Селекциялык жетишкендиктин аталышы
Селекциялык жетишкендикке кайсы түргө таандык болушуна карата аталышы ыйгарылат. Бул аталышы кыска болуп, селекциялык жетишкендикти башка түрдөгүлөрдөн айырбаштоого мүмкүнчүлүк бериши керек. Ал жалаң гана сандардан турбашы керек, селекциялык жетишкендиктин башка касиеттерине, маанисине, ээсинин инсандык беделине, коомдук көндүмдөргө байланыштуу карама-каршылыктарды жаратпашы керек. Селекциялык жетишкендикти пайдаланган тарап, анын Корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестринде катталган аталышы менен колдонушу керек. Эгерде селекциялык жетишкендиктин аталышы талапка жооп бербесе, өтүнмө берүүчү бекитилген Жобого ылайык белгиленген мөөнөттө аны өзгөртүшү керек. Өтүнмө берүүчүнүн демилгеси менен селекциялык жетишкендиктин аталышы өзгөртүлсө, анда ал тиешелүү төлөмдү төлөшү керек. Селекциялык жетишкендиктин сорту, тукуму башка мамлекеттерде Корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестринде катталган аталышы менен колдонулат. Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу өкүлү бул аталышты мүмкүн болсо каттоого алат. Эгерде алардын талабына туура келбесе, анда ал башка ат коюуну талап кылышы мүмкүн. Селекциялык жетишкендикти башка мамлекеттерде сатыкка койгон тарап патенттин мөөнөтү өткөнүнө карабай, же ээсинин бул селекциялык жетишкендикке ээлик кылуу мөөнөтү өткөнүнө карабай бул аталышты колдоно бериши керек. Селекциялык жетишкендиктин патентинин ээсинин укуктары Патентин ээсине селекциялык жетишкендикти колдонууга өзгөчө укуктар берилет. Өзгөчө укуктар деп селекциялык жетишкендиктин материалдарын төмөнкүчө пайдалануу мүмкүндүгү каралат: өндүрүштө жана кайра өндүрүүдө; кайрадан көбөйтүү максатында себүүдө; сатыкка чыгаруу үчүн; сатуунун бардык ыкмаларында; Кыргыз Республикасынан сыртка алып чыгууда; Кыргыз Республикасына алып кирүүдө; жогорудагы максаттарда сактоодо. Селекциялык жетишкендикти колдонуу патенти жана укугу жеке же юридикалык тарапка лицезиялык келишимдин негизинде берилет. Селекциялык жетишкендикти колдонуу патентинин ээсинин укугун бузбагандыкка жаткан аракеттер: Жеке жана коммерциялык максатта жасалган иш-аракеттер; Тажрыйба жүргүзүү максатында жасалган иш-аракеттер; Жаңы түрдөгү селекциялык жетишкендикти иштеп чыгууда корголуучу сортторду, тукумдарды пайдаланууда.
ǀǀ бап Селекция илиминин өнүгүшүнө салым кошкон окумуштуулар 4. Чарлз Дарвиндин өмүр баяны жана эмгектери
Чарлз Роберт Дарвин - Англиялык улуу окумуштуу - биолог, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн келип чыгышы жөнүндөгү эволюциялык окуунун негиздөөчүсү. Өмүрү таржымалы Ал 1809-жылы 12-февралда Шрусбери шаарында врачтын үй-бүлөсүндө туулган. Бала кезинен эле минералдардын,өсүмдүктөрдүн жана курт-кумурскалардын коллекцияларын жыйнап,балык кармап,аң уулоого кызыккан. Мектепте окуп жүргөндө өзүнүн сүйгөн кесибин таштабастан,табияттын сырларын ачууга,канаттуулар менен өсүмдүктөрдүн жашоо тиричилигин байкап үйрөнүүгө,билим алууга умтулган. Агасы экөө химия боюнча тажрыйбаларды жасашкан. Билими 1825-жылы Дарвин Эдинбург университетинин медициналык бөлүмүнө кирген,бирок окуусун уланта алган эмес. Дин кызматчысын даярдай турган Кембург университетине кирип,аны 1831-жылы ийгиликтүү аяктагандан кийин саякатка жөнөп бара жаткан "Бигл" кемесине натуралист болуп орношкон. Экспедициясы Жер шарын айланып чыккан бул экспедиция 5 жылга созулган. Жашоо шарттарына жараша өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн алмашуусун байкоо менен геологиялык түзүлүштү,флораны жана фаунаны изилдеген ар түрдүү коллекцияларды Англияга жөнөткөн. Түштүк Америкадагы кырылып жоголгон жаныбарлардын калдыктарын изилдеп,азыркы убактагы жашаган жаныбарларга жакындыгын,түрлөргө окшоштугун болжолдогон. Антропология жана этнография боюнча эң көп байкоолорду жүргүзгөн. Эмгектери Экспедициядан кайтып келгенден кийин Чарлз Дарвин жыйнаган коллекцияларын бир топ окумуштуулардын жардамы менен иштеп чыккан жана саякаттын жыйынтыктары жөнүндө бир нече китептерди жазган. "Изилдөөлөр күндөлүгү"(1839),"Коралл рифтеринин түзүлушү жана бөлүнүшү" (1842),"Жанар тоолуу аралдарга геологиялык байкоо жүргүзүү" (1844),"Түштүк Америкага геологиялык байкоо жүргүзүү" (1846),"Табигый тандоо жолу менен түрлөрдүн келип чыгышы,же тиричилик үчүн күрөшүүдө тукумдардын сакталышы жөнүндө" (1859) деген гениалдуу эмгектеринде ал өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын түрлөрү туруктуу болбостон,дайыма өзгөрүп турарын,азыркы түрлөр табигый тандалуунун негизинде мурдагы жашаган түрлөрдөн келип чыккандыгын аныктаган. "Колдо өстүрүлгөн жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн өзгөрүшү"(1868),"Кишинин келип чыгышы жана жыныстык тандоо" (1871),"Бигл" кемеси менен дүйнө жүзүн дүйнө жүзүн кыдырып саякат кылуу" деген эмгектеринде окумуштуу саякаттаган өлкөлөрдүн жаратылышына,калкына жаныбарлары менен өсүмдүктөрүнө болгон байкоолорун өтө кызыктуу сүрөттөп жазган. Чарлз Дарвин ботаникадан "Өсүмдүктөр дүйнөсүндөгү кайчылашып чыңдашуу жана өзү менен өзү чаңдашуу",зоологиядан "сөөлжандар" жөнүндө да эмгектерди жазган. Өмүрүнүн акыркы мезгили Ал 1882-жылы 19-апрелде дүйнөдөн кайткан.
Жасалма тандоо Жасалма тандоо – чарбачылыкта баалуу жаныбар тукумун жана өсүмдүк сортторун тандап өстүрүү ыкмасы. «Жасалма тандоо» терминин илимге 1859-ж. Ч. Дарвин киргизген. Ал жасалма тандоону эгилме өсүмдүк менен малдын акырындык менен өөрчүшүндө негизги себеп деп көрсөткөн. Эгилме өсүмдүк менен малдын сорттук же породалык түрүнүн ар бир тобу алар жапайы тегинин түрлөрүнөн келип чыкканын аныктаган. Мисалы, бардык үй көгүчкөнү жапайы аска көгүчкөндөрүнөн, бакма тооктордун бардыгы жапайы тооктон (банкив тоогунан), огород капустасы жапайы капустадан келип чыккан. Жасалма тандоо сезимсиз жана методикалык болуп бөлүнөт. Сезимсиз жасалма тандоодо байыркы малчы жана дыйкандар өсүмдүк менен жаныбарлардын эң оболу сапаттууларын сактап, кийин алардан жакшы тукум алышкан. Бул сезимсиз тандоо организмдердин генефонундагы мутациялык өзгөрүштү автоматтык түрдө сактап калып, натыйжада жаңы сорт жана порода пайда болгон. Сезимсиз жасалма тандоо механикалык таасири жана жыйынтыгы боюнча табигый тандалууга жакын. Методикалык жасалма тандоо – алдын ала коюлган максаттарга ылайык методикалык жол менен пландуу түрдө жүргүзүлүп, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун жана үй жаныбарларынын жаңы породаларын чыгаруунун негизги жолу. Айыл чарбада методикалык тандоо жапырт жана жекече тандоо жолу менен жүргүзүлөт. Мендель Грегор Иоганн
Мендель Грегор Иоганн Мендель Грегор Иоганн - австралиялык табият таануучу, тукум куугучтук жөнүндөгү окуунун – менделизмдин негиз салуучусу. 1843-жылы Ольмюц университетинин философия классын бүтүргөн. 1849-жылдан орто мектепке табият таануу жана физикадан сабак берген. 1851–53-жылдары Вена университетинде окуп, физика, ботаника, палеонтология жана анализ химиясын үйрөнгөн. 1856–63-жылдары буурчактын 22 сортун аргындаштыруу боюнча кеңири тажрыйба жүргүзгөн. 1865-жылы ал тажрыйбанын жыйынтыгы боюнча Брнодогу табият таануучулар коомунда баяндама жасаган. Мында ал тукум куугучтуктун факторлорунун эркин ажыроо жана айкалышуу закон ченемин 1-жолу негиздеген. Бул закон ченем тукум куугуч жөнүндөгү окуунун негизин түзүп, Мендель закондору деп аталган. Бирок Менделдин бул эмгеги өзү тирүү кезинде кабыл алынбай, көмүскөдө калган. 1900-жылы гана жалпыга таанылып, бааланган. Мендель закондору Мендель закондору - тукум куума белгилердин укумдан-тукумга берилиши ж-дө эрежелер. Бул закондорду Г. Мендель 1866-ж. сунуш кылган. Бул закондор илимде бааланган. Мендель өзүнүн тажрыйбаларында буурчактын бир гана таза белгиси бар түрдүү сортторун бири-бири менен аргындаштырып, аргын муунда аталык жана энелик белгилердин кандай катышта кездешкенинн эсептеген. Муун негизинде өзүн үч законун далилдеген. Менделдин биринчи закону же гаметалардын сандык закону же бир муундун гибриддеринин окшоштугу - бир белгиси боюнча айырмаланган туруктуу формаларды аргындаштыруудан алынган бир муундун тукуму, бул белги боюнча бирдей фенотипке ээ. Мында бардык гибриддер Менделдин тажрыйбаларында көрсөтүлгөндөй ата-эненин бирөөсүнүн фенотибине (толук басымдуулук) же кийин байкалган аралык фенотипке (толук эмес басымдуулук) ээ. Мындан ары биринчи муундун гибриддеринде ата-эненин экөөнүн тең белгилери байкалышы (кодоминанттуулук) мүмкүн экендиги далилденди. Бул закон ар кандай аллелдери б-ча эки гомозиготалуу организмдерди (АА ж-а аа) аргындаштырууда, алардын бардык тукумдары генотип б-ча (гетерозиготалуу - Аа), демек фенотип боюнча да бирдей экендиги негизделген. Экинчи муундун гибриддерин бөлүштүрүү закону. Менделдин экинчи закону - бир муундун гибриддерин өз ара аргындаштырууда экинчи муундун гибриддеринин арасында белгилүү катышта биринчи муундун гибриддеринин жана алгачкы ата-эненин фенотиптерине ээ особдор келип чыгат. Мисалы, толук басымдуулук кылган особдордун 75 % доминанттык, ал эми 25 % рецессивдик белгилерге ээ, башкача атйканда 3:1 катыштагы эки фенотипке ээ. Толук эмес басымдуулук кылууда жана кодоминанттулукта экинчи муундун гибриддеринин 50 % биринчи муундун фенотибине жана 25 % алгачкы ата-эненин фенотиптерине ээ, башкача атйканда 1:2:1 катышта бөлүштүрүлөт. Бир муундун гибриддеринде эки типтеги гаметалардын пайда болушунун, натыйжасында экинчи муундун гибриддеринин арасында 1АА:2Аа:1аа катыштагы үч мүмкүн болгон генотипке ээ особдорду чагылдыруучу гомол. (А жана а) хромосома жуптарынын закон ченемдүү аракеттери Менделдин экинчи законунун негизин түзөт. Аллелдердин белгилүү типтеринин өз ара аракеттенишүүсү Менделдин экинчи законуна ылайык фенотипте ажырайт. Дигибриддик аргындаштырууда көз карандысыз тукум кубалоо. Менделдин 3 - закону. а) гаметалардын тазалыгы гипотезасы алтернативалык белгилердин ар бир жубу бир катар муунда бири-бирине көзкарандысыз сакталат. Натыйжада экинчи муундагы организмдердин арасында белгилүү катнаштагы жаңы белгилердин (ата-энесиникине салыштырмалуу) комбинациясына ээ особдор пайда болот. Мисалы, эки белгиси боюнча айырмаланган алгачкы формаларды аргындаштырууда экинчи муунда (толук үстөмдүк кылуу учурунда) 9:3:3:1 катнаштагы төрт фенотиптүү особдор келип чыгат. Мында эки фенотип "ата-энелик", ал эми калган экөө жаңы белгилердин шайкештигине ээ. Бул закон бир нече жуп гомол. хромосомалардын көзкарандысыз ажырашына негизделген. Мисалы, дигибриддик аргындаштырууда бул биринчи муундун гибриддеринде гаметалардын төрт тибинин (АВ, Ав, аВ, ав) пайда болушуна жана зиготалар пайда болгондон кийин - генотип боюнча, жана ага тиешелүү фенотип боюнча законченемдүү ажырашына алып келет. Көбүнчө адабиятта гаметалардын тазалык закону М. з-нун бири катары берилген. Бирок бул закон негиздүүлүгүнө карабастан, белгилердин тукум куугучтугун чагылдырбайт жана Мендель эмес У. Бейтсон тарабынан (1902-ж.) формулировкаланган. М-дин з-н түшүнүктүү чагылдыруу үчүн төмөндөгүлөр: алгачкы формалардын гомозиготалуулугу; гибридде мейоздун туура өтүшү менен камсыздалуучу, бирдей катнаштагы гаметалардын мүмкүн болгон бардык типтеринин пайда болушу; бул гаметалардын типтеринин тиричиликке окшош жөндөмдүүлүгү; уруктанууда гаметалардын каалаган тибинин бирдей кездешүүсүнүн ыктымалдуулугу; бардык типтеги зиготалардын тиричиликке окшош жөндөмдүүлүгү зарыл. Бул шарттардын бузулушу экинчи муунда гаметалардын ажырабай калышына же биринчи муунда туура эмес катнашына алып келет. Тукум куугучтуктун үзгүлтүктүү, корпускулярдуулугун түшүндүрүүчү М-дин з. жыныстык жол менен көбөйүүчү бардык диплоиддик организмдер үчүн ар тараптуу мүнөзгө ээ. Полиплоиддерге негизинен тукум куугучтуктун ушул эле законченемдүүлүгү мүнөздүү, бирок диплоиддерге караганда гено- жана фенотиптик класстарынын сандык катнашы боюнча айырмаланат. Гендердин чиркелишүүсүндө бул класстардын катнашы диплоиддерде да өзгөрөт (Менделдин 3-законун "бузуу"). Жалпысынан алганда, М. з. толук пенетранттуу жана туруктуу экспрессивдүү аутосомдук гендер үчүн ыңгайлуу. Жыныс хромосомаларындагы же органоиддердин (пластидалар, митохондриялар) ДНКларындагы гендердин локазацияланышында эки тараптуу аргындашуулардын натыйжасы М. з-нан айырмаланышы жана аларга туура келбеши мүмкүн, бул аутосомаларда жайгашкан гендерде байкалбайт. М. з-у абдан так жана маанилүү, алардын негизинде генет-нын биринчи этабынын өнүгүшү жүргөн. Алар клеткаларда (гаметаларда) белгилердин өнүгүшүн жөнгө салуучу тукум куума шарттардын бар экендиги жөнүндөгү божомолдоолордун негизин түзгөн. М. з-нда ар түрдүү абалда болсо да бул шарттар (гендер) салыштырмалуу туруктуу гаметаларда бир бирден жана дене клеткаларында жупташып сакталат, бири бирине карата үзгүлтүктүү жана көзкарандысыз. Мунун баары өз учурунда "бирикме" тукум куугучтук теориясына каршы олуттуу аргумент катарында колдонулган жана тажрыйбаларда далилденген.
Популярное: Как построить свою речь (словесное оформление):
При подготовке публичного выступления перед оратором возникает вопрос, как лучше словесно оформить свою... Личность ребенка как объект и субъект в образовательной технологии: В настоящее время в России идет становление новой системы образования, ориентированного на вхождение... Почему стероиды повышают давление?: Основных причин три... Как вы ведете себя при стрессе?: Вы можете самостоятельно управлять стрессом! Каждый из нас имеет право и возможность уменьшить его воздействие на нас... ©2015-2024 megaobuchalka.ru Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав. (1167)
|
Почему 1285321 студент выбрали МегаОбучалку... Система поиска информации Мобильная версия сайта Удобная навигация Нет шокирующей рекламы |