Мегаобучалка Главная | О нас | Обратная связь


Ичибиздеги кондиционер: дем алуу системасы



2018-07-06 669 Обсуждений (0)
Ичибиздеги кондиционер: дем алуу системасы 0.00 из 5.00 0 оценок




Эң кичинесинен эң чоңуна чейин денедеги миллиардаган процесстердин баары кычкылтек аркылуу алынган энергия менен ишке ашат. Бизге керектүү кычкылтекти денебизге дем алуу системабыз берет.

Дем алып чыгаруу процесси автоматтык түрдө (өзүнөн-өзү) жүрөт. Адам ушунчалык маанилүү процесс жүрүп жатканда эч эмгек коротпойт, чечим албайт жана эч кийлигишпейт. Төрөлгөндөн баштап бул керемет система иштеп баштайт жана эч катасыз иштейт. Жаңы төрөлгөн ар бир наристеде –ал эч нерсе түшүнө электе- өмүр бою эч тынымсыз иштей турган дем алуу машинасынын кнопкасы басылат.

Дем алуу бир эле аба жутуу эмес. Абадагы кычкылтекти колдонуп денеде энергия чыгаруу үчүн жасалган процесстер тизмегинин баарына берилген ат. Алдыда дем алуу процессинин кантип жүрөөрү жана, ошондой эле, дем алуу системасын түзгөн бөлүктөрдүн жалпы түзүлүшү да каралмакчы.

Демигүү

Демигүү — организмге аба жетпегендей сезилип, дем алуунун ылдамдыгы, ыргагы жана тереңдигинин бузулушу. Демигүү организмге күч келгенде (физиологиялык демигүү) же кээ бир орган жана системанын оорусунда (патологиялык демигүү) организмдин ыңгайлануу реакциясынын бири болуп эсептелет. Физиологиялык демигүү организм күч эмгеги менен иштегенде кычкылтекти көп керектегенден болот. Терең жана тез-тез дем алганда организмге өпкө аркылуу келүүчү кычкылтектин саны 2—3 эсе өсөт. Ошол мезгилде дем чыгаруу менен организмдеги көмүр кычкыл газ бөлүнүп чыгат. Физиологиялык демигүү абада кычкылтеги аз бийиктикке чыкканда, чөйрөнүн абасы ысып кеткенде жана башка болот. Киши өзүнүн дем алуусун башкара алат. Патологиялык демигүү дем алууну жөнгө салуу бузулганда же мээде дем алдыргыч борбор жабыркаганда, уктатуучу же наркоздук заттар менен ууланганда болот. Көкүрөк клеткасы кырсыкка учураганда, өпкө абдан жабыркаганда (өпкөнүн сезгениши, туберкулёз, бронх астмасы, өпкө эмфиземасы жана башка) өпкө демигүүсүсү пайда болот. Бул учурда дем алуунун тереңдиги, ылдамдыгы бузулат, тери жана былжыр чел көгөрөт, моюн тамырлары көөп, бет чыңалып чыгат. Мындай демигүү кичине эле күч жумшаганда күчөйт. Жүрөк демигүүсү жүрөк начарлаганда болуп, оорулуу көгөрөт, кол-бут муздайт. Күч келгенде демигүү күчөйт. Бронх астмасы жана жүрөк астмасынын кармоосунда болгон демигүүдө оорулуу муунат. Патологиялык демигүүдө оорулуунун көкүрөгүн кыскан кийимдерин чечип, башына бийик жаздап төшөккө жаткырып, терезени ачып, бөлмөнү желдетип, тез жардам чакыруу керек. Дарыны врач гана сунуш кылат. Демигүүнүн мүнөзүн билбей туруп, дары колдонуу коркунучтуу.

ǀǀ бап

Тамеки чегүү

Эгер тамеки чегууну таштасаныз организминизде эмнелер болушун билесизби???

8 сааттан кийин денениздеги уулуу газдар чыгып кетет.

5 кундон кийин денеден никатин заты чыгып кетет.

1 жумаадан кийин даам билуу жана жыт сезуу жакшыланат.

12 жумадан кийин опко озун озу тазалоо ишин кайрадан баштайт.

3 айдан кийин опко 30 % тен кобуроок иштоосун баштайт.

1 жылдан кийин журок кармоо коркунучу тен жарымына азаят.

Тамеки өлүмгө карай жол

Дүйнө жүзү боюнча адамдын өлүүсү күн санап көбөйүүдө, анын ичинен Кыргызстанда башка өлкөлөрдөн кем эмес. Бул өлүмдүн себеби ар кандай оорулар жана ден соолука зыян келчүү заттарды колдонуудан келип чыгат. Алардын ичине наркотик, ар кандай спирт ичимдиктери, насывай, тамеки жана ушундай болгон адамдын жаркын жашоосуна, караңгы түн алып келе турган заттар болуп эсептелинет. Ар бир адам бул ден соолука зыян экенин билген күндө да, анын арты өлүм экенин кээ бир адам билбесе керек. Бүгүн силерге тамекинин тарыхы жана андан кантип арылуунун жолдорун жарыяламакчыбыз. Бул биздин бүгүнкү “Тамеки” жөнүдөгү жарык көрө турган макалабыз, силерге күндө жанашып жүргөн шеригиңер жана сырдаш болгон тамекиден арылууга, кичине болсо да жардам берет деген ишенимдебиз.

Ооба, азыр заманыңды сөгө турган мезгил болуп калды окшойт. Айлана күндөн-күнгө өз көркүн жоготуп жаткандай сезилгеннсийт. Билем, кичинекей кезимде чоң атам “ уулум заман адамдын пейилине жараша” деп айтчуу эле. Ооба, заманыбыз адамдын пейилине жараша, азыр адамдардын аң сезими, ички сезимдери чоң өзгөрүүгө ээ болгон. Азыркы күн менен биздин атабыз менен апабыздын жашаган күндөрүнүн аралыгы ашып кетсе 30 жыл, бирок айырмасы асман менен жердей. Ушул 30 жылда адам ушунчалык өзгөрүүгө туш болду, өзгөчө биздин Кыргызстанда. Бул сөздөр мен эмнени айткым келип жатат? Албетте, азыркы жаштарды, өзгөчө тамеки чеккен жаштарды. Балким, 30 жыл мурун деле жаштар тамеки чеккендир. Бирок, азыркыдай ачык айкын жана мынчалык көп санда болбосо керек.Мүмкүн бүгүнкүдөй санда эркектер чеккендир ал кезде, ал эми “айым” деген ысымды көтөрүп жүргөн апаларыбыз жана эжелерибиз тамеки чеккен эмес деп жүз пайыз кепилдик бере алам.. Ал эми азыр, жаш балдарга атандашып улуулардан уялуу сезимдери өлүп калгансып, көчөлөрдө ачык айкын тамеки чегип жаткан биздин аккуудай болгон, мөлтүрөгөн кыздарыбыз да тамекинин түтүнүн асманга карай ыштап, жашоонун ырахатын алгансыйт. Бирок, анын кара түтүнү анын өпкөсүн талкалап, келечекте балалуу болушуна зыян келтирип атканы жөнүндө ойлонбосо да керек. Биз жашап ажаткан мезгилдин мектепте билим алып жаткан, келечекте көптү үмүттүөндүргөн жаш окуучуларыбыздын эркек, кызына карабай тамекинин даамы татып, анын пайдасы жок түтүнүнө байланып жаткандарын да эл билет. Мындай жаштар, өзгөчө карындаштарыбыз кантип кийин балага “Эне” деген атты татыктуу көтөрүп жүрө алат, аларга кантип таалим-тарбия берет, деги эле алар ошол жашоону көрөбү? Албетте, тамеки чегип өзүнүн жаркын жашоосуна балта чаап жатса кантип бала жытын искеп, аларды тарбияласын.

Мамлекеттибиз тамеки чегүү ден-соолука зыян деп канча какшабасын анын арты баягы эле көрүнүш болуп келүүдө. Өкмөттөотурган биздин байкелерибиз ушундай көйгөйлөрдү азыртадан баштап чечбесе эртең бул торго өздөрүнүн алтындан да артык көргөн уул, кыздары түшүп калышы мүмкүн.

 

Тамекинин тарыхы

1942-жылы 27-сентябрда Испаниялык саякатчы Христофер Колумб Кубанын жээгиндеги Гаити арлына барат. Ал жердеги «сигаро»-деген чыгарышат. Алар түтүнүн жутушуп мурдунан чыгарышат. Алардан матростор үйрөнүшөт, андан кийин өлкөлөргө тарайт. Ошентип Гаити аралынан Табаго аймагына андан алган өсүмдүк 1494-жылы башка өлкөлөргө тарайт. 18-кылымдын 30-жылдарында Швед окумуштуусу Карл Линней Европада биринчи болуп тамекинин өстүргөн. Жан Никонун атына «Никотин»-деп айткан, Жан Нико Франсуздардын Португалияга жиберген өкүлү болгон.
1566-жылдын башында оорудан айыга албай жүргөн Франсуз королевасы Екатерина Медичеге баш ооруганда жыттоону сунуш кылат. Ага кургак жалбырак жиберген. Ошентип падыша сарайындагы ак сөөктөр арасында тамеки жыттоо модага айланган.
1634-жылы Европадан Россияга келет. 30-май тамеки тартуунун күнү деп аталып калган. Тамеки жалбырагынын составынан «никотин»-деп аталган алкалоидди биринчи болуп 1828-жылы окумуштуулар Носель жана Рейман аныктаган тамеки 2ге бөлүнөт: папиростук жана махорка болуп.

 

Тамекинин сорттору:

Махорка, самсунг 27, талгар27, либек44, скелет, жыттуу. Тамеки жалбырагынын составында төмөндөгүдөй топтогу заттар бар. Белок 10%, углевод 20%, органикалык кислота 10%, чайыр 10%, эфир майы 1%. Тамекинин кара майында декоть деген 100гө жакын химиялык заттар кездешет. Алар бензопирем, бензатрацент, мышьяк, полициклдуу
углеводдор бар

 



2018-07-06 669 Обсуждений (0)
Ичибиздеги кондиционер: дем алуу системасы 0.00 из 5.00 0 оценок









Обсуждение в статье: Ичибиздеги кондиционер: дем алуу системасы

Обсуждений еще не было, будьте первым... ↓↓↓

Отправить сообщение

Популярное:
Почему люди поддаются рекламе?: Только не надо искать ответы в качестве или количестве рекламы...
Как распознать напряжение: Говоря о мышечном напряжении, мы в первую очередь имеем в виду мускулы, прикрепленные к костям ...
Почему человек чувствует себя несчастным?: Для начала определим, что такое несчастье. Несчастьем мы будем считать психологическое состояние...



©2015-2024 megaobuchalka.ru Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав. (669)

Почему 1285321 студент выбрали МегаОбучалку...

Система поиска информации

Мобильная версия сайта

Удобная навигация

Нет шокирующей рекламы



(0.01 сек.)