Мегаобучалка Главная | О нас | Обратная связь


Кычкылтектин ташылышы.



2018-07-06 804 Обсуждений (0)
Кычкылтектин ташылышы. 0.00 из 5.00 0 оценок




Курстук иш

 

Предмети:Кишинин жана жаныбарлардын физиологиясы

Тема: Өпкөнүн иш аракети жана паталогиялык оорулары.

Аткарган:Юлдашева Дилабза

Текшерген: Сагынбаева Гүлзада Авазбековна

Адистиги:Биология

Тайпасы: Б-13К-2

Ош-2016.

Мазмуну

ǀ бап Өпкөнүн физиологиясы

1. Киришүү ...........................................................................................3

2. Өпкөнүн анатомиялык түзүлүшү……………..……………………4

3. Өпкөнүнфизиологиялык иш аракеттери………….………….7

ǀǀ бап Өпкөнүн паталогиялык оорулары

4. Пневмония.............................................................................12

5. Өпкөнүн сезгениши ........................................................................15

6. Пневмосклероз.................................................................................18

7. Бронхит.............................................................................................19

8. Өпкө рагы.........................................................................................20

9. Корутунду.........................................................................................26

10. Колдонулган адабияттар.................................................................33

Киришүү.

Дем алуу — организмдин айлана чөйрөдөн кычкылтекти алып, аны кычкылдануу процессине пайдалануу жана организмден көмүр кычкыл газын бөлүп чыгаруучу процесстердин жыйындысы. Бул процессте организмдин тиричилигине керектүү энергия бөлүнүп чыгат. Бир клеткалууларда жана жөнөкөй түзүлүштүү организмдерде дем алуу дененин үстүңкү бети аркылуу өтөт. Татаал түзүлүштүү жаныбарларда жана кишиде сырткы дем алуу атайын дем алуу органдары, ткандык дем алуу кан аркылуу жүрөт. Кишиде сырткы Дем алуу өпкө аркылуу гана ишке ашат. Организм кабыл алган кычкылтектин 1 — 1,5% гана тери жана тамак сиңирүү жолу аркылуу сиңет.[1] Адамдын дем алуусу атмосфера абасы менен өпкө альвеола абасынын ортосундагы алмашууну (сырткы Дем алуу ), альвеола абасы менен кандын ортосундагы газ алмашууну, кан аркылуу газдарды ташуу, кан менен ткандын ортосундагы газ алмашууну жана клеткалык Дем алуунун механизмин камтыйт. Адам тынч турганда 1минутада (16—20 жолу Дем алуу кыймылын жасап) 6—9 л абаны дем алып, кайра чыгарат; ушундай эле көлөмдөгү кан (5л) бул мезгилде өпкөнүн майда кан тамырлары (капиллярлары) аркылуу өтөт. Өпкөнүн альвеолаларындагы кычкылтек өпкө капиллярындагы канга, ал эми көмүр кычкыл газ тескерисинче кандан өпкөнүн альвеолаларына, башкача айтканда өпкө альвеолаларында кычкылтектин концентрациясы өпкөгө келген (капиллярдагы) кандыкынан жогору болгондуктан кычкылтек канга өтөт, ал эми канда көмүр кычкыл газынын концентрациясы жогору болгондуктан өпкө капиллярынан альвеолага, андан сыртка чыгат. Андан кийин кычкылтек кандын агымы менен ткань жана органдарга келип, кандан бул ткандардын жана органдардын клеткаларына өтөт. Клеткалар тынымсыз иштегендиктен кычкылтекти тынымсыз талап кылат жана көмүр кычкыл газын бөлүп чыгат. Клеткадагы кычкылтек концентрациясы кандагы кычкылтек концентрациясынан дайыма төмөн, ал эми көмүр кислотасынын концентрациясы дайыма жогору болот. Ошентип кычкылтек өпкөдөн ткандарга чейин, жогорку концентрациялуу чөйрөдөн төмөнкү концентрациялуу чөйрөнү көздөй жылып, акыры клеткаларда керектелет. Ал эми көмүр кычкыл газы органдан концентрациясы аз канга өтүп, өпкөгө келет, андан сыртка чыгат. Мындан тышкары организмде дем алуу кошумча механизмдердин жардамы менен да ишке ашырылат. Кандын суюк чөйрөсүндө (кан сары суусу) газдар начар эрийт. Мындай кыйынчылыкты кандагы өзгөчө зат — гемоглобин жеңилдетет. Гемоглобин кан суюктугуна караганда кычкылтекти 70 эсе, көмүр кычкыл газды 20 эседен көп байланыштырат. Өпкөгө келген кычкылтек өпкө капиллярындагы канга, андан эритроцитке өтөт. Эритроциттеги гемоглобин кычкылтек менен кошулуп, оксигемоглобинди пайда кылат. Мунун натыйжасында эритроциттеги кычкылтек азайып, кычкылтектин жаңы молекуласынын келишине шарт түзөт. Ошентип кан өпкө капилляры аркылуу өтүп жаткан мезгилде эритроциттер кычкылтекти өзүнө тартып алып, канда кычкылтектин концентрациясы жогорулайт. Өпкөдө, башкача айтканда кычкылтек концентрациясы жогору жерде оксигемоглобин пайда болот. Ал эми кычкылтек концентрациясы төмөн ткандарда оксигемоглобин ажырап, бошогон кычкылтек ткандарга сиңет. Борбордук нерв системасындагы Дем алуу борбору Дем алуунун ылдамдыгын, тереңдигин башкарат. Сырткы Дем алууну организмдин талабына ыңгайлаштырат. Сырткы Дем алуунун натыйжалуулугу көп учурда кишинин кемтигине байланыштуу (бүкчүйүп жүргөндөрдө аз). Атайын машыгуунун, мисалы, дем алдыргыч гимнастика же башңа көнүгүүлөрдүн жардамы менен Дем алуунун натыйжалуулугун жогорулатууга болот.

Өпкөнүн түзүлүшү.

 

 

Өпкө

Өпкө (латын тилинен pulmo, байыркы грек тилинен πνεύμων) — дем алуу органы.

 

Функциясы

Анда сырткы чөйрө менен организмдин ортосунда газ алмашуу жүрөт. Сырткы чөйрөдөн организмге кычкылтек өтүп, андан сыртка көмүр кычкыл газы бөлүнүп чыгат.

Сүрөттөмө

Өпкө — жуп орган. Алар көөдөн көңдөйүндө, жүрөктүн эки жагында жайгашат. Сырткы көрүнүшү конус сымал. Алардын негизи боор этти карап, сырткы бети кабыргаларга тийип турат. Ал эми жогорку — төбөсү, моюнду карай акыректен 2—3 см жогору чыгып турат. Өпкөнүн жүрөктү караган бетинде анын дарбазасы бар. Ага бронх менен өпкө артериясы кирет да, венасы менен лимфа тамырлары чыгат. Бронх өпкөгө мурун көңдөйү, алкым, көмөкөй жана кекиртек аркылуу келген абаны алып кирип, кайрадан өпкөдөгү абаны алып чыгат. Кишинин өпкөсүнүн орточо салмагы 800дөн 1800 гга чейин жетет. Анын көлөмү дем алуу учурунда чоңоюп, ал эми дем чыгарганда кичирейип турат. Эркектердин өпкөсүнүн көлөмү 3700 см3, аялдардыкы 3000 см3, ал эми ымыркайдыкы болгону 70см3 ге гана барабар.

Өпкөнүн түзүлүшү. 1:Трахея 2:Өпкө артериясы 3:Өпкө көк кан тамыры 4:Альвеолардык жол 5:Альвеолалар 6:Сол өпкөнүн жүрөк оюму. 7:Бронхиолалар 8:Үчүнчүлүк бронхалар 9:Экинчилик бронхалар 10:Негизги бронхалар 11:Кекиртек

 

Анатомия

Анатомиялык түзүлүшү боюнча оң өпкө сол өпкөдөн айырмаланат. Себеби оң өпкө үч, сол өпкө эки бөлүктөн турат. Ал эми жалпы көлөмү жана салмагы боюнча оң өпкө сол өпкөдөн 10%ке чоңураак келет. Өпкөнүн ар бир бөлүгү өзүнчө дагы бөлүктөргө ажырайт: оң өпкө 10 —11, ал эми сол өпкө 9 —10 бөлүктөн турат. Бул бөлүктөр өпкөнүн сигменти деп аталат. Ар бир сигменттин өзүнчө артерия, вена кан тамырлары жана бронхиолдору бар. Бул бронхиолдор акырындап дем алуучу бронхиолдорго бөлүнөт.
Ал эми ар бир дем алуучу бронхиолдор альвеола жолчолоруна ажырайт. Бул альвеола жолчолорунун керегесинде эң эле көп былжырлуу исиркектер бар. Ал исиркектер альвеола баштыкчалары деп аталып, алардын саны 300 млрдга чейин жетет. Бул дем алуучу бронхиолдор, альвеола жолчолору жана альвеола баштыкчалары сыртынан эң эле майда капиллярлар менен курчалып, дем алган абадагы кычкылтекти канга, ал эми кандагы көмүр кычкыл газын сыртка бөлүп чыгарат. Терең дем алуу учурунда өпкөнүн альвеолалары кеңеет. Ошентип, бир суткада өпкө альвеолалары аркылуу 15 миң лге чейин аба өтөт. Өпкө дем алган газды алмаштыруудан башка организмден сууну, газ абалындагы дарыларды жана алкоголду да бөлүп чыгарат. Ар бир өпкө сыртынан өтө эле жука, жылмакай чел кабык — плевра менен капталган.

Өпкөнүн физиологиялык иш аракеттери.

Кекиртектен өткөн кычкылтек кекиртектен экиге бөлүнгөн бронхтордон (коко) өтүп, өпкөлөргө жетет. Көкүрөктө бири оңго, экинчиси солго жайгаштырылган эки өпкө бар. Өпкө эң негизги органдардын бири. Денедеги башка органдар менен болгон байланыштарынан тышкары, өз ичинде да өтө комплекстүү бир долбоорго ээ.

Өпкөнүн түзүлүшүн тереңирээк кароодон мурда баарыбыз чогуу бир долбоордун кантип жасалаары жөнүндө ойлонолу.

Бир долбоордун биринчи этабы – бул белгилүү бир план түзүү. Андан соң ал планга ылайык белгилүү бөлүктөр чогултулат. Айланаңызды караганыңызда көптөгөн долбоорлонгон нерселерди көрөсүз. Бир сүрөттө долбоор бар, азыр колуңузда турган бул китептин сырткы бетинде, ички бетинин дизайнында, китептин ичинде баяндалган нерселердин бүтүндүгүндө да бир долбоор бар. Бул китепти түзгөн кагаздар да, кийген кийимдериңиз да, отурган креслоңуз да долбоорлонуп жасалган. Китептин бул жерге чейинки бөлүмдөрүндө далилдери менен көргөнүбүз сыяктуу адам денесинде да апачык бир долбоор бар.

Эми адам денеси менен байланыштуу сизден бир долбоор түзүү талап кылынды дейли.

«Кандагы көмүр кычкыл газын тазалап, ордуна кычкылтек бере турган бир аппарат» долбоорлошуңуз керек. Бирок ал аппарат адам денесине бата тургандай көлөмдө болушу шарт.

Мындай бир аппаратты долбоорлой алуу үчүн алгач кан жана кычкылтек жөнүндө миңдеген маалыматты билишиңиз керек болот. Канда кычкылтектин кантип ташылаары, кычкылтек ташыган белоктордун молекулярдык түзүлүшү, кычкылтектин атомдук өзгөчөлүктөрү сыяктуу көптөгөн нерселерди билишиңиз керек. Бул маалыматтарсыз сизден талап кылынган аппараттын долбоорун эч качан түзө албайсыз.

Кан менен кычкылтек жөнүндө тереңирээк изилдөө жасасаңыз төмөнкүдөй жыйынтыкка барасыз; кандагы көмүр кычкыл газы абадагы кычкылтек менен орун алмашышы үчүн кан суюктугу менен аба мүмкүн болушунча эң кеңири аянтта бир-бирине түздөн-түз тийиши керек болот. Болжол менен 100 метр квадраттык аянт талап кылынат. Б.а. сиз долбоорлой турган аппарат кан менен абаны 100 метр квадраттык бир аянтта бир-бирине тийиштириши керек болот. Бирок ал аппарат ошол эле учурда бир адамдын денесине бата турганчалык кичинекей көлөмдө болушу зарыл. Албетте, мындай бир аппаратты долбоорлоо бийик акыл менен илимди талап кылат.

Жер жүзүнүн эң белгилүү долбоорлоо адистерин топтоп, долбоорлор жасап, жер жүзүнүн эң алдыңкы технологияларын колдонуп долбоорлогон аппаратты өндүрүүгө аракет кылышыңыз мүмкүн. Бирок канчалык аракет кылбаңыз, бул иш үчүн өпкөлөрүңүздөй кемчиликсиз долбоордогу бир аппаратты жасай албайсыз.

Бул жерде төмөнкүдөй суроо туулат: өпкөлөрдө 100 метр квадраттык бир аянт адамдын көкүрөгүнүн ичине жайгаштырылып, пакеттелгидей кандай бир технология менен долбоор орун алган. Бул суроонун жообун билүү үчүн өпкөнүн кереметтүү өзгөчөлүктөрүн тереңирээк изилдөө жетиштүү болот.

Өпкөнүн исиркектери.

Өпкөлөрдүн түзүлүшүн анализдегенде, кычкылтек менен көмүр кычкыл газын жолуктуруу үчүн долбоорлонгон кемчиликсиз бир түзүлүштү көрөсүз.

Өпкөнүн ичине ар бири төөнөгүчтүн учунан да кичинекейирээк 300 миллиондон ашык исиркек (альвеол) жайгаштырылган. Исиркектердин ар биринин диаметри 0,25 миллиметр. Ал исиркектердин жалпы беттик аянты эсептелгенде, укмуш бир сан келип чыгат. Бир адамдын өпкөсүнүн беттик аянты болжол менен 70-100 метр квадратка барабар. Мынчалык чоң аянттын ушунчалык кичинекей көлөмгө батырылганы өпкөлөрдөгү кемчиликсиз долбоорду көрсөтөт.

Сиз ар бир дем алган сайын ушул 300 миллион кичинекей исиркектин ичи абага толот. Бул исиркектердин ички бетинде капиллярлар орун алган. Шарлар абага толгондо капиллярлардын ичиндеги кандагы көмүр кычкыл газы абадагы кычкылтек атомдору менен орун алмашат.

Бирок бул исиркектердин ачылып жабылышы бир караганда көрүнгөндөй оңой эмес. Биринчи жолу үйлөнгөн шарды үйлөө канчалык оор болсо, кадимки шарттарда өтө тартылып турган альвеолдорду абага толтуруу да ошончолук оор болот. Бирок дем алып чыгарып жатканда эч кыйналбайбыз. Альвеолдорубуздун ачылып жабылганын сезбейбиз дагы. Себеби дем алуу системабызда эч кыйынчылыксыз дем алып чыгарышыбызга шарт түзгөн бир долбоор бар. Ар бир дем алганда альвеолдордун кыйынчылыксыз ачылып жабылышына шарт түзө турган бир системанын болбошу – адам үчүн өлүмгө себеп боло турганчалык олуттуу бир көйгөй.

Мүмкүн болгон эң мыкты долбоор кайра эле адамдын буйругуна берилген.

Өпкөлөрүңүздү түзгөн 300 миллиондон ашык исиркектин айланасы сурфактант аттуу бир зат менен курчалган. Сурфактант заты исиркектердин ачылып жабылышына көмөкчү болуп, беттик чыңалуусун азайтат.63 Бул заттын дагы бир функциясы, дем чыгарып жатканда исиркектердин толук бошоп калышына бөгөт болот. Сурфактанттан улам эң күчтүү дем чыгарганда да өпкөлөрдө белгилүү көлөмдө аба калат. Натыйжада альвеолдун айланасында жүргөн кан дайыма абага тийип, дененин бүт клеткаларына үзгүлтүксүз кычкылтек жеткирет.

Сурфактант альвеолдордун бетиндеги өзгөчө бир клетка тобу (II типтеги гранулдук пневмоциттер) тарабынан синтезделет. Дененин өпкөдөн башка эч жеринде кездешпеген ушул клеткалар себептүү эч кыйынчылыксыз дем алып чыгара алабыз.

Бул заттын маанилүү касиеттеринин бири, ал наристенин төрөлөөрүнө толук бир ай калганда чыгарылып баштайт. Окуянын кереметтүү тарабы мына ушул жерде башталат. Эне жатынында жатканда өпкөсүн колдонбогон наристе кантип сыртта дем алганда ушундай кыйынчылыкка туш болом деп ойлоп, бул затты өндүрүү муктаждыгын сезиши мүмкүн? Сурфактанттын өпкөсүндөгү альвеолдорго (исиркектерге) көмөкчү боло алаарын кайдан билиши мүмкүн? Бул заттын альвеолдордун беттик чыңалуусун төмөндөтөөрүн кайсы химия билими менен болжолдой алат? Бул заттын болбошу наристенин өтө кыска убакытта көз жумушуна себеп болот. Мындай даярдык көрүлбөгөн, б.а. сурфактант өндүрүшү жетишсиз болгон кээ бир учурларда, мисалы ара туулган наристелерде бул кычкылтек жетишсиздигине себеп болот.

Дем алуу процессин көп тараптан оттун күйүшүнө окшотсо болот. Бирок оттун күйүшүнө салыштырмалуу дем алуу жайыраак жана төмөнүрөөк температураларда ишке ашкан бир химиялык процесс.

Клеткаларыңыз кандагы кычкылтекти колдонуп азыктардагы көмүртекти «күйгүзөт» жана бул күйүү натыйжасында денеңизге керектүү энергия келип чыгат. Ошондуктан ар бир дем алганыңыздан кийинки кубулуштарды миллиарддаган кичинекей оттун ичиңизде күйүшү деп сүрөттөө жаңылыштык болбойт.

Адам денесиндеги клеткалардын ар бири дайыма кычкылтекке муктаж. Мисалы, азыр көзүңүздүн торчо катмарындагы миллиондогон клетканын эч тынымсыз кычкылтек менен азыктанышы натыйжасында бул китепти окуй алып жатасыз. Ошол сыяктуу, денедеги бүт булчуңдар, ал булчуңдарды түзгөн клеткалар көмүртек кошулмаларын «күйгүзүп», б.а. аларды кычкылтек менен реакцияга киргизип энергия алышы зарыл. Сиз ар бир дем алган сайын денеңизге 100 триллионго жакын аба молекуласы кирет. Анын болжол менен 21%ы, б.а. 21 триллиону кычкылтек молекуласы. Дем алуу системасы аркылуу денеңизге кирип, кан айланууга кошулган бул молекулалар, кан аркылуу дененин эң четтерине чейин жеткирилет. Жана ал жердеги көмүр кычкыл газы молекулалары менен орун алмашат. Биз жөн гана дем алып жатам деп ойлогонубузда, денебиздин тереңинде эч тынымсыз кычкылтек, көмүр кычкыл газы жана суу алмашуусу жүрүп жаткан болот.

Кычкылтектин ташылышы.

 

Дем алуунун негизги максаты – бул дене клеткаларындагы көмүр кычкыл газын сыртка чыгарып, ордуна кычкылтек алуу. Бул процесстер дене кыртыштарынан өтө алыс жерде, өпкөдө ишке ашат. Демек өпкөдөн денеге кирген кычкылтек кандайдыр бир жол менен кыртыштарга жеткирилип, кыртыштарда пайда болгон көмүр кычкыл газы болсо кайра өпкөгө жеткирилиши керек. Мындай ташуу иши кантип жасалат?

Кычкылтек менен көмүр кычкыл газынын адам денесиндеги чарчаганды билбеген ташыгычтары – бул кандагы эритроциттер. Өпкөдө эритроциттер клеткалардан алып келген калдык затты, б.а. көмүр кычкыл газын альвеолдордун ичине чыгарып, альвеолдун ичиндеги кычкылтекти сорушат. Бул процесс атайын бир кабыкча аркылуу жүрөт. Ал кабыкчанын бир тарабын альвеолдун (исиркек) ичиндеги кычкылтектүү аба түзсө, экинчи тарапта туурасы ичинен бир гана эритроцит өтө ала турганчалык капилляр бутактар орун алган. Натыйжада кычкылтек молекуласы менен эритроциттер бир-бирине эч кыйынчылыксыз тийе алышат.

Кычкылтек молекуласы эритроциттердин ичиндеги гемоглобин аттуу бир молекула тарабынан клеткаларга жеткирилет. Гемоглобин молекуласы өзгөчө бир долбоордо жасалган. Өпкөдө кычкылтекке чиркешкен гемоглобин кан айлануу аркылуу дененин тереңин көздөй сапар тартат. Кычкылтекке муктаж кыртыштарга жеткенде бир керемет болот. Өзгөчө долбоордо жаратылган гемоглобин молекуласы чөйрөдөн химиялык таасирленип, кычкылтек менен болгон химиялык байланышы үзүлөт. Гемоглобин натыйжада жүгүн, б.а. кычкылтекти койо берет. Мына ошол кычкылтек молекуласы ал жердеги клеткаларга жашоо берет.

Гемоглобиндин иши муну менен бүтпөйт. Гемоглобин ал жерден алып кетүү керек болгон көмүр кычкыл газын өпкөлөргө жеткирүүдө да өтө маанилүү роль ойнойт. Бул кубулушту кыскача төмөнкүдөй сүрөттөөгө болот:

Клетканын дем алышынан пайда болгон көмүр кычкыл газы клеткалардан кыртыш суюктугуна, кыртыш суюктугунан капиллярларга өтөт. Көмүр кычкыл газынын бир бөлүгү эритроциттерде гемоглобин менен биригип, карбаминогемоглобин абалында ташылат. Бир бөлүгү болсо карбоангидраз ферментинин таасири аркылуу суу менен биригип, карбон кислотасын пайда кылат. Андан соң карбон кислотасы бикарбонат менен суутек иондоруна бөлүнөт. Пайда болгон суутек иону гемоглобин тарабынан кармалат. Көмүр кычкыл газы мына ушундайча кыртыш капиллярларынан веналар аркылуу жүрөккө алып келинет. Жүрөктөн болсо өпкөгө жеткирилет. Өпкөлөрдө бир катар процесстерден соң көмүр кычкыл газы дем чыгаруу учурунда сыртка чыгарылат.65

Гемоглобиндин түзүлүшүндө өзгөчө бир касиет бар. Гемоглобин кычкылтекти ташуу жөндөмүнөн тышкары, кычкылтекти керектүү учурда, керектүү жерге таштоо жөндөмүнө да ээ. Бул ийгиликтин сыры кычкылтек менен гемоглобиндин арасында курулган химиялык байланышта жашырылган. Гемоглобиндин бул касиетинин маанисин түшүнүү үчүн төмөнкүдөй анализ кылуу туура болот:

-Эгер гемоглобин менен кычкылтек арасында курулган байланыш бир азга алсызыраак болгондо, гемоглобин кычкылтекке улана алмак эмес жана кыртыштарга кычкылтек жеткириле алмак эмес. Бул жандыкты сөзсүз өлүмгө алып бармак.

-Тескерисинче гемоглобин менен кычкылтек арасындагы байланыш бир аз күчтүүрөөк болгондо, анда гемоглобин менен кычкылтек жубу кыртыштарга жеткенде бир-биринен ажырай албай калмак. Анда клеткалар кайра эле кычкылтексиз калып, жандыктар бир канча мүнөт ичинде өлүшмөк.

Бул эки жагдай гемоглобиндин өзгөчө бир план, долбоор менен жасалгандыгынын апачык бир далили. Адам денесинде кычкылтекти ташуу үчүн кемчиликсиз бир система жаратылган. Бул системанын ичиндеги ар бир майда-барат Аллахтын илиминин чексиздигин жана чексиз кудуретин бизге далилдейт. Ой жүгүрткөндө гемоглобин менен кычкылтек арасында курулган молекулярдык байланыштын күчүнүн чоңдугу жөнүндө эле чексиз ыктымалдык бар экенин оңой эле түшүнүүгө болот. Бирок ошол чексиз ыктымалдыктын ичинен мүмкүн болгон эң ылайыктуу байланыш гемоглобин менен кычкылтек молекуласы арасында түзүлүүдө. Байланыштын күчү аз да, ашыкча да эмес. Дал талап кылынган чоңдукта. Мунун кокустан келип чыгышы мүмкүн эмес. Бул апачык бир пландын, бир долбоордун натыйжасы.

Бул молекуланын өндүрүшүндө кандайдыр бир катачылыктын кетиши, дем алуу процессиндеги кандайдыр бир кемчилик, кандын насостолушунда кандайдыр бир маселенин жаралышы, кандын курамынын өзгөрүшү (бул үчүн бөйрөктө кичине эле көйгөй жаралышы жетиштүү болот), эң биринчиден өтө оор ооруларга, аягында болсо өлүмгө себеп болот. Демек бул улуу тартипти түзгөн бөлүктөрдүн эч биринин кокустуктар натыйжасында, өзүнөн-өзүн пайда болушу таптакыр мүмкүн эмес. Баары бир учурда, бир денеде пайда болушу шарт. Болгондо да, бул адам денесиндеги бир клеткадагы кычкылтек ташуу процессине эмес, дүйнөдөгү миллиарддаган адамдын ар биринин триллиондогон клеткасында бир-бирден ишке ашкан процесстерге тиешелүү.

Өпкөнүн паталогиялык оорулары.

Өпкө оорулары кыш мезгилинде күч алары баарына маалым. Ал оорулардын бири пневмония тууралуу Эне жана балдарды коргоо улуттук борборунун хирургиялык инфекция бөлүмүнүн жетекчиси Улан Садыков баяндайт.

ООРУНУН КЕЛИП ЧЫГЫШЫНА ЭМНЕЛЕР ӨБӨЛГӨ БОЛОТ?
– Пневмония бул – өпкөнүн сезгенүүсү. Эки өпкө тең же өпкөнүн бирөөсү гана сезгенүүсү мүмкүн. Пневмониянын келип чыгышын бир нече себептер шарттайт. Алар:

· Суукка катуу урунуу;

· Сасык тумоодон толук айыкпай калуу;

· Үйдүн ашыкча ным, сыз болуп, көк дат басып турушу;

· Витаминдин организмдеги жетишсиздиги (бул иммунитеттин төмөндөшүнө алып келип, оорулардын келип чыгышын шарттайт);

· Нерв ооруларынын таасирлери. Мисалы, ДЦП (балдардын церебралдык шал оорусу). Мындай балдар көп кыймылдабайт, таза абада көп болушпайт. Ошонун айынан өпкөдө аба, кан алмашуу калыптагыдай болбой, пневмония келип чыгышы мүмкүн.

Ушул жерден айтып кетчү нерсе, балдар арасында тубаса пневмония болуп төрөлгөндөр да кездешет. Буга эненин гинекологиялык-инфекциялык оорулары болгондугу же сасык тумоо менен ооруп, таза айыкпай калышы себеп болот.
Дем алуу жолдорунун оорулары менен жабыркагандарда (бронхит, тонзиллит, астма) пневмонияга чалдыгуу коркунучу чоң. Анткени аталган оорулар өпкөнүн калыптагыдай иштөөсүн бузат. Андыктан мындай оорусу барлар ден соолугуна көз салып, пневмониянын алдын алуулары зарыл.
Ошондой эле цемент, акиташ, топурак сатып иштегендер да өпкө ооруларына, анын ичинде пневмонияга көп кабылышат. Анткени цемент, акиташ, топурактын чаңдары аба менен өпкөгө кирип, дем алуу түтүкчөлөрүн бүтөп калат да, өпкө оорулары келип чыгат. Бул өзгөчө жаш балдарга зыян. Андыктан мүмкүн болсо, мындай иштерге жаш балдарды аралаштырбоо кажет. Ал эми чоңдорго аргасыз иштөөгө туура келсе, анда убак-убагы менен дарыгерге текшерилип туруу кажет.

 

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ
– Оору күтүлбөгөн жерден башталат. Алгач адам катуу чыйрыгып, арадан бир нече саат өткөн соң дене табы 40 градуска чейин көтөрүлөт. Балдар ыйлап, уйкусу бузулуп, чырланат. Эмчектеги балдар эмчек эмбей, чоңдордун тамакка көөнү тартпай калат. Дем алуу кыйындап, адам энтигет.

ООРУ ӨТҮШҮП ЖЕ ӨНӨКӨТКӨ ӨТҮП КЕТСЕ...
– Оорунун белгилери билинер замат ооруканага кайрылуу зарыл. Бул оорунун өнөкөткө айланып же өнүгүп кетишинин алдын алат. Оору тереңдеп кетсе, анда бир топ оорулар келип чыгат. Алар:

· Пиоторакс – өпкөгө ириңдин толуп кетиши;

· Пневмоторакс – кабырга менен өпкөнүн ортосуна абанын толуп кетиши;

· Плеврит – өпкөгө сары суунун толуп кетиши ж.б.

Эгер оорунун өнүгүп кетишинде да адам дарыланбаса, анда адам сезгенген өпкөсүнөн айрылып, алтургай өлүмгө учурашы толук мүмкүн.
Курч кармаган пневмонияны аягына чейин дарылап айыктырбаса, анда оору өнөкөт пневмонияга өтүп кетет. Оору бирде кармап, бирде оңолуп, жылдап жүрө берет да, адам оорусу кармаган сайын дарыланып убара тартат.

ДИАГНОЗ
– Диагноз коюу бир нече ыкмалар менен ишке ашырылат. Негизгиси – рентгенге тартуу. Андан тышкары анализдерин тапшыртуу, кошумча текшерүүлөрдөн өткөрүү да керек.

ДАРЫЛОО
– Диагнозго жараша дары-дармектер чектелет. Эгер оору тереңдеп кеткен болсо, анда операция жасалат. Дарылоо кезинде оорулуунун тамактануусуна да көз салынат.

ӨЗ АЛДЫНЧА ДАРЫЛАНУУГА, МАЙЛАРДЫ ШЫБООГО БОЛБОЙТ!
– Учурда бөлүмдө 1 айлык балдардан тартып 1 жашка чейинки балдар пневмония менен көп түшүүдө. Ата-энелерге айта кетчү нерсе, балдар пневмонияга, дегеле өпкө оорусуна чалдыкса, өз алдынча дарылабоо керек. Мисалы, кээ бирөөлөр иттин, суурдун майын ичирип, көкүрөккө койдун майын шыбашат. Майдын вирусту, микробду өлтүрө турган касиети жок. Тескерисинче май өпкө-боорго күч келтирип, оорудан алсыз болуп турган адамдын абалын оорлотот. Май шыбаганда ошол жер ысып чыгып, кан көп келет да, сезгенген өпкөгө ого бетер күч келтирет. Ысыктан оорулуунун дене табы ого бетер көтөрүлгөндөн тышкары, өпкөдөгү микробдор да тезден көбөйүп баштайт. Демек, май шыбоо, ооруну ого бетер күчөтүү дегендик.
Кээ бир ата-энелер балдары өпкө ооруга учураса, өз билгендеринче дары-дармектерди беришет. Ал дарылар ооруну козгогучтарды өлтүрөрүн же өлтүрбөсүнөн кабары жок эле бере беришет. Муну убакыттан уттуруу, ооруну тереңдетүү деп түшүнүү керек. Мисалы, Чүйдөн 4 айлык Жалын деген кызды алып келишкен. Сасык тумоолоп калса, ата-энеси 1 жума өз билгендеринче дарылашкан. Текшерсек, сасык тумоо пневмонияга өтүп кетиптир.
6 жаштагы Астра деген кызды Кочкордон алып келишкен. Анын өпкөсүнө ириң толуп кеткен. Дарылап жатсак, энеси кызын алып качып кетти. Кайра 2 айдан кийин апкелди эле, өпкөсү кичирейип, берчтенип кетиптир. Тактап айтканда, сезгенген оң өпкөсүнүн 30 пайызы гана иштеп, калганы иштебей калган. Операция жасап үйүнө чыгарып, январда экинчи операцияга чакырсак келишпеди. Буга түздөн-түз энеси күнөөлүү. “Байкуш кыздын тагдыры эмне болот?” деп биякта биз кабатырланып жатабыз.
Ата-энеси убагында ооруканага апкелбей оорусу күчөп, кийин өпкөсүнүн жарымынан, өпкөсүнүн бир бөлүгүнөн же бүтүндөй бир өпкөсүнөн айрылган балдар чанда болсо да кездешет. Ошондой эле балдарын табыптарга, эмчи-домчуларга алпарып айыктырбай эле, тескерисинче оорусун күчөтүп келгендер бар.
Андыктан балда­рдын ден соолугун тобокелге салбоо, өз алдынча дарылабоо керек деп айтар элем.

ЭМНЕЛЕРДИ КӨБҮРӨӨК ЖЕП, ИЧҮҮ КЕРЕК?
– Пневмониянын кандай түрү болбосун, суусундукту көбүрөөк ичүү керек. Мисалы, морс, ширелер, компот, кисель. Бал кошулган чай же дары чөптөрдүн кайнатмасына бал кошуп ичсе, дене табын түшүрүп, иммунитетти чыңдайт. Өпкө сезгенгенде, тамак витаминдерге бай болуусу кажет. Андыктан шпинат, көк пияз, жаныбарлардын (уй, кой) боорун, сарымсак жеш керек.

КЫСКАЧА

22-январь – Пневмония менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү.Бул күн БУУнун колдоосу артында 2010-жылы биринчи ирет белгиленди. Пневмония менен 1 жылда дүйнөдө орточо эсеп менен 155 миллиондой бала ооруйт. Мунун ичинде 5 жашка чейинки 2,5 миллиондон ашуун бала көз жумат. Алардын көпчүлүгү Азия жана Африка өлкөлөрүнүн жашоочулары. Буга элдердин жашоо- турмушунун начарлыгы, санитардык эрежелердин сакталбагандыгы, дарыгерлердин жетишсиздиги, элдин медициналык жактан сабатсыздыгы себепкер.Пневмония менен ар жылы орточо эсеп менен планетанын ар бир жүзүнчү адамы ооруйт. Болжол менен ооругандардын 15-20 пайызы көз жумат.

Өпкөнүн сезгениши

Өпкөнүн сезгенишинин ар кандай түрлөрүнүн схемалык көрсөтүлүшү: 1—өпкөнүн соо тканы (салыштыруу үчүн); 2— бронх тегерегинин сезгениши; 3— бөлүктөр арасынын сезгениши; 4— очоктуу сезгенүү (бронхопневмония); 5— крупоздуу сезгенүү.

Өпкөнүн сезгениши (пневмония) — өз алдынча же башка оорулардын кабылдоосу катары инфекцияпайда кылуучу өпкөнүн оорусу.



2018-07-06 804 Обсуждений (0)
Кычкылтектин ташылышы. 0.00 из 5.00 0 оценок









Обсуждение в статье: Кычкылтектин ташылышы.

Обсуждений еще не было, будьте первым... ↓↓↓

Отправить сообщение

Популярное:
Почему человек чувствует себя несчастным?: Для начала определим, что такое несчастье. Несчастьем мы будем считать психологическое состояние...
Как выбрать специалиста по управлению гостиницей: Понятно, что управление гостиницей невозможно без специальных знаний. Соответственно, важна квалификация...



©2015-2024 megaobuchalka.ru Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав. (804)

Почему 1285321 студент выбрали МегаОбучалку...

Система поиска информации

Мобильная версия сайта

Удобная навигация

Нет шокирующей рекламы



(0.013 сек.)