Мегаобучалка Главная | О нас | Обратная связь


Селекциялык жетишкендиктер



2018-07-06 1988 Обсуждений (0)
Селекциялык жетишкендиктер 0.00 из 5.00 0 оценок




Курстук иш

 

Предмети:Кишинин жана жаныбарлардын физиологиясы

Тема:

Аткарган:Сүйүнбек кызы Зейнеп

Текшерген: Сагынбаева Гүлзада Авазбековна

Адистиги:Биология

Тайпасы: Б-13К-2

 

 

Ош-2016

 

Мазмуну

ǀ бап Слекция генетика илиминин тармагы катары жана жетишкендиктери

1. Киришүү......................................................................................................3

2. Гибриддештирүү селекциянын негизи катары....................................... 6

3. Селекциялык жетишкендиктер.............................................................. ..8

ǀǀ бап Азыркы селекциянын өнүгүшүнө салым кошкон окумуштуулар

4. Чарлиз Дарвиндин өмүр баяны жана эмгектери...................................12

5. Грегор Мендель жана анын закондору........................................................14

6. Николай Вавилов жана эмгектери..........................................................18

7. Селекция илимине салым кошкон Кыргызыстандык окумуштуулар...20

8. Кыргызыстанда мал чарбасынын тармактарын өнүктүрүү..................22

9. Корутунду.................................................................................................25

10. Колдонулган адабияттар.....................................................................28

1. Киришүү

Генетика (грек. γενητως — туулуу) — организмдин тукум куугучтугу жана өзгөргүчтүгү жөнүндөгү илим.

19-кылымдын башында ата-эне белгилеринин тукум куугучтугун түшүндүрүүгө көптөгөн аракеттер жасалган. 1865-ж. чех табият таануучусу И. Г. Мендель өзүнүн көп жылдык эмгегинин жыйынтыгын чыгарган. Ал ата-эненин тукум куума белгилеринин тукумуна берилишинин негизги мыйзамын чыгарган. Андан сырткары И. Г. Мендель клеткадагы тукум куума белгилерди алып жүрүүчү айрым дискреттүү бөлүкчөлөр бар экендигин айткан. Ар бир дене (сома) клеткаларында тукум куума жуп бөлүкчө, ал эми жыныс клеткаларындагы жуптун бирөөндө тукум куума белги болот. Уруктанганда жыныс клеткалары кошулуп, бул бөлүкчөлөр ар кандай комбинацияда биригет.

Жаңы организмдин калыптануу жараянында ата-эненин тукум куума белгилеринин кайталанышы байкалат. Илимде клетканын түзүлүшүндөгү маанилүү бөлүкчөлөр бөлүнүшү, жыныс процессинин маңызы, тукум куугучтук али түшүнүксүз учурда И. Г. Менделдин өтө так тажрыйбага таянган, математикалык жана терең логикалык анализденген зор эмгеги өзүнүн доорунан алда канча озуп кетип, замандаштарына түшүнүксүз болгон жана бааланган эмес. 35 жылдан кийин гана Голландия окумуштуусу генде Фриз, немис окумуштуусу К. Корренс жана чех окумуштуусу Э. Чермах бир мезгилде жана бир-бири менен байланышпай туруп, белгилердин тукум куугучтук законун экинчи жолу ачышкан жана И. Г. Менделдин унутулуп калган эмгегин капысынан байкап калышкан. Ушундан баштап тукум куугучтук жөнүндөгү окуу өз алдынча илим катары өнүгө баштап, 1906-ж. англия биологу У. Бэтсондун сунушу боюнча «генетика» деп аталган. 1909-ж. Дания окумуштуусу У. Иоганнсен тукум куума бөлүкчөнү ген деп атоону сунуш кылган.

20-кылымда микроскоптук изилдөөнүн жетишкендиктеринин негизинде клетканын түзүлүшү, жыныс клеткаларынын пайда болуу мыйзам ченеми, клетка ядросундагы, өзгөчө түзүм — хромосома (тукум куугуч генди алып жүрүү), клетканын бөлүнүшү (митоз) аныкталган. Жыныс клеткасынын жетилишин жана жыныс процессинин маңызын түшүнүп, тукум куума белги үзгүлтүктүү жана түгөйлүү деген И. Г. Менделдин божомолун далилдеди. 1910—1913-ж. америка биологу Т. Морган жана анын шакирттери ген хромосомада болуп, ал түз сызык түрүндө жайгашканын аныктаган.

20-кылымдын башында тукум куугучтуктун хромосома теориясы деп аталган Т. Моргандын окуусу өсүп келе жаткан генетиканын материалисттик ири жыйынтыктарынын бири болгон. 1901-ж. Г. де Фриз мутация теориясын ачкан.

1926-ж. совет окумуштуу С. С. Четвериков табигый шартта пайда болуп жана И. Г. Менделдин мыйзам ченеми боюнча тукум кууган мутация табигый тандоонун негизги материалы болорун далилдеп, генетика менен эволюциялык окуунун өөрчүшүндө чоң салым кошкон. С. С. Четвериков популяциядагы организмдин бир нече тукумунда мутант гендердин тандалуу жана таралуу ылдамдыгын эсептеп чыгып, генетиканын маанилүү тармагы — популяциялык генетикага негиз салган.

1925-жылга чейин окумуштуулар генетика изилдөөлөрдө табигый шартта кезигүүчү мутанттарды пайдаланышкан. 20-жылдын аягы 30-жылдардын башында гана чөйрө факторунун таасиринде гендердин өзгөрөрү (мутация) экспериментте далилденген.

1925-жылы совет окумуштуу Г. А. Надсон жана анын окуучусу Г. С. Филиппов ачыткыда, ал эми 1927-ж. америкалык окумуштуу Г. Мёллер дрозофилада рентген нурунун таасири менен тукум куума өзгөргүчтүктү (мутацияны) алышкан. Совет окумуштуулар М. Н. Мейсель, В. В. Сахаров, И. А. Рапопорт, химиялык агенттин мутацияны пайда кыларын көрсөткөн. Генетиканын өөрчүшүнө Н. И. Вавилов, Н. К. Кольцов, А. С. Серебровский, С. С. Четвериков, Н. П. Дубинин жана башка совет окумуштуулар чоң роль ойношкон.

19-кылымдын экинчи жарымында эле хромосомада белок менен нуклеин кычкылдыгы, ошондой эле хромосомада нуклеин кислотасынын бири — ДНК болору белгилүү болгон. Бирок 20-кылымдын 50-жылдарына чейин айрым биологдор гендер белок молекуласында гана болот деп эсептешкен.

Генетиканын жаңы багыты — молекулалык генетика пайда болгондон кийин гана ДНК генетика иштемди алып жүрөрү микроорганизмдерде далилденди. 1944-ж. бир бактериядан алынган ДНКны башка бактерияга жибергенде экинчисинин тукум куума касиети өзгөргөн. Бардык тирүү организмдерде ДНКжана РНКнын салыштырма туруктуу болушун, тукум куума белгилердин клеткадан клеткага, укумдан-тукумга берилишин белок эмес ДНК жана РНК камсыз кыларын аныктайт (Дезоксирибонуклеин кычкылдыгы).

1960-жылдан баштап мутациянын пайда болушу молекулалык негизде изилдене баштаган. Бирок, генет. кодду изилдөөнүн көбү микроорганизмде жүргүзүлгөн. Бактерия жана вирустар үчүн кабыл алынган гендерди жөнгө салуу негизги ойу татаал түзүлүштүү организмдерге туура келер-келбесин тактоо керек болгон.

Совет окумуштуулар А. С. Спирин жана Г. П. Георгиев (1964—1965) жаныбар клеткасынын ДНК молекуласында генетика маалыматты алып жүрүүчү РНК жана белок комплекси (информасома деп аталган) түрүндө өзгөчө формалар бар экенин экспериментте далилдешкен. Генетика киши, жаныбар жана өсүмдүктүн дене клеткасын изилдөөдө чоң ийгиликтерге жетишти.

Ар бир организмдин өөрчүү жараянындагы генетика программанын жаңы организмдин касиеттери менен белгилеринде ишке ашуусу жашоо чөйрөсүнүн таасири астында жүрөт. Генетика программа организмдин өөрчүшүндө тектик белгилерин, түрдүк өзгөчөлүгүн камсыздайт, ал эми организмдин өөрчүү мезгилинде жашоо чөйрөнүн таасири жыныс клеткасындагы генетика аппаратты бузбай, организмдин тукум куубаган жеке өзгөрүшүн пайда кылат. Эгерде мутация сырткы чөйрөнүн өтө күчтүү таасир этүүчү факторунан пайда болсо, бул өзгөрүү тукум кууйт.

Азыркы генетикада изилдөөнүн конкреттүү объектиси, маселеси жана ыкмаларына жараша бир катар бөлүмү жана багыты пайда болду. Генетиканын молекулалык генетика, биохимиялык генетика, өөрчүү генетикасы, цитогенетика, радиация генетикасы, популяция генетикасы, микроорганизм генетикасы жана башка өз алдынча илимий тармактары калыптанды. Азыркы учурда кишинин тукум куума ооруларын генет. изилдөөгө чоң көңүл бурулууда. Аны генетиканын атайын бөлүмү — медициналык генетика изилдейт.

Азыркы генетиканын жетишкендиктери айыл чарба өсүмдүктөрүнүн (буудай, кызылча, жүгөрү, кара күрүч жана башка) түшүмүн жогорулатуу, малдын жакшы тукумун алууда мааниси чоң, ошондой эле микробиологиялык өнөр жайдын (антибиотиктерди жана башка алуу) өөрчүшүнө түрткү берет. Генетиканын ийгиликтери кишинин тукум куума аппаратын чөйрөнүн терс таасиринен сактоо чараларын иштеп чыгууга, ошондой эле тукум куума начар касиеттерди дары менен оңдоого жана келечекте кишинин генет. аппаратына түздөн-түз таасир этип, «оорулуу» генди алып салууга же алмаштырууга мүмкүндүк берет.

Тукум куугучтук жана өзгөргүчтүктүн негизги түшүнүгү жана мыйзамы жөнүдө, Ген, Өзгөргүчтүк, Мутагенез, Тукум куугучтик.

Мутациялык селекция

Мутациялык селекция, селекциянын теориялык негизи болуп генетика саналат. Тандоо, гетерозис жана цитоплазмалык эркек стерилдүүлүгүн колдонуу аркылууаргындаштыруу, полиплоиддүүлүк жана мутагенез - селекциянын негизги методдору. Багытына жараша селекцияны организмдердин сапатына (даамы, сырткы көрүнүшү, дандагы белоктун жана амин к-талардын кармалышы, сүтүнүн майлуулугу), ооруларга, зыянкечтерге жана жагымсыз климаттык шарттарга туруктуулугуна, жаныбарлардын өндүрүмдүүлүгүнө жана тукумдуулугуна, өсүмдүктүн түшүмдүүлүгүнө карата жүргүзүшөт. Полиплоиддер түр аралык гибриддерден (аллополиплоидия) ар түрдүү же бир эле түрдүн (автополиплоидия) геномдорунун көбөйүшүнүн натыйжасында келип чыгат. Полиплоиддер мутация болуп саналат, себеби хромосомалардын санынын өзгөрүшү ген системасындагы сапаттык өзгөрүүлөргө жана белгилердин олуттуу өзгөрүшүнө алып келет. Полиплоиддүүлүк өсүмдүктө жана төмөнкү түзүлүштөгү жаныбарларда кеңири таралган. Буудайдын 14, 28, 42 жана 56 хромосомалардан туруучу бир катар түрлөрү кездешет. Кыязы, хромосомалардын санынын көбөйүшү особдордо аргындашуусуз эле тиричиликке жетишээрлик жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуучу, гетерозиготалык системасын түзүүчү, мутациялардын жыйналышына мүмкүнчүлүк түзөт.

2. Гибриддештирүү- селекциянын негизи катары

Гибриддештирүү – тукум куума касиеттери менен айырмаланган жаныбарларды аргындаштыруу жана өсүмдүктөрдү чаңдаштыруу аркылуу алардын жаңы формаларын алуу. Гибриддештирүүдө ар кандай типтеги урук клеткаларынын кошулуусу менен пайда болуп, алардын тукум куума касиеттерин сактаган жаңы организм (гибрид) алынат. Табигый шартта өсүмдүктөр кайчылаш чаңдашуу менен көбөйүп, гибриддештирүү жүрүп турат. Биздин заманга чейинки. 2 миң жыл мурда эле жаныбар гибриди качыр белгилүү болгон. Жасалма жол менен гибрид алуу мүмкүндүгүн 1694-ж. немец илимпозу Р. Камерариус айткан. Гибриддештирүү 1760-ж. немец ботаниги Р. Кёльрёйтер тамекинин 2 түрүнүн гибридин алгандан тартып өнүгө баштаган. Гибриддештирүү түр ичиндеги, түр аралык жана тукум аралык болуп айырмаланат. Ар башка түргө, тукумга кирүүчү, ошондой эле ар башка географиялык зоналардагы формаларды гибриддештирүү. алыскы тегинен гибриддештирүү деп аталат. Алынган гибрид атасы же энеси менен аргындаштырылса же чаңдаштырылса кайталама аргындаштыруу же чаңдаштыруу (беккросс), бул процесс бир нече жолу кайталанса баскычтуу аргындаштыруу же чаңдаштыруу деп аталат. Гибриддин 1-мууну айлана-чөйрөгө жакшы ылайыкташат, ысык-суукка байымдуу, түшүмдүү жана тукумчул болот.

Эгилме өсүмдүктөрдүн көбү (буудай, картошка, тамеки, гозо, сулу, жүгөрү, кара өрүк, балкамыш, кооздук өсүмдүктөрү ж. б.) хромосомалары эки эселенген түр аралык табигый гибриддер (амфидиплоиддер). Өсүмдүк селекциясында гибриддештирүү үчүн алынган алгачкы формалардын оң жана терс касиеттери тең тукумга берилгендиктен, чаңдаштыруу үчүн терс касиеттери азыраак компоненттер тандалып алынат. Гибрид организмдин жеке өөрчүшүн башкаруу ыкмаларын И. В. Мичурин иштеп чыккан. Өсүмдүк селекциясында сорт аралык (бир түргө кирүүчү формаларды жана сортторду) гибриддештирүү кеңири колдонулат. Мындай жол менен өсүмдүктөрдүн көп сорттору алынган. Алыскы тегинен гибриддештирүү гибрид алуунун өтө татаал жана кыйын ыкмасы. Мында жуп организмдердин жыныс клеткалары бири-бирине туура келбей, ошондой эле биринчи жана андан кийинки гибрид муундар тукумсуз болуп калышы мүмкүн. Кайталама чаңдаштыруу жана полиплоидия жуптардын чаңдашпоосун жана гибриддердин тукумсуздугун жоёт. Алыскы тегинен гибриддештирүү түшүмү сапаттуу жана козу карын илдеттерине, зыянкечтерге туруктуу өсүмдүк түрлөрү алынат. Күнкараманын түр аралык гибриди илдет, зыянкечке туруктуу келип, данында 55% май болот. Алыскы географиялык зоналардагы формаларды гибриддештирүүгө ушундай жол менен алынган буудайдын түшүмдүү, сапаттуу Кылкансыз-1 ж. б. сорттору мисал болот. Тамекинин, картошканын эгилме жана жапайы түрлөрүн гибриддештирүү менен баалуу сапаттагы сорттору, ошондой эле капуста менен чамгырды чаңдаштырып, сабак, жалбырагын салат, азык тамыры чамгыр сымал жегенге жарамдуу гибрид алынган. Хромосома жыйындысы эки (диплоид) жана төрт (тетраплоид) эселенген формаларды гибриддештирүү менен үч эселенген (триплоид) түшүмдүү гибрид алуу өсүмдүк селекциясындагы жаңы багыт. Бул ыкма канткызылча үрөнчүлүгүндө кеңири колдонулат. Кыргызстан дыйканчылык илимий-изилдөө институтунда татаал гибриддештирүү жолу менен арпанын Нарын-27, Нутанс-970 сорттору, жүгөрүнүн жогорку түшүмдүү Чүй П-2 ж. б. гибриддери, жүзүмдүн жаңы гибрид сорттору (Кыргыз эртечили ж. б.) чыгарылган.

Зоотехнияда гибриддештирүү жана порода аралык аргындаштыруу жүргүзүлөт. Гибриддештирүү чарбалык баалуу сапаттагы тукум гибрид мал алуу же жаңы порода чыгаруу үчүн ар башка түр, түрчө же тукумга кирген малда жүргүзүлөт. Аргын мал өз ара оңой аргындашып, тукум бере алат. Гибрид мал өтө кыйынчылык менен алынып, көп учурда толук же жарым-жартылай тукумсуз болгондуктан, анын тукумун көбөйтүү да өтө кыйын. Толук тукумсуз гибрид малдын эркек, ургаачысы жарым-жартылай тукумсуз болуп, көбүнчө эркеги тукум бербейт. Ошондуктан гибрид малдын тукумун көбөйтүүдө ургаачы гибрид мал алгач алынган түрдүн эркеги менен аргындаштырылат. Гибрид мал адатта ата-энесинен пайдалуу чарбалык сапаттары кунардуулугу, чымырдыгы, күчтүүлүгү, чыдамкайлыгы менен артыкчылык кылат. Мал чарбачылыгындагы эң байыркы гибриддер: жылкынын эшек менен (качыр), зебра менен (зеброид), сыңар өркөч төөнүн айры өркөч төө менен (нар), топоздун уй менен гибриддери. Уй чарбасында уйду топоз жана зебу менен гибриддештирүү практикалык мааниге ээ. Уй менен топоздун гибриди бийик тоолуу жердин катаал шартына чыдамдуу, эт багытындагы мал катары бааланат. Кой чарбасында койду муфлон жана аркар менен гибриддештирүү аркылуу тоо мериносу жана казак аркар мериносу породалары чыгарылган. Малды гибриддештирүү боюнча тажрыйбалар жана жетишкендиктер илимий таанып билүү жана эл чарбасы үчүн чоң мааниге ээ. Кыргызстанда малды гибриддештирүү иштерин Кыргызстан мал чарба, ветеринария жана тоют илимий-изилдөө институтунда, КАУнун тиешелүү кафедрасынын окумуштуулары жүргүзүшөт.

Гибрид

Гибрид - (латынча hibrida, hybrida – аргын, кошмо) – тукум куучу касиети ар башка жаныбар жана өсүмдүктү (клеткаларды) аргындаштыруудан, кайчылаштыруудан алынган организм (клетка). Гибриддештирүүнүн негизинде эволюциянын эң негизги күчтөрүнүн бири комбинациялык өзгөргүчтүк жүрөт. Бир түрдүн особдорун аргындаштыруу түр ичиндеги, ал эми башка түрлөр же тукумдар особдорун аргындаштыруу алыскы түрлөрдү аргындаштыруу деп аталат. Алыскы түрлөрдү аргындаштырууда ар башка геномдордун кошулуусу жүрөт. Мында аргындар (гибриддер) эреже катары тукумсуз болушат. Табигый гибридештирүү эзелтен эле жүрүп келген. Ал жаратылыштын өзүндө өтөт, жасалма гибриддештирүү адам кийлигишүүсү менен ишке ашат. Мал чарбасында эки башка порода өз ара же түр бири-бири менен аргындаштырылат. Гибриддештирүүнүн натыйжасында мыкты аргын же жаңы порода чыгарууга болот. Мындай учурда аргын малда кунардуулук, чыйрактык, тез жетилүү сыяктуу сапат жаралат. Өсүмдүк селекциясында ар башка түргө кирүүчү формаларды же сортторду гибриддештирүү аргын алуунун өтө татаал жана кыйын ыкмасы. Анткени түрлөрдүн хромосомалары бири-бири менен коньюгацияланбайт, башкача айтканда оңой менен кыналышпайт. Гибриддештирүү схемасын жазууда, ата теги латын алфавитинин Р тамгасы, энелик организм ♀ , аталык организм ♂, аргындаштыруу X белгиси, биринчи гибрид муун F1, экинчи муун F2 латын тамгалары менен белгиленет.

Селекциялык жетишкендиктер

Корголуучу селекциялык жетишкендик - корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестринде катталган өсүмдүктөр сорту, жаныбарлар тукуму;

Сорттун корголуучу категориялары: клон, сызык, биринчи муундагы аргын, популяция болуп саналат;

Тукумдун корголо турган категориялары – коргоо жөндөмдүүлүгүнө карабай генетикалык негизде биологиялык жана морфологиялык касиеттерге жана белгилерге ээ болгон жаныбарлардын тобу; демейде бул белгилер ушул топко таандык кылып, жаныбарлардын башка топторунан өзгөчөлөнтүп турат. Тукум эркек жана ургаачы жандыктар түрүндө же башка тукумдук материал түрүндө болот.

Тукумдун корголо турган категориялары: тип, заводдук сызык, кросс сызыгы жана тукумдаштар болуп саналат:

тукумдук жаныбар – тукумдаштырууга арналган жандык;

тукумдук материал – тукумдук жаныбар, анын гаметалары жана зиготалары (эмбриондору);

контрафакттык селекциялык жетишкендик – патент ээсинин укугун бузуу менен селекциялык, тукумдаштыруу иштерин коммерциялык максатта жүргүзүү.

Селекциялык жетишкендикке ээлик кылуу Мыйзам тарабынан корголот жана патент аркылуу бекитилет.

Патент – бул укук коргоо документи болуп эсептелет. Патенттин жардамы менен анын ээси өзүнүн селекциялык жетишкендиктерине ээлик кылууга, аларды коргоого, колдонууга ыйгарым укуктарды алат.

Патент аркылуу укуктук коргоонун көлөмү селекциялык жетишкендиктин өзгөчөлүктөрүнө жараша болот.

Селекциялык жетишкендиктин коргоожөндөмдүүлүгүнүн критерийлери

Коргоо жөндөмдүүлүгүнүн критерийлерине дал келген жана ботаникалык, зоологиялык түрлөргө таандык болгон селекциялык жетишкендикке патент берилет.

Селекциялык жетишкендиктин коргоожөндөмдүүлүгүнүн критерийлери төмөнкүлөр:

1) Жаңылыгы

Эгерде патент алууга өтүнмө берилген датага карата ошол селекциялык жетишкендиктин үрөнү же асыл тукумдук материалы селекциячы, анын укук мурастоочусу тарабынан же алардын макулдугу менен селекциялык жетишкендикти:

Кыргыз Республикасынын аймагында пайдалануу үчүн-бул датага чейин бир жыл мурда;

башка мамлекеттин аймагында пайдалануу үчүн - төрт жыл мурда же эгерде ал жүзүмгө, декорациялык бак-дарак, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнө тийиштүү болсо көрсөтүлгөн датага чейин алты жыл мурда башка адамдарга сатылбаса жана башкача түрдө берилбесе селекциялык жетишкендик жаңы деп эсептелет.

Эгерде сорттун же тукумдун кандай материалын болсун сатуу-берүү ушул пунктта көрсөтүлгөн мөөнөттөр өткөнгө чейин башка адамдар тарабынан:

өтүнмө берүүчүгө атайылап зыян келтирүү максатында;

патент алууга укуктуулугун өткөрүп берүү жөнүндө келишимди аткарууда;

үчүнчү тарап сортту, тукумду көбөйтүү үчүн, мындай жөнөтүүлөр өтүнмө берүүчүнүн көзөмөлүндө жүргүзүлгөн шартта, өтүнмө берүүчүнүн макулдугу менен кошумча материал жөнөтүүнү жүргүзө турган келишимди аткарууда;

үчүнчү тарап сортту же тукумду сыноо боюнча талаадагы сыноолорду же лабораториялык изилдөөлөрдү же контролдук сыноолорду жүргүзө турган келишимди аткарууда жасалса, селекциялык жетишкендиктин жаңылыктуулугу жоготулбайт.

2) Айырмалуулук.

Селекциялык жетишкендик, эгерде өтүнмө берген учурга карата жалпыга белгилүү болгон селекциялык жетишкендиктердин кайсынысынан болбосун өтө айырмаланып турса, айырмалуу деп эсептелинет.

Жалпыга белгилүүлүк селекциялык жетишкендикке карата төмөндөгүчө белгилениши мүмкүн: жогоруда аталган максаттар үчүн көбөйтүү, сактоо максаттарында аны өндүрүүнүн, кайра өндүрүүнүн, себүү кондициясына жеткирүүнүн натыйжасында билимдин жалпы белгилүү деңгээлинин бир бөлүгү болуп калганда;

- сатууга сунуш кылынган, сатылган, ташылып кеткен же ташып келинген;

- расмий каталогдорго, маалымдама фондуларына киргизилген же жарыялоолордун биринде так сыпатталган, же болбосо Корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестрине киргизилген учурларда.

3) Бир түрдүүлүк.

Селекциялык жетишкендик, эгерде анын көбөйүшүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өсүмдүктөр жана жаныбарлар өздөрүнүн белгилери боюнча жетиштүү түрдө бир түрдүү болушса, анда ал бир түрдүү деп эсептелет.

4) Туруктуулук.

Селекциялык жетишкендик, эгерде бир канча жолу көбөйтүлгөндөн кийин же көбөйтүүнүн өзгөчө цикли учурунда, көбөйтүүнүн ар бир циклинин аягында анын негизги белгилери өзгөрбөгөн бойдон калса, анда ал туруктуу деп эсептелет.



2018-07-06 1988 Обсуждений (0)
Селекциялык жетишкендиктер 0.00 из 5.00 0 оценок









Обсуждение в статье: Селекциялык жетишкендиктер

Обсуждений еще не было, будьте первым... ↓↓↓

Отправить сообщение

Популярное:
Личность ребенка как объект и субъект в образовательной технологии: В настоящее время в России идет становление новой системы образования, ориентированного на вхождение...
Модели организации как закрытой, открытой, частично открытой системы: Закрытая система имеет жесткие фиксированные границы, ее действия относительно независимы...
Как выбрать специалиста по управлению гостиницей: Понятно, что управление гостиницей невозможно без специальных знаний. Соответственно, важна квалификация...
Как распознать напряжение: Говоря о мышечном напряжении, мы в первую очередь имеем в виду мускулы, прикрепленные к костям ...



©2015-2024 megaobuchalka.ru Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав. (1988)

Почему 1285321 студент выбрали МегаОбучалку...

Система поиска информации

Мобильная версия сайта

Удобная навигация

Нет шокирующей рекламы



(0.009 сек.)