Мегаобучалка Главная | О нас | Обратная связь


Тамекинин кайсы органдарга зыян экенин жаттап алгыла.



2018-07-06 503 Обсуждений (0)
Тамекинин кайсы органдарга зыян экенин жаттап алгыла. 0.00 из 5.00 0 оценок




1)Мээ, 2)Кекиртек 3) Жүрөк, 4)Өпкө, 5) Омурткалар, 6)Бөйрөктөр, 7) Ашказан, 8) Жыныстык ситемалар.

 

Тамекиин таасири

Жер шаарынын калкы жылына 12млрд пачка папирос жана сигарет тартат. Ыргытылган тамеки калдыктарынын массасы 2,500 тонна болот. Тамеки тарткандар отмосферага жыл сайын 720 тонна синил кислотасын, 584000 тонна аммиак, 108000 тонна никотин, 600000 тонна кара май, 550000 тонна ис газын чыгарат. Фармологдордун маалыматы боюнча 1 куту сигаретти тарткан адам 0,0012г синил кислотасы, никотин 0,64г, аммиак 0,9г, 1г кара май организимге кирет. Эгерде, 30 жыл күнүнө бир пачка папирос тарткан адам өпкөсү аркылуу 5,5кг чайыр, 160кг тамекинин түтүнүн, 1,5кг никотинди өткөрөт. 6,7 мг адамды, бир тамчы никотин атты өлтүрөт.

Биринчи жолу тамеки тартканда өзүн жаман сезип, көӊүлү айныйт, кускусу келет, жүрөктүн согушу күчөйт, эсинен танып калат. Никотинге көнүп калганда тамекиге зыяндуу таасири басаӊдап, анын жагымдуу дүүлүктүргөн таасири гана сезилип калат. Тамеки тартканда өпкөнүн рак оорусу менен 10 эсе, кекиртек рак оорусу менен 6-10 эсе ооруп калуу мүмкүнчүлүгү артат. Кызыл өӊгөч рак оорусу менен ооруган 100 кишинин 90ну тамеки тарткандар. Тамеки тартпаган адам тамеки тарткан адамдын жанында бир саат отурса ал тамеки чеккен адамдай зыян тартат.
Статистикалык маалыматтарга таянсак тамеки тарткан аялдардын төрөгөн балдарынын 40%на чейини өлүгө учурайт. Никотин кан тамырларынын ички бөлүгүн сезгентет. Тамеки тарткан адамдар «Стенокардия» оорусу менен ооруйт, бул оору мезгил-мезгили менен жүрөктүн булчуӊдарына кан жетпей буулуп, көкүрөк сайгылашып катуу ооруйт. «Стенокардия» оорусу миокарддын инфаркты деп аталуучу жүрөктүн оор дартына алып келет. Бул оору менен 80%тен көбү тамеки тартуу себебинен. Ошондой эле кургак учук, бронхит менен оорушат. Фагоситоз козгогуч начар иштейт. 75% аялдар ооруйт, себеби тамеки тартуучу инфарк менен 12 эсе тамеки ар кандай ашказан жарасы менен 97% чылым тарткандар оорушат. Никотин С1, В1, В2 витаминдерин 20 эсе азайтат. Эгерде папирос чексеӊ 3%, сигарет чексеӊ 6% никотин уу затын өзуӊө аласын.

 

Эсиңизтерге сактап алгыла!

· Тамекиден улам организмдин уулануусу эрте картаюуга алып келет!

· Бойдо бар кезде тамеки тартуу балдардын салмагына жетпей жана ошондой эле ара төрөлүп калуусунун себепкери (20-30 пайыз) болуп эсептелет.

· Жүрөк-кан тамыр ооруларынын келип чыгышын шарттайт. Мисалы, кан басым көтөрүлүп, жүрөк кеңейип, иштөөсү бузулат.

· Тамеки тартуучулар өзү курактуулардан 10-20 жыл мурун эрте көз жумушат.

· Коңурукту, сөөктө морттукту (ос­теопороз) пайда кылат. Сөөк морт болсо, адам жыгылса эле бир сөөгүнөн жарака кетип же сынышы мүмкүн.

Тамекиден өлүмгө карай жол тарткандар

· Дүйнөдө ар бир 10 секунд сайын тамекинин айынан 1 адам өлөт.

· “2020-жылдан баштап ар жылда тамекиден 10 000000 адамдын өлүмү күтүлөт” деген маалымат бар.

· 1998-жылы тамекиден дүйнөдө 4 000000 адам өлсө, 2008-жылы 49 000000 өлгөн.

· Тамеки тартуучулардын 10 пайызы рактан көз жумат.

 

Тамекини чекпей коюунун оңой жолдору

Аллен Карр аттуу жөнөкөй эсептөөчү адам, тамекини чекпей коюунун эң жөнөкөй жол-жоболорун таап чыкты. Мында адамдан кандайдыр бир көнүгүүлөрдү жасоо же дарылануу талап кылынбайт. Адамдын жаман адаттарына бир гана тамеки чегүү эмес, компьютердик оюндарга кызыгып кетүү, тырмагын кемирүү сыяктуу өнөкөттөр кирет. Мындайда адам өзүнүн эмне кылып жатканын жана мунун артында кандай зыян бар экенин толук кандуу түшүнө бербейт, түшүнсө да моюнга албайт. Аллен Каррдын жобосу боюнча мына ушул кемчиликтерди толуктоого мүмкүндүк жаралат.

1- Алгач тамекини өз каалооңуз жок эле чегип алганыңызды моюнга алыңыз. Бул чечимди сиз эмес, сиз үчүн башка бирөө чечип койгон. Ар бир акылдуу адам өзүн өзү күнүгө уу менен ууландырууну каалабайт. Сизди башкалар буга үндөшкөн, жакшы көрүнөрүн айтып ынандырышкан, же сиз сыйлаган, ишенген адамдардын тамеки тартканын көрүп сиз да буга кошулгансыз. Бирок аларга кошулуу менен өз ден-соолугуңузга зыян келтирип, акча жана убакытты зыяндуу жакка коротуп жатканыңызды ойлоңуз.

2- Тамекини таштоо менен сиздин эч нерсеңиз кетпейт экенин билиңиз. Анткени көпчүлүк мына ушул нерсени түшүнө албагандыктан коё албай келишет. Мисалы: кечелерде тамеки тартып эс ала албай калам, ой басканда жардамга келер жалгыз тамеким бар деп ишенишет. Чындыгында мындай эмес, анткени тамеки тартпаган адамдар деле кыйынчылыктарды жана кечелерди тамекисиз эң сонун өткөрүп келишет. Ушул нерсени толук түшүнө алсаңыз, тамеки таштоо оңой болот. Мүмкүн сизге тамекинин даамы жагат чыгар, мында алгачкы чегип көргөн көз ирмемдерди эске салыңыз, ошондо тамеки жакты беле? Жок, даамы да, жыты да жаман болчу. Анын даамы азыр деле өзгөргөн жок. Бирок сиз организмиңизди кыйнап, буга көндүрүп, өзүңүздү да ушуга тарбиялап койдуңуз.
3- Тамекиңизди чегип бүтүп анын чыныгы даамын сезип көрүңүз, анын жийиркеничтүү даамы оозуңузга келет. Өзүңүзгө суроо бериңиз жана жооп алыңыз: эмнеге чегип жатам, кандай пайда табам, кандай зыян алам, жалпысынан бул сизге керекпи?,-деген сыяктуу суроолор.
4- Чекпей коюуга аракет кылып жатып, акыркы тамекиңизди чеккенден кийин бирото таштоо үчүн атайын нерселерди: электрондук тамеки, сагыз, атайын никотин кошулмаларды колдонбойм деп өзүңүзгө убада бериңиз.
5- Тамекини чекпей койгондон кийинки күндөрү башкаларды көрүп, же кичине нерв иштеткенде кайра чегүүнү каалайсыз, ушул кезде дайыма “Кудайга шүгүр, мен тамекини койдум, эми чекпейм!” деп айтыңыз.
6- Чылым чегип жаткандарга эч убакта суктанбайм деп сөз бериңиз. Сук арткандын ордуна аларды аяп, байкуштар, эрки жок, бактысыз, оорулуу адамдар деп ойлоңуз.

7- Анан эң башкысы Кудай алдында күнөөгө батып жатканыңызды унутпаңыз. Тамеки тартып, Жараткан берген ден-соолукту талкалап жатканыңыз үчүн, убактыңызды текке кетирип жатканыңыз үчүн жана акчаңызды зыяндуу нерсеге жумшап жатканыңыз үчүн. Кудайдан ар убак жардам, эрк сурай жүрүңүз.
Көпчүлүк адамдар тамеки койгондон кийин никотиндин организмге керек болгондуктан тарта турган кыйноосунан корккондуктан эле буга белсенишпейт. Бирок бул нашаны койгондон бир нече эсе жөнөкөй. Никотинге болгон талап физикалык жактан эч кандай өзгөрүүлөрдү, алсыздыкты жаратпайт. Никотинге талап албетте болот, бирок ал сиздин мээңизде гана. Муну бир таштагандан кийин бир да жолу улантпай койсоңуз каалоо бат өлөт.



2018-07-06 503 Обсуждений (0)
Тамекинин кайсы органдарга зыян экенин жаттап алгыла. 0.00 из 5.00 0 оценок









Обсуждение в статье: Тамекинин кайсы органдарга зыян экенин жаттап алгыла.

Обсуждений еще не было, будьте первым... ↓↓↓

Отправить сообщение

Популярное:
Как выбрать специалиста по управлению гостиницей: Понятно, что управление гостиницей невозможно без специальных знаний. Соответственно, важна квалификация...
Как построить свою речь (словесное оформление): При подготовке публичного выступления перед оратором возникает вопрос, как лучше словесно оформить свою...
Организация как механизм и форма жизни коллектива: Организация не сможет достичь поставленных целей без соответствующей внутренней...



©2015-2024 megaobuchalka.ru Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав. (503)

Почему 1285321 студент выбрали МегаОбучалку...

Система поиска информации

Мобильная версия сайта

Удобная навигация

Нет шокирующей рекламы



(0.008 сек.)