Мегаобучалка Главная | О нас | Обратная связь


Гомологиялык катарлар закону



2018-07-06 754 Обсуждений (0)
Гомологиялык катарлар закону 0.00 из 5.00 0 оценок




Гомологиялык катарлар закону - Н. И. Вавилов ачкан өсүмдүктүн жана айбанаттын жакын уруулары менен түрлөрүнүн өзгөргүчтүгүнүн паралеллдүүлүгү ж-дө закон. Ал көптөгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында генетикалык башкача атйканда теги боюнча жакын уруу менен түрлөрдүн өзгөргүчтүгү окшош гомол. катар экендигин аныктаган. Н. И. Вавилов өсүмдүктөрдүн түрлөрүн белгилүү бир тартип менен таблицага жайгаштырып, бул түрлөрдүн бардыгынан окшош катар өзгөргүчтүктү тапкан. Мисалы, жумшак жана катуу буудайда, арпада окшош формалар (кылкандуу, аз кылкандуу жана кылкансыз формалары) бар. Теги боюнча жакын уруулардагы, түрлөрдөгү катар өзгөргүчтүк алардын генотиптеринин окшоштугу жана ушуга байланыштуу тукум куугучтуктун бирдей өзгөрө тургандыгы менен түшүндүрүлгөн. Г. к. з-нун өсүмдүктөрдү өстүрүүдө, мал чарбасында мааниси зор. Ал закондун негизинде селекцияда, эгилме өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун чыгарууда, мал породаларын жакшыртууда, өсүмдүктөр менен жаныбарлар түрүнүн пайда болушундагы эволюциялык процесстерди аныктоого болот

Пустовойт Василий Степанович

Пустовойт Василий Степанович 2(14.1.1886, азыркы Украина, Харьков областы, Зиевский району, Тарановка айылы – 11. 10. 1972, Краснодар шаары) – селекционер, СССР Илимдер академиясынын (1964), ВАСХНИЛдин (1958) академиги, эки жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957, 1963). В. И. Ленин (1959), СССР мамлекеттик сыйлыктын (1946) лауреаты. Харьков дыйканчылык окуу жайын, Кубан айыл чарба институтун (1926) бүтүргөн. 1926–30-жылдары ошол институттун кафедра башчысы, 1935-жылдан Бүткүл союздук май өсүмдүктөр Илим-изилдөө институтунун (ВНИИМК) селекция жана үрөнчүлүк бөлүмүн башкарган. Пустовойт күн караманын майлуулугун көбөйтүүнүн селекциялык жаңы ыкмаларын иштеп чыккан. 1927–30-жылдары күн караманын Круглик А-41 (майлуулугу 35%), Круглик 1826 жана Круглик 1973 (майлуулугу 38–39%), 1939-жылы ВНИИМК 3519 (майлуулугу 44%тей) сортторун чыгарган. 1972-жылы Пустовойт чыгарган жүгөрүнүн 8 мыкты сорту (майлуулугу 48–52%) райондоштурулган. Жүгөрүнүн майлуулугу менен продукттуулугун жогорулатуу, алардын илдетке туруктуулугун арттыруу жана үрөнчүлүктү жакшыртуу системасы боюнча иштерди жүргүзгөн. Пустовойттун жетекчилиги менен жүгөрүнүн ВНИИМК 1646, ВНИИМК 6540, Зеленка 368, Чернянка 68 ж. б. сорттору чыгарылган. үч Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, 2 «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

 

Селекция илимине салым кошкон Кыргызыстандык окумуштуулар

Лущихин Михаил Николаевич

Лущихин Михаил Николаевич — кой чарбасы, генетика, мал чарбасы жана селекция боюнча илимпоз, айыл чарба илимдерини доктору, профессор, Кыргызстан ИАнын академиги. ВАСХНИЛдин корреспондент мүчөсү. Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери.
1930-ж. Москва зоотехния институтун бүтүргөн.
1932-жылдан Кыргызстанда — Кыргызстан айыл чарба институтун уюштуруучуларынын бири. 1936-жылдан анын зоотехния кафедрасынын башчысы, 1943—54-ж. институтун директору. Анын жетекчилиги жана демилгеси менен республикага уяң жүндүү кочкорлор алып келинип, койду колдон уруктандырууну жүргүзүүдүн натыйжасында республикадагы кылчык жүндүү кой чарбасы өзгөргөн. Анын жетекчилиги жана катышуусу менен кыргыз уяң жүндүү кою чыгарылган.
Лущихиндин илимий эмгектери уяң жүндүү койду тоо шартында, дың жерде өстүрүү, породалык сапатын жакшыртуу, генетика, селекция жана башка арналган. Лущихин Республиканын бардык райондорунда иштегени менен Талас өрөөнүнүн адистери жана чабандары менен көп иш жүргүзгөн. «Жоон-Дөбө» заводунда (Кара-Буура району) анын жетекчилиги менен кыргыз уяң жүндүү кою чыгарылып, бул чарбадан Республиканын бардык районндоруна тараган. Орто эле Талас өрөөнүндөгү «Россия», «Көк-Сай», «үрмарал», «Күмүштак» жана башка чарбаларда болуп, көп эмгек сиңирген. Көп жылдар бою Т. Досбергенов, Б. Айтбаев, В. Машаев, И. Барпиевдер менен иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин депутаты (1971—78). Ленин ордени, 2 Эмгек Кызыл Туу, Эл достугу, 3 «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.

Эмгектери: Кыргыз уяң жүндүү кою. — Б.: 1958,
-Кыргызстандагы уян жүндүү кой чарбачылыгы. — Б.: 1959,
-Вопросы генетики и селекции овец. — М.: 1974.

Раззаков Иматбек

Раззаков Иматбек, Ош областы, Ноокат району, Жал айылы 21.10.1945-жылы туулган – зоотехник, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор. К. И. 1969 жылы Скрябин атындагы КАЧИни бүтүргөн. 1969-жылдан ошол эле институтта аспирант, окутуучу, ага окутуучу, декан, институттун директору, профессор болуп эмгектенет. Койлорду көбөйтүү жана селекциясы боюнча адис. 55 илимий эмгектин, анын ичинде 2 монография, 4 патенттин автору. Койдун кыргыз тоо мериносу породасынын автору. Кыргыз Республикасынын Даңк медалы менен сыйланган.

Эмгектери:

-Воспроизводство тонкорунных маток в зависимости от возраста первого осеменения. Б., 1992,

-Селекция высокогорного типа кыргызской тонкорунной породы. Б., 1997.

Кыдырмаев Адашбек

Кыдырмаев Адашбек 17. 4. 1943, Чүй облусу, Жайыл району, Эриктүү айылы — айыл чарба илимдер доктору , профессор. К. И. Скрябин атындагы КАЧИни, Кыргыз мал чарба ИИИнин аспирантурасын 1974 жылы бүтүргөн. Эмгек жолун 1962 жылы колхоздо бухгалтер, зоотехник болуп иштөө менен баштаган. 1970-83-ж. Кыргыз мал чарба ИИИде илимий кызматкер. 1974-83 Сокулуктагы асыл тукум завод-тажрыйба чарбасынын директору. 1983-86-ж. Панфилов р-ндук советинин төрагасы, 1986-91-ж. партиянын Талас р-ндук к-тинин биринчи секретары. 1991-93-ж. КРдин айыл чарба жана азык-түлүк министри, 1993-жылдан КРдин Мамлекеттик асыл тукум мал чарбасы боюнча илимий-өндүрүштүк бирикмесинин генералдык директору жана Кыргыз мал чарба ИИИнин директору. КРдин Жогорку Кеңешинин эки жолку чакырылышынын, Чүй облусу Кеңешинин депутаты. Мал чарба селекциясы боюнча адис. 150дан ашык илимий эмгектин, андан ичкери 2 монографиянын, 14 ойлоп табуунун, 12 китептин автору. КРдин айыл чарбаа Эмгектери сиң. кызматкери. «Ардак Белгиси» ордени жана Даңк медалы менен сыйланган. Эмгектери: Сүт өндүрүүнү ургаалдаштыруунун натыйжалуулугу. Ф., 1981, Материнская наследственность и физиологический подход в селекции молочного скота. Б., 2007, Уй чарбачылыгы (бодо малды өстүрүү жана асылдандыруу). Б., 2008.



2018-07-06 754 Обсуждений (0)
Гомологиялык катарлар закону 0.00 из 5.00 0 оценок









Обсуждение в статье: Гомологиялык катарлар закону

Обсуждений еще не было, будьте первым... ↓↓↓

Отправить сообщение

Популярное:
Как вы ведете себя при стрессе?: Вы можете самостоятельно управлять стрессом! Каждый из нас имеет право и возможность уменьшить его воздействие на нас...
Генезис конфликтологии как науки в древней Греции: Для уяснения предыстории конфликтологии существенное значение имеет обращение к античной...
Как распознать напряжение: Говоря о мышечном напряжении, мы в первую очередь имеем в виду мускулы, прикрепленные к костям ...
Как выбрать специалиста по управлению гостиницей: Понятно, что управление гостиницей невозможно без специальных знаний. Соответственно, важна квалификация...



©2015-2024 megaobuchalka.ru Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав. (754)

Почему 1285321 студент выбрали МегаОбучалку...

Система поиска информации

Мобильная версия сайта

Удобная навигация

Нет шокирующей рекламы



(0.008 сек.)