет. Алдагы турган терезе парданы жаап коелучу. Караңгылык каптап калды. Дал ушул көрүнүштөй болуп, көздү ак нерсе каптап, көз тунара баштайт. Бул оору башталганда жакынды, алысты көрбөй калат. Каректи ак нерсе каптап калат. Бул көбүнесе адамга керектүү витаминдер азайганда, жаш өткөн сайын организмде болгон өзгөрүүлөрдөн улам же жаракат алганда, зат алмашуу бузулганда, кант диабети, өпкөсү, боору ооруса, тамеки көп тартса, бийик тоодо жашагандарда, начар тамактанганда, күн тийип же кар жааганда иштегендерге тез пайда болот.

- Көп ыйлагандан да болобу?

- Адам көп ыйлаганда стресс болот. Стресс болгондо мээ куушурулат. Мээ ооруса көз да ооруйт. Көзгө да таасир берет.

- Операциясы жок дарылоо жолу менен айыктырууга болобу?

- Катарактага операциядан башка жол жок. Операцияда көздөгү чечекей алынып, ордуна жасалма тунук чечекей, орусча айтканда "хрусталь" салынат. Ага болбой эле операциясыз айыгабыз деп ар кандай жолдорго барышат. Элдик табыптарга кайрылышат. Мага бир оорулуу кайрылды. Көзү ооруганынан айылындагы элдик табып аялга кайрылыптыр. Ал аял болсо "сүф-сүф" деп башын, көзүн тебелеп, дарылоо акысына 20 миң сом акча алыптыр. Оорулуунун көзү айыкпай эле күчөп кеткенинен бизге келиптир. Көзүнүн тамыры жарылып кетиптир. Элдик табыпты сотко берем деп жулунган бойдон кетти.

- Көзүн операцияга бербей создуктуруп жүрө бергендер эмне болот?

- Убагында операция жасатпай жүрө берүүдөн чечекей эзилип, көз глаукома оорусуна өтүп кетет. Глаукома көздүн эң кыйын оорусу. Көздүн басымы жогорулап кетет. Көз соолуп калат. Азиздикке алып келет.

- Көздүн глаукома оорусун коркунучтуу дешет?

- Бул көздүн кан басымынын көтөрүлүшү. Тукум куучу оору болуп эсептелинет. Эгер эне глаукома менен жабыр тартса, анда балага да өтүп кетүү коркунучу бар. Глаукоманын эки түрү бар. Биринчиси - ачык бурчтуу түрү. Буга чалдыкканда билинбей жүрүп күч ала берет. Анда-санда гана баш ооруйт. Экинчиси - жабык бурчтуу түрү. Мында башты катуу оорутат. Приступ карматат. Бул түрүндө тезирээк операцияга берүү керек. Мурун союз убагында ар бир жарандын көз басымы тез-тез өлчөнүп турчу. Ар бир кырк жаштан өткөн адам жок дегенде жылына бир жолу көздүн басымын текшертип, ооруну алдын-алып туруусу керек.

- Катаракта, глаукомага чалдыккандардын саны кандай?

- Ар бир 1000 адамды алсак, алардын 7,8%ы бул дартка чалдыккандар. Салыштырып түшүндүрсөк, мындай: жарым кап буудай турат. Чычкан түбүн тешип бирден ташый берет. Ташый берет. Качан түгөнөйүн дегенде бир билебиз. Глаукома дагы ошондой. Көздүн тегерегиндеги миллиондогон нерв клеткалары билинбей күн сайын өлө берет. Бир күнү глаукоманын акыркы баскычына жетип калганда гана билебиз.

- Миопия жана гиперметропия оорулары кандай?

- Алысты начар көрүүсү "миопия" деп аталса, жакынды начар көрүүсү "гиперметропия" болот. Учурда айлана-чөйрөнүн таза эместиги, туура эмес тамактануу, компьютерде көп иштегендер, телевизорду жакындан көрүп, китепти көп окугандар жогоруда айтылган ооруларга чалдыгышы мүмкүн. Анткени компьютер көздү талытат, чарчатат, бара-бара начар көрүүсүнө алып келет. Бир гана көзгө эмес, мээни кургатып, адамдын энергиясын алып, алсыз кылат. Компьютерден көздүн чел кабыгы жабыр тартып, көрүү начарлай баштайт. Ошондуктан биринчи учурда компьютерден сактоочу көз айнек тагынуу керек. Көздүн булчуңдары талыганда, көзгө күч келгенде бул оорулар пайда болот.

Адамдын организминде витаминдер сөзсүз болушу керек. Кырк пайыз эт болсо, алтымыш пайызы жер-жемиш, таттуулар камтылат. Ар бир адам жумуштан үйүнө барганда көзгө көнүгүүлөрдү жасап, көздү акырын ушаласа, чарчоосу тарайт. Колуңуздун бармагы менен көздүн үстүн акырын басып, ылдый-өйдө массаж жасап, көздү сааттын жебеси менен ары-бери кыймылдатасыз. Ушул эле эрежени үч-төрт ирээт кайталаңыз. Көздүн жакшы көрүшү үчүн витаминдер, анын ичинен А витамини организмден кем болбошу керек. А витамининде сабиз, көк алма, өрүк, арбуз, банан, ашкабак, жүгөрү камтылган. Бул азыктарды бир күндө бирден жеп туруу зарыл. Ошондой эле бетти жуугандан кийин демделген кызыл чайга пахтаны малып, көздүн үстүнө сүртсө да жакшы жыйынтык берет.


Көздүн алдындагы шишиктердин пайда болушу .
Керелден кечке компьютерде отурган болсоңуз, албетте көздү эки эсе чарчатып, кечинде көзүңүз кызарып чыкса эртең менен алды шишип, жүзүңүздү ого бетер чарчаңкы, кубартып көрсөтөт. Мындан тышкары уйку канбаганда, катуу чарчаганда, начар тамактанганда, чылым чеккенден да пайда болот. Көздүн алдындагы шишиктен арылуу үчүн кечинде жатаарда атайын баштыкчага салынган колдонулган чайды жылуу бойдон көздүн астына коюу керек. Андан тышкары музду да талкалап алып койсо болот. Картошканы теркадан өткөрүп туруп, бир нече кат марлиге ороп көздүн тегерегине 5-10 мүнөт коюу зарыл. Эске салчу нерсе жогорку маскаларды колдонгондон соң атайын көздүн астына сүйкөй турган майды сүйкөңүз.

Колдонулган адабияттар:



2018-07-06 1137 Обсуждений (0)
Дары-дармектерди тандоо 0.00 из 5.00 0 оценок









Обсуждение в статье: Дары-дармектерди тандоо

Обсуждений еще не было, будьте первым... ↓↓↓

Отправить сообщение

Популярное:
Почему человек чувствует себя несчастным?: Для начала определим, что такое несчастье. Несчастьем мы будем считать психологическое состояние...
Как построить свою речь (словесное оформление): При подготовке публичного выступления перед оратором возникает вопрос, как лучше словесно оформить свою...



©2015-2024 megaobuchalka.ru Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав. (1137)

Почему 1285321 студент выбрали МегаОбучалку...

Система поиска информации

Мобильная версия сайта

Удобная навигация

Нет шокирующей рекламы



(0.011 сек.)