Мегаобучалка Главная | О нас | Обратная связь


Сокур так жана мээнин толуктоо функциясы



2018-07-06 1171 Обсуждений (0)
Сокур так жана мээнин толуктоо функциясы 0.00 из 5.00 0 оценок




Курстук иш

 

Предмети:Кишинин жана жаныбарлардын физиологиясы

Тема: Көрүү анализаторунун физиологиясы

Аткарган:Атаханова Асиякан Дилшодбековна

Текшерген: Сагынбаева Гүлзада Авазбековна

Рецензент: Илиязов Жоодар Искендерович

Адистиги:Биология

Тайпасы: Б-13К-2

Ош-2016.

Мазмуну

1. Киришүү .................................................................................3

ǀ бап Көз органын анатомиялык түзүлүшү.

2.Көздүн түзүлүшү..................................................................4

3. Көздүн алмасы ............................................................4

4.Көздүн кареги...............................................................6

5. Көздүн жардамчы аппараттары.....................................7

ǀǀ бап Көз. Көздүн көрүүсү

6. Сүрөттөлүштүн пайда болушу жана көрүү.........................9

7. Мээнин көрүүдөгү ролу..........................................................10

8. Жоголгон сигналдар жана жоопгерчиликтүү клеткалар...........14

9. Бинокулярдык көрүү..................................................................19

10. Түс...............................................................................................21

11. Көрүү. Көрүү системасы...........................................................23

ǀǀǀ бапКөз оорулары жана жабыркашы.

12. Көз оорулары ...........................................................................27

13. Глоукома.....................................................................................29

14. Көз травмалары ......................................................................30

15. Миопия жана гиперметропия............................................31

16. Катаракта......................................................................................32

17. Конъюнктивит..............................................................................34

18. Трахома...............................................................................

19. Көздүн көрүүсү үчүн пайдалуу жер-жемиштер.......................41

20. Корутунду......................................................................................43

21. Колдонулган адабияттар..............................................................48

1. Киришүү

Before you finish reading this sentence, approximately one hundred billion (100,000,000,000) operations will have been completed inside your eyes. However fantastic it may seem, you possess an example (two, in fact) of the Universe's ultimate technology. No scientist has ever come close to fully grasping it, let alone inventing anything remotely similar.

Бул сүйлөмдү сиз окуп бүткөнгө чейин көзүңүздө болжол менен жүз миллиард (100.000.000.000) операция жасалды. Балким ишенүү кыйындыр, бирок дүйнөнүн эң укмуштуу шаймандарынын бир жубу бар сизде. Адам баласы алигече көзгө окшогон бир шайманды жасай алган жок. Жашооңуздагылардын баарынын маанисин көздөрүңүз менен гана түшүнөсүз. Үй-бүлөңүздү, досторуңузду, үйүңүздү, жумушуңузду, кыска өмүрүңүздө көргөн нерселериңиздин баарын көздөрүңүз менен гана чындап тааныдыңыз. Алар болбосо сырткы дүйнөнү эч качан толук тааный алмак эмессиз. Көздөрүңүз болбогондо, бир түстүн, бир форманын, бир табияттын, бир адамдын жүзүнүн, сулуулук деген түшүнүктүн кандай экенин эч качан элестете алмак эмессиз. Бирок көздөрүңүз бар жана алар аркылуу айланаңызды көрүп, азыр буларды окуп жатасыз.

Болгондо да, көрүү үчүн эч аракет кылышыңыздын кереги жок; көргүңүз келген нерсени карашыңыз гана жетиштүү. Көзүңүзгө, көздүн ичиндеги тетиктерге, көздөн мээге барган нервдерге жана мээңизге «карагыла, көргүлө, мобул операцияларды жасагыла» деп буйрук бербейсиз. Жер жүзүндө жашаган жана жашап өткөн миллиарддаган адамдар сыяктуу, сиздин дагы көрүү үчүн карап коюшуңуз гана жетиштүү. Бир нерсени тунук көрүү үчүн көзүңүздүн чечекейинин радиусунун буюмдун алыстыгына жараша талап кылынган оптикалык өлчөмүн, чечекейдин айланасындагы булчуңдардын жогорку тактыктагы жыйрылуу чоңдуктарын эсептебейсиз. Сиз болгону аны тунук көрүүнү гана каалайсыз, калганы секунданын өтө аз бир тилкесинде сиз үчүн автоматтык түрдө жасалат. Мунун канчалык чоң керемет экени, канчалаган адамдар сыяктуу, балким ушул күнгө чейин сиздин да оюңузга келбегендир.

Болгондо да, мынчалык укмуш бир шаймандуу болуу үчүн сиз эч нерсе кылган жоксуз. Төрөлгөндө эле көздөрүңүз дагы, кандайдыр бир ооруңуз болбосо, өтө кемчиликсиз бир түзүлүштө денеңизде бар болчу.

Бул тартуунун (нематтын) баркын көрүү жөндөмүнөн кийинчерээк ажырап калгандар эң жакшы түшүнүшөт. Эгер бир күнү көздөрүңүздөн ажырап калсаңыз -негизи мындай ыктымалдык бар- ошол күндөн баштап келечектеги пландарыңыздын баары экинчи планда калып, дүйнөдөгү эң чоң каалооңуз көздөрүңүзгө кайрадан жетүү болот. Же көп жыл бою сокурдукта өмүр сүргөн соң бир күнү медициналык бир аракеттин натыйжасында көздөрүңүз көрүп калды дейли. Ишенип коюңуз, бул дүйнөдө эч бир белек сиз үчүн мындан баалуу боло албайт, ал күнү жана андан кийинки күндөрү сизди эч нерсе мынчалык кубантып, бактылуу кыла албайт

 

ǀ бап Көз органын анатомиялык түзүлүшү.

2. Көздүн түзүлүшү

Көз (лат. oculus) — көрүү органы; сезүү органдарынын эң негизгилеринин бири болуп эсептелет да башкы мээден өсүп чыгат.

Ал өзүнүн түзүлүшү боюнча:

- көз алмасынан;

- көрүүчү нервдерден;

- жардамчы аппараттарынан (көздүн булчуңдары, фасциялары, каштар, кирпиктер, кан тамырлар, андагы нервдер, көздүн жаштарын иштеп чыгаруучу апараттары жана көздүн ирмектери) турат.

Кишинин көзүнүн сырткы түзүлүшү:

1—каш; 2,7— көз жапкактарынын кирпиктүү четтери; 3— көздүн агы; 4,9— көз кычыктары; 5— жаш этчеси; 6— көк жаа сымал кабык; 8— карек.

 

Көздүн алмасы көздүн ядросу жана чел кабыктары болуп экиге бөлүнөт

3. Көздүн алмасы.

. Көз алмасынын арткы уюлунан көрүү нерви чыгып мээ менен байланышкан. Көздүн ак челинин арт жагында тегерете көз булчуңдары бекип, көз алмасынын кыймылын камсыз кылат. Көз алмасы шар түрүндө болгондуктан, алдыңкы уюлу томпок линзага окшош келет. Көз алмасы беттин сөөктөрүндөгү өзүнүн чөйчөгүндө жатып (көз чанагында), ички ядросунан жана аны курчап турган үч катмардан:

ǀ. Сырткы фиброздук чел кабык (склера);

ǀǀ. Ортоңку чел кабык;

ǀǀǀ. Ички торчо келген чел кабыктан турат.

Көздүн түзүлүш схемасы (туурасынан кесилген):

1—көздүн тунук кабыгы; 2—көздүн алдыңкы камерасы; 3— чечекей; 4— көздүн жаа сымал кабыгы; 5—конъюнктива; 6—ңилиар денеси; 7— көздүн ак кабыгы; 8, 16— көз. булчуңдары; 9—кан тамырлуу кабык; 10—торчо кабык; 11— айнек сымал дене; 12— көздүн торчо кабыгынын сары тагы; 13— артернялар; 14— көрүү нерви; 15— көрүү нервинин кабыгы.

 

 

ǀ. Көздүн алмасынын сырткы фиброздук чел кабыгы көз алмасынын айланасынан каптап жатат да коргоочу кызматты аткарат. Бул чел кабык тутумдаштыргыч ткандардан турат да кан тамырлар өтө аз болот. Склера алдыңкы жагына келгенде жарык нурун өткөрүүгө ылайыкталган тунук тегерек, сааттын айнегине окшогон томпок жука чел кабыкка өтөт. Аны көздүн айнек чели (роговица) деп айтат. Роговица ак түстөгү катуу тутумдаштыргыч ткандардан туруп, анда кан тамырлар болбойт.

 

ǀǀ. Көз алмасынын ортоңку катмары кан тамырга жана пигменттерге өтө бай келип өз ара 3 бөлүктөн турат:

1- Арткы - кан тамыр чел кабыгы;

2- Ортоңку – кирпикче денечели (ресничное тело);

3- Алдыңкы көздүн кареги.

 

Кан тамыр чел кабыгы пигмент клеткалардан тургандыктан, пигменттин аз же көп болушуна жараша көз ар кандай түстө (карадан бозго чейин) болот. Мындан сырткары аты айтып тургандай кан тамырга бай. Анын арткы бөлүгүндө көрүүчү нерв өтө турган тешиги бар.

Кан тамыр чел кабыгынын ортоңку бөлүгү бир аз калыңдаган шакекче келген кирпикче денечелерден (ресничное тело) турат да, склера менен роговицанын ортосунда жатат. Кирпикчк денечеси өз ара үч бөлүккө бөлүнөт:

1- арткы кирпикче тегерекчеси (ресничный кружок);

2- ортоңку жумшак кирпикче булчуңдары (ресничный мышцы);

3- кирпикче урчукчалары (ресничные отроски).

Кирпикче келген урчукчалары радиардык түрдө жайланышкан тырыштардан турат.

4. Көздүн кареги кан тамыр чел кабыгынын алдыңкы бөлүгү болуп эсептелет да тегерек дискадан турат. Анын ортосунда жарыктын нурлары өтө турган тешик бар. Аны зрачок деп аташат. Анын диаметри 3-6 мм келет. Көздүн карегинин эки кыры жана алдынкы арткы болуп эки жагы бар. Каректин ички кыры бош келип зрачокту курчап жатат. Экинчи кыры кирпикче денечеге жабышып жатат. Каректин арткы жагы арткы камераны карап жатат да чечекейге тийип турат. Алдынкы жагы роговицадан алдынкы камера аркылуу бөлүнүп турат. Көздүн кареги андагы пигменттердин түрүнө жараша кар, күрөң, көк болуп ар түрдүү болот. Альбиностордун жана коёндун карегинде пигмент жок болгондуктан алардын көзү кызыл келет. Себеби кан тамырлар көрүнүп турат. Зрачоктун айланасындагы каректин кырлары жумшак булчуң талчаларынан туруп, зрачокту кысуучу жана кеңейтүүчү булчуңдар болуп эки бөлүктөн турат. Алардын биринчиси тегерек булчуң талчаларынан тургандыктан жарыктын нурлары тийгенде жыйрылып, зрачокту кысат. Экинчи булчуңдар радиардык түрдө чачырап жайланышат да жыйрылганда зрачокту кеңейтет.

Бул көздүн жарыкты жана ар кандай түстөрдү сезүүчү бөлүгү кан тамырлуу катмарды ичинен каптап, өтө татаал түзүлүштө

ǀǀǀ. Көздүн ички торчо келген чел кабыгы (ретина).

Бул чел кабык көз алмасынын эң ички катмары— тор сымал катмар. кан тамыр чел кабыктын артында жайланышып, жарыктын нурларын кабыл алат. Көрүүчү нервдин торчо чел кабык менен бириккен жеринде чуңкурча келген ак так (белое пятно) бар. Аны көрүүчу нервдин сосочкасы дейт. Бул ак тактын 4мм. сырткараак жагында жырыктын нурларын сезгич келген анын сары тагы (желтое пятно) жайланышкан. Көздүн торчо келген чел кабыгы өзүнчө он катмардан турат. Анын онунчу катмарында жарыктын нурларын кабыл алуучу таякча жана колбочка түрүндөгү клеткалар жайланышкан. Ушул клеткалардан көрүүчү нервдин учтары башталат.

Көздүн алмасынын ядросу – көздүн ядросу тунук заттардан туруп, жарыктын нурларын сындырып тургандыктан аларды көздүн нурларды сындырып туруучу бөлүгү деп айтат.

Чечекей. Чечекейдин эки жагы айнектей томпок келип, айланасы кырча келип бүтөт. Чечекей тунук заттардан туруп, анда кан тамырлар жана нервдер болбойт. Сыртынан тунук капсула менен капталып жатат. Анын ортоңку катуу бөлүгүн ядросу дейт. Чечекей зрачоктун артында карекке жакын жатат. Чечекейдин артында килкилдек, айнектей тунук болгон ак заты жайланышкан. Чечекей кирпикче курчалардын (ресничий поясок) жардамы аркасында бекилип жатат. Бул курчалган көп сандаган майда талчалардан турат да каректин кирпикче денечесин каптап жаткан бөлүгүнөн башталып чечекейдин экваторун айланасына келип бекийт. Ресничный поясокту циннова байламтасы деп айтат. Чечекейге жакын көздүн эки камерасы жайланышкан. Алдынкы камера айнек чели менен каректин алдынкы жагында жайланышып, зразок аркылуу чечекей менен чектелет. Бул камерада өңү тунук нымдар (водянистая влага) бар. Ал нымдар кан тамырлардан бөлүнүп чыгат да зрачок аркылуу арткы камера менен катнашып турат. Арткы камера каректин арткы жагы менен чечекейдин жана андагы кирпикче курчалардын (ресничный поясок) ортосунда жатат. Арткы камерада да нымдар бар. Көздүн ичиндеги суйуктуктарда басымдар бар. Эгерде бул суюктуктар көбөйүп кетсе андагы басым көтөрүлүп, көздүн глаукома оорусуна алып келет.

Көздүн килкилдек ак заты. Бул зат өңү тунук студенистик ак заттардан тургандыктан көздүн алмасынын ички көлөмүнүн көпчүлүк бөлүгүн түзөт. Килкилдек заттын алдынкы тарабында чечекей жататурган анын чуңкурчасы бар. Бул затта кан тамырлар болбойт.

5. Көздүн жардамчы апараттары. Аларга көздүн булчуңдары, каштар, кирпиктер, көздүн жаштарын иштеп чыгаруучу апараттары жана көздүн ирмектери кирет.

Ирмектер (веки). Көздүн ирмектери теринин жука тырыштарынан турат да көздүн алмасынын алдында жатат. Алар жумулганда көздүн жаргакчасы (щели) жабылат. Ирмектердин алдынкы жагы томпок, ички жагы иймекей келип, өзүнчө кырчалар болуп бүтөт. Бул кырчалардын илмектердин алдынкы, арткы кабыргачалары деп айтат. Көздүн үстүнкү алдынкы ирмектери ички жана сырткы бурчтарына келгенде өздөрүнүн бириктиргич ткандары (спайкалары) менен туташып турат. Көздүн ички бурчунда кызгылтым келген бүдүрчө бар. Ал бүдүрчөнү көз жашынын этчеси (слезное мясцо) дейт. Анын айланасында көз жашынын көлчөсү жайланышкан.

Көз жаш этчесинин үстүнкү, астынкы жагындагы ирмектердин кырчаларынын ички бурчтарында тешиктер бар. Ушул тешиктерден көздүн жаштары өтүүчү үстүнкү жана астынкы каналдар башталат. Ирмектердин кырчаларындагы анын алдынкы кабыргачаларынан кирпиктер өсүп чыгат. Арткы кабыргачаларында майда тешиктерге мейбомий бездеринин түтүктөрү ачылат.

Кирпиктер - көзгө кире турганчаңдардан, кардан, жаандан сактапгана коргобостон, көзгө тийген шамалдын агымын да бир тарапка багыттап турат. Мындай билдирүүнү америкалык окумуштуулар айтып чыгышты.

Алардын билдирүүсүнө караганда, көзгө шамал менен кошо келген бактериялардын, вирустардын агымын кирпиктер башка тарапка багыттап, көздүн чел кабыгынын соолуп калышына да жол бербейт.

Кирпиктер “нымдуулуктун тез буулануусун азайтат жана заттын бөлүкчөлөрүн 50 пайызга чейин тундурат”, - дейт Атланта шаарындагы Джорджии Технологиялык институтунун изилдөөчүсү Дэвид Ху.

Мындай изилдөө 22 түрдүү сүт эмүүчүлөр классына кирген жаныбарларга жана адамдарга жасалган. Окумуштуулар көпчүлүк учурда көздүн кеңдигинин үчтөн бирине тең кирпиктер көздүн көрүүсүнө доо кетирбестен, зыяндуу нерселерден коргоп турат деген жыйынтыкка келишкен.

Бул ачылыш коргоо системасында жаңы ачылыштарга мүмкүнчүлүк түзүшү мүмкүн деп айтылууда. Мисалы бир жылда жогору жагына чаң топтолуп калгандыктан, өзүнүн 6% эффективдүүлүгүн жоготкон күн батареяларын чыгаруучу компаниялар мындан ары окумуштуулардын айткандарына таянып калышы да толук мүмкүн.

 

Илмектер менен маңдайкы теринин ортосунда каш орун алган. Алар кыска чачтардан түрүнө кирип, маңдайдан аккан терди тосуп турат. Жогоруда айтылгандай ирмектердин сырты тери жана майда түктөр менен капталып жатат. Теринин астында тер, майларды бөлүп чыгаруучу майда бездер жайланышкан. Ал эми ирмектердин ички жактары тутумдаштыргыч ткандардан тургандыктан аларды коньюктив деп айтат. Конюктивдер ирмектердин ички жактарын, көздүн алмасына чейин каптап жатат да үстүнкү жана астынкы своддордо (чөнтөкчөлөрдү) пайда кылат. Бул чөнтөкчөлөр биригишип, коньюктивдин капчаларын түзөт.

Көз жаш аппараттары – аларга жашты бөлүп чыгаруучу бездер, жаш өтүүчү каналдар кирет.

Жаштын бездери. Бул бездер көздүн жаштарын иштеп чыгарат. Жаш бөлүп чыгаруучу бездер көздүн чөйчөгүнүн сырткы бурчунда, маңдайкы сөөгүндөгү өзүнүн чуңкурунда жатат да үстүнкү, астынкы болуп эки бөлүктөн турат . Түзүлүшү боюнча алвеолардык түтүкчө келген бездердин түрүнө кирет. Сырткы түрлөрү бозомук келип көп сандаган майда бөлүкчөлөрдөн турат. Анын бир нече түтүктөрү коньюктивдин жогоргу чөнтөкчөсүнө ачылып, көздүн алмасын жана роговицасын жууп турат. Жаштын каналдары көздүн ички булчуңундагы өздөрүнүн тешиктеринен башталып, жаш топтолуучу капчага ачылат. Ал капчадан жаш менен мурундун (носослезный канал) каналы башталып, мурун көңдөйүнүн төмөнкү аба өтүүчү жолуна ачылат. Жаш агууга көзгө бөтөн нерсенин түшүшү, көздүн кычыгындагы тешикче бүтөлүп, жаштын мурундун коңулуна өтө албай калуусу же жаштын көп бөлүнүүсү, жаш бөлүп чыгаруучу бездин кызматынын бузулушу, көздүн сырткы кабыкчаларынын сезгениши жана башка себеп болот. Айрым адамдар катуу суукка, шаммалга, караңгы жерден өтө жарыкка чыкканда, капа болгондо, сүйүнгөндө жана башка жаш агат. Мындай учурда Жаш агуунун алдын алуу үчүн коргоочу көз айнектерди кийүү сунуш кылынат. Көздөн жаш агып токтобосо убагында врачка кайрылуу зарыл.

Көздүн булчуңдары.

Көздүн алмасынын айланасына жайланышып, аларды ар кандай кыймылдарга келтирип турат. Көздүн булчуңдарына көздүн үстүнкү ирмегин көтөрүүчү жана төрт түз, эки кыйгач булчуңдары кирет. Көздүн үстүнкү ирмегин көтөрүүчү булчуң, көрүүчү нервдин каналынын айланасындагы шакекчеден башталып, алдын карай багытталып, үстүнкү ирмектин кемирчегине келип бекийт да жыйрылганда ирмекти жогору көтөрөт. Көздүн булчуңдары көздүн чөйчөгүнүн түбүндөгү көрүүчү нерв өтүүчү каналдын айланасынан, шакекче келген тарамыштан башталат да алдын карай багытталып, көздүн алмасынын айланасына келип бекийт. Алар үстүнкү, астынкы, ички, сырткы түз жана үстүнкү, астынкы кыйгач булчуңдардан турат. Астыңкы кыйгач булчуң, үстүнкү жаактын көздүн чөйчөгүн карап жаткан жагынанибашталып, көздүн алмасынын сырткы жагына келип бекийт.. Бул булчуңдар адамдын башы жана денеси кайсы тарапка бурулса көздүн да ошол тарапка карашын камсыз кылат. Эгер бул булчуңдар туура эмес бекисе же алардын нервдери анча өөрчүбөсө, чалыр көз болууга себеп болот.

 

6. Сүрөттөлүштүн пайда болушу жана көрүү

Көз мээнин тышкы дүйнөгө ачылган бир терезеси. Бирок көрүү сезиминин пайда болушунда көз ортомчулук кызматын гана аткарат. Көрүү процесси ишке ашкан жер болсо абдан тереңде, мээнин ичинде жашырылган.

Алгач көрүүнүн кайсы этаптардан тураарын эстейли. Көзгө келген нурлар айнекчелден, каректен жана андан соң чечекейден өтөт. Тунук катмардын ийилген үстүңкү бети менен чечекей нурларды сындырып, буюмдун (сүрөттүн) сүрөттөлүшү тордомо челге башы төмөн көңтөрүлүп жетет. Жарыкты сезүүчү клеткалар (рецепторлор; кумганча жана таякча клеткалар) нурду электрдик сигналдарга айлантып, нервдердин учтарына сигнал (импульс) катары жөнөтүшөт. Тордомо челден келген сүрөттөлүш оригиналынан тескери, башы төмөндү карап жайгашкан болот. Бирок мээ муну чечмелеп, сүрөттөлүштү түздөйт. Бул электрдик импульстар мээге ал нерсенин түрү, көлөмү, түсү, алыстыгы жөнүндө маалымат жеткирет жана бүт бул операциялар сериясы секунданын ондон биринчелик убакытта болуп бүтөт.

Көрүү учурундагы бир секундада жасалган операциялардын санына азыркы эч бир компьютер жете албайт. Мынчалык ыкчам болушунан тышкары, көрүү кубулушунун эң таң калыштуу жана кереметтүү тарабы – бул тордомо челге түшкөн тескери сүрөттөлүштүн мээнин оптикалык борборунда оңдолушу.

7. Мээнин көрүүдөгү ролу

Линза тарабынан тордомо челге түшүрүлгөн сүрөттөлүш электрдик сигналдарга айландырылган соң секунданын миңден бириндей кыска убакыт ичинде көргөзгүч нервдер аркылуу мээге жеткирилет. Эки көздөн өз-өзүнчө алынган сигналдар каралган нерсе жөнүндө бүт маалыматты камтыйт. Мээ болсо эки көздөн келген сүрөттөлүштөрдү бир сүрөттөлүшкө бириктирет. Ал заттын формасы менен түсүн айырмалайт, канчалык аралыкта экенин аныктайт. Кыскасы, айланадагы нерселерди көз эмес, мээ көрөт.

Көздөрдөн келген электрдик сигналдар мээнин арткы кыртышында жайгашкан биринчи көрүү аймагына жетет. Бул борбордун калыңдыгы 2,5 миллиметр жана туурасы бир канча сантиметр. Алты катмардан, жүз миллион нейрондон (нерв клеткасынан) турат. Сигнал алгач төртүнчү катмарга келет, ал жерде анализ кылынган соң башка катмарларга таратылат. Бул борбордо ар бир нейрон миңдей нейрондон сигнал алып, миңдей нейронго сигнал жөнөтөт. Аң-сезимсиз бир клетканын жаңы пайда болгондо эле бир миң клетка менен маалымат алмаша ала турган байланыштарынын болушу жана ошончо операцияны жасай алышы, албетте, кокустан келип чыккан эмес. Клеткалар бул өзгөчөлүктөрү менен бирге жаратылган. Абдан жогорку технологиялуу бир компьютердей иштеген мээ, негизи, башка органдар сыяктуу эле миллиондогон майда клеткадан турган бир жандыктардын тобу болуп саналат. Адам мээсинин бетинде ар бир миллиметр квадратта 100.000дей нерв клеткасы болот. Мээде жалпысынан болжол менен 10.000.000.000 (10 миллиард) нерв клеткасы бар. Башкача айтканда, мээ 10 миллиард кичинекей жандыктан турган бир орган. Ал жандыктардын бир бөлүгү көздөн келген кабарларды чечмелеп, бири-бири менен координацияда «көрүү» деген кубулушту ишке ашырышат.

1- Visual Nerves
2- Optic Radiation
3- Visual Center

 

Алдыда көрүү кубулушунун илимий детальдарына тереңирээк токтолобуз. Кайсы типтеги клеткалар келген сигналдарды кайсы жактарга таратат, көрүү борборунда канча клетка бар деген сыяктуу маалыматтар... Бул маалыматтар мээнин негизги иштөө принциптерин сүрөттөйт.

Көздүн түбүнө нурлардын түшүрүлүшү, ал нурларды электрдик сигналдарга айландыруучу кемчиликсиз бир системанын болушу, эки көздө пайда кылынган электрдик сигналдардын мээнин белгилүү жерлерине жиберилиши, эки көздөн келген сигналдардын бириктирилиши жана ушул сыяктуу көптөгөн ортодогу операциялар көрүү кубулушунун физикалык жана илимий тарабын гана түзөт. Бирок бул илимий маалыматтар эч качан бул кубулуштун метафизикалык натыйжасын, башкача айтканда, бул операциялардын кантип «сүрөттөлүш» деген абстракттуу бир түшүнүк катары кабылданаарын, кабылданган бул сүрөттөлүштүн «ким» тарабынан аң-сезимдүү абалда чечмеленип, бир мааниге айланаарын түшүндүрө албайт. Аң-сезими ачык жана стереотипсиз ойлоно алган бир адам көрүү кубулушунда физикалык чектерден алда качан чыгылып, метафизикалык чен-өлчөмгө өтүлгөнүн түшүнөт.

Мээнин көрүүдөгү ролу

Мээнин көрүү процессинде аткарган кызматтарын караганыбызда, анын көз менен канчалык шайкештикте жаратылганын жакшыраак көрөбүз:

· Эки көздүн тордомо челинен келген сигналдарды үстү-үстүнө коюп бириктирүү.

· Бул сүрөттөлүштөрдү салыштырып, тереңдигин (алыстыгын) кабылдоо.

· Сызык жана чек араларды аныктоо.

· Көрүү борборунда түстөрдүн анализи.

· Мээде жарыктыктын кабылданышы. (Мээнин жарыктын деңгээлин кантип билээри жөнүндө абдан аз нерсе белгилүү. Бул белгилүү деңгээлде көрүү аймагындагы сызык, чек ара, кыймылдаган нерселер жана карама-каршы түстөр себеп болгон көрүү контрасттарынын күчүнүн көбөйүшүнө негизделет деп эсептелет.)

· Каректин диаметринин контролу.

· Көздүн кыймылынын булчуңдар аркылуу башкарылышы.

· Тордомо челден келген сүрөттөлүштүн бөлүнүп, кайрадан бириктирилиши жана көрүү эс-тутуму менен толукталышы.

· Сүрөттөлүштү өйдө карай көңтөрүү.

· Сокур такка түшкөн сүрөттөлүштүн ордун бош калтырбай толуктоо.

Мээнин Картасы

(Figure 2.3). An image of the links between certain parts of the brain's visual center.

1- Optic Chiasma
2- Optic Tract
3- Occipital Lobe (Visual Cortex

Корбиниан Бродман (Korbinian Brodmann) аттуу бир немец нейролог клетка жөнүндөгү анализдерге таянып, адамдын денесиндеги мээ кыртышынын бир картасын чыгарган. Бул карта эволюциянын канчалык негизсиз бир көз-караш экенин дагы бир жолу далилдейт. Себеби бул карта көрүүнүн кокустан пайда болбой турганчалык татаал бир кабылдоо механизми экенин көрсөтөт.

Бродман картасы мээнин функцияларында негиз тутулат. Мисалы, көрүү менен байланыштуу аймактын биринчиси – бул Бродмандын 17-аймагы. Бул бөлүккө көргөзгүч нерв аркылуу акыркы маалыматтар жетет. Мунун алдында жайгашкан 18- жана 19-Бродман аймактарында болсо көрүү менен байланыштуу мурунку маалыматтар болот. Биринчи көрүү аймагы болгон Бродмандын 17-аймагына жеткен маалыматтардын анализи 18- жана 19-аймактарда улантылат. Көрүү аймагынын оң-үстүңкү бөлүгүнөн келген визуалдык маалыматтар сол жарым шарда, солдон келгендер болсо оң жарым шарда анализ кылынат. Сигналдар ушинтип кайчылаш кеткендиктен, мээ кыртышынын бүт тарабы каршы тараптагы визуалдык аймактан келген маалыматтарды анализдейт.

Сокур так жана мээнин толуктоо функциясы

Бул текстти карап, китептин бетин толук көрүп жатам деп ойлойсуз. Бирок эч андай эмес, китептин бетинде сиз көрө албаган кичинекей бир чекит бар. Ошол чекитти гана алсак, сиз ал жерди көрө албаган бир сокур болуп саналасыз. Бул эксперименттер менен далилденген бир чындык. Бул сокурдук бул китептин бетине эле эмес, өмүр бою көргөн нерселериңиздин баарына тиешелүү. Ушул күнгө чейин көргөн нерселериңиздин баарында негизи кичинекей бир чекитти эч көргөн эмессиз, себеби жогоруда айтылгандай, көзүңүз бир чекитте дайыма сокур эле.

Бул сокурдуктун себеби; көргөзгүч нервдер көзгө кирген кичинекей бир тордомо чел аймагында кумганча жана таякча клеткалары болбойт. Ошондуктан ал жер жарыкты сезбейт жана тордомо челдин бул аймагында сүрөттөлүш окулбайт.

Көздүн ичинде ушундай бир сокур так болсо, анда кантип биз айланабыздагылардын баарын толук көрөбүз? Буга мээнин толуктоочу касиети себеп болот. Сокур так себептүү кем калган чекит айланасындагы фондун негизинде толукталат. Башкача айтканда, мээ бул чекитти эң ылайыктуу түскө бойоп, камуфляждап койот.

Сокур чекиттин бар экенин байкабашыбыздын жана бүт нерсени толук көрүшүбүздүн себеби ушунда.

Муну жакшыраак түшүнүү үчүн Сүрөт 2.5.теги тестти жасап көрсөңүз болот.

Оң көзүңүздү жумуп, китепти 50 сантиметр аралыктан көзүңүздү карай жакындатыңыз. Көзүңүздү плюс белгисинен албаңыз. Китепти жакындатканда белгилүү бир жерде солдогу кызыл чекиттин жоголуп, анын ордунун фондогу сызыктар менен толтурулганын көрөсүз. Мына ошол чекитте сиз сокурсуз, бирок муну сезбейсиз. Себеби мээ сокур такты ал жерде болушу керек деп ойлогон эң ылайыктуу божомол менен, башкача айтканда, арттагы фон менен толуктайт. Бул божомолдун кантип жасалаары болсо психолог жана нейрологдор тарабынан жооп табууга аракет кылынган негизги суроолордун бири. Кээ бирлер сокур такты мындайча түшүндүрөт: эки көздө сокур так көрүү огуна карата башка башка жерде жайгашкандыктан, эки көз менен көрүүдө бир чекиттен келген нурлар бир көздө сокур такка түшсө, экинчи көздө сезгич катмарга түшөт. Бул көз-карашты жактагандардын жообу жетиштүү эмес жана «бир көз менен караганда кантип кемчиликсиз, толук көрөбүз» деген суроого да так бир жооп бере алышкан эмес.22

Мындан төмөнкүдөй жыйынтык чыгат: көргөн нерселериңиз толугу менен чындык эмес, мээ сизди бар деп ишендирген бир иллюзия. Башкача айтканда, сиз чындык деп ойлогон бир сүрөттөлүш негизи чындык болбой калышы мүмкүн. Түшүңүздө көрүп, чындык деп ойлогон окуялардын жана айлана-чөйрөңүздүн чындык эмес, мээңизде жаратылган бир иллюзия болгону сыяктуу. Төмөнкү эксперимент аркылуу муну жакшыраак түшүнө алабыз.

Солдогу плюс белгисин бир мүнөттөй көзүңүздү албай карап туруңуз. Андан соң көзүңүздү оңдогу плюска буруп, бир аз күтүңүз. Оңдогу сүрөттө да түстүү диаграмманын пайда болгонун көрөсүз. Ооба, ал жерде түстүү диаграмма жок, бирок мээңиз сизди жаңылтат. Башкача айтканда, чындыгында болбогон нерселерди бар деп ойлойсуз.

8. Жоголгон сигналдар жана жоопкерчиликтүү клеткалар Тордомо челден чыккан бир миллион клеткалуу нерв түймөгү көрүү менен байланыштуу маалыматты электрдик сигнал абалында жүз миллион клеткалуу көрүү кыртышына алып барат. Бул түймөктөгү нерв бутактарынын баары түздөн-түз тордомо челден башталганы менен, жарыкты сезүүчү аймакка түз туташпайт. Башка кээ бир клеткалар визуалдык маалыматтарды алып, көрүү нервиндеги клеткаларга өткөрөт.

Бул жерде өтө кызыктуу нерсеге күбө болобуз. Мээ менен көздүн арасындагы нерв талчалары менен болгон түз байланыштарда кээде үзгүлтүктөр келип чыгат. Буга бир миллион, ал тургай, бир секундада келген он миллион сигналдын кээ бирлеринин көрүү борборуна жете албай, мээнин башка бир аймагына кетиши себеп болот. Бул сүрөттөлүштө үзгүлтүктөргө себеп болушу керек, бирок мындай болбойт. Көздөгү кемчиликсиз системанын урматында биз эч үзгүлтүксүз көрө алабыз.

Эң кызыгы, туура эмес дарекке барып калган сигналдар барган жери менен көрүү борборунун арасындагы клеткалардын ортомчулугу менен кайрадан көрүү борборуна жеткирилет. Ал даректерди «туура эмес» деп айтканга болобу?

Негизи болбойт. Себеби бир караганда катадай көрүнгөн бул жагдай бизге өтө чоң бир кереметти көрсөтөт. Аң-сезимсиз кээ бир клеткалар, алардын милдети болбосо да, көрүү сигналдарын мээнин тиешелүү бөлүгүнө жөнөтүшөт. Мындай системада негизи туура эмес жерге барып калган сигналдар караңгы мээнин ичинде жок болуп кетиши керек эле. Бирок андай болбойт, дарегине жете албаган сигнал жоголбойт. Ал барган жердеги клеткалар анын көрүү сигналы экенин, көздөн келгенин, көрүү борборуна барышы керек экенин билгендей болуп, эч ким мажбурлабаса да, керектүү байланыш жана уюштурууну камсыздап, сигналды мээдеги көрүү борборуна жөнөтүшөт. Натыйжада негизи үзүк-үзүк болуп кала турган сүрөттөлүш эч бузулбайт.

Ортомчулук кылган клеткаларга мындай теңдешсиз жоопкерчилик түшүнүгүн ким берген? Эволюционисттер кокустан пайда болгон деп ойлогон бир органдын миллиарддаган клеткасынын ар бири кокустан ушундай жоопкерчиликтүү болуп калышканбы? Болгондо да, мындай жоопкерчиликти орундатуу үчүн, эң биринчиден, бул клеткалар өздөрүнүн негизги милдетинен тышкары, денедеги башка процесстерди да билип, өз жоопкерчилигине кирбеген окуяларды да тынымсыз байкап, аларды толуктап туруучу жөндөмгө ээ болушу керек.

Бул жерге чейин айтылгандар көрүү процессинин биринчи этабын түзөт. Бул этаптын көп белгисиз тараптары да бар. Башка этаптардын дагы белгисиз тараптарын кошкондо, көрүү процессин толук чечиле албаган чоң бир табышмак деп айтуу эч жаңылыштык болбойт.

15 Сантиметр квадраттын ичиндеги жашоо. Адамдын төрөлгөндөн баштап көргөндөрүнүн баары мээсинин ичинде, караңгы жана нымдуу бир жерде жайгашкан көрүү борборунда пайда болот. Көрүү борборунун жалпы көлөмү болсо 15 см2. Адамдын жашоосундагы бүт нерселер, балалыгы, окуган жерлери, үйү, жумушу, үй-бүлөсү, жашаган району, өлкөсү, дүйнө жана аалам, күзгүдө көргөн өзүнүн денесинин сүрөттөлүшү, өмүр бою көргөндөрүнүн баары, кыскасы, бүт өмүрү 15 см2тык бир тиштем эттин бетинде пайда болот.

Эгер көрүү аймагы деп аталган бул бир тиштем эт болбогондо, адам булардын эч бирин көрө алмак эмес жана булардын түзүлүшүнүн кандайлыгын элестете да алмак эмес. Көздүн бүт бөлүктөрү менен бирге, толугу менен бар болушу да көрүү үчүн жетиштүү болмок эмес; мээ жана мээдеги көрүү борбору болбогондо, көз эч нерсеге жарабаган, маанисиз, ичи сууга толгон бир топтой болуп турмак. Мээ менен көрүү борборунун көрүү кубулушундагы ролун караганда, көздүн буларсыз эч нерсеге жарабашын жакшыраак түшүнөбүз.

Майдаланган сүрөттөлүш

Тордомо челдин бетинде пайда болгон сүрөттөлүштүн ар бир бөлүгү баш сөөгүнүн ичинде электрдик коддорго айланып сапар тартат. Көрүү нерви аркылуу барган электрдик сигналдар мээнин арт жагында жайгашкан каракуштагы көрүү кыртышы тарабынан чечмеленет.

Башында толук түшүнүктүү болгон «тордомо челдеги маалыматтар» түшүнүксүз электрдик сигналдарга айланып көрүү борборуна барат. Ал ж



2018-07-06 1171 Обсуждений (0)
Сокур так жана мээнин толуктоо функциясы 0.00 из 5.00 0 оценок









Обсуждение в статье: Сокур так жана мээнин толуктоо функциясы

Обсуждений еще не было, будьте первым... ↓↓↓

Отправить сообщение

Популярное:
Организация как механизм и форма жизни коллектива: Организация не сможет достичь поставленных целей без соответствующей внутренней...
Личность ребенка как объект и субъект в образовательной технологии: В настоящее время в России идет становление новой системы образования, ориентированного на вхождение...
Как построить свою речь (словесное оформление): При подготовке публичного выступления перед оратором возникает вопрос, как лучше словесно оформить свою...



©2015-2024 megaobuchalka.ru Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав. (1171)

Почему 1285321 студент выбрали МегаОбучалку...

Система поиска информации

Мобильная версия сайта

Удобная навигация

Нет шокирующей рекламы



(0.015 сек.)