Мегаобучалка Главная | О нас | Обратная связь


The palate closes the nasal passages. 2. Diaphragm closes.



2018-07-06 698 Обсуждений (0)
The palate closes the nasal passages. 2. Diaphragm closes. 0.00 из 5.00 0 оценок




Курстук иш

Предмети: Кишинин жана жаныбарлардын физиологиясы

Тема: Организмдеги тамак сиңирүү системасынын физиологиясы

Аткарган:Холмирзаева Мархабо

Текшерген:Сагынбаева Гүлзада Авазбековна

Адистиги:Биология

Тайпасы:Б-13К-2

Ош-2016

Мазмуну

ǀ бап Тамак сиңирүү процессинин физиологиялык иш аракеттери.

1. Киришүү............................................................................................3

2.Ооз көңдөйү................................................................................................5

3. Шилекей бездери....................................................................................................7

4. Тилдин тамак сиңирүүдөгү ролу...................................................................................................8

5. Кызыл өңгөч.............................................................................................................................10

6. Ашказан......................................................................................12

7. Ичегилер....................................................................................20

8. Ичке ичеги....................................................................................................21

9. Жоон ичегидеги бактериялар....................................................................23

ǀǀ бап Тамак сиңирүү системасынын паталогиялык оорулары.

10. Гастрит.............................................................................24

11. Ашказан рак оорусу.............................................................................................26

12. Ичеги инфекциялары..............................................................................29

13. Корутунду................................................................................................32

14. Колдонулган адабияттар........................................................................39

 

ǀ бап Тамак сиңирүү процессинин физиологиялык иш аракеттери.

1. Киришүү.

Денедеги майдалагыч механизм: тамак сиңирүү системасы

1. Tongue
2. Mouth
3. Tooth
4. Saliva Gland
5. Pharynx
6. Esophagus
7. Liver
8. Bile Duct9. Pancreas
10. Duodenum
11. Appendix
12. Stomach
13. Small Intestine
14. Large Intestine
15. Anus

Денебиздеги жашоо процесстерибиз уланышы, б.а. органдарыбыз иштеп, клеткаларыбыз жаңыланышы үчүн керектүү болгон негизги заттарды ар кандай тамак-аш жана суусундуктардан алабыз. Бирок жеген ар бир тамагыбыздын, мисалы эттин, нандын, жашылча-жемиш же мөмөлөрдүн андай негизги заттарга бөлүнүшү жана денеде колдонууга боло турган абалга келиши үчүн түп-тамырынан өзгөрүшү, б.а. сиңирилиши зарыл.

Жаңы төрөлгөн 2-3 килограммдык бир наристенин 20-25 жылдан кийин 1,80 метр бойдогу, 75-80 кг салмактагы бир адамга айланышына азыктардын сиңирилиши шарт түзөт. Ортодогу мындай укмуш салмак айырмачылыгынын себеби – баланын жеп-ичкен азыктарынын ичиндеги заттардын акырындап денесине кошулушу. Ал азыктардын бир бөлүгү жашоого керектүү энергияны камсыз кылат, бир бөлүгү болсо денеге кошулуп, адамдын этине, сөөгүнө айланат. Ишке жараксыз бөлүктөр болсо денеден сыртка чыгарылат.

Тамак сиңирүү системасы жер жүзүнүн эң алдыңкы кайра иштетүү системасын камтыйт. Ал кайра иштетүү заводдорунун ичинде заттар алгач чийки заттарга бөлүнөт, андан соң ал чийки заттар пайдалануу үчүн дененин керектүү аймактарына жөнөтүлөт. Майдаланган заттар бир-биринен өтө айырмаланат жана пайда болгон жаңы заттар да бир-биринен өтө айырмалуу болот.

Тамак сиңирүү системасынын иштешин бир мунайзат иштетүүчү заводдун ишине салыштырууга болот. Бир мунайзат иштетүүчү заводдо чийки зат катары заводго кирген мунайзат ар кандай процесстерден өтүп, бир канча баскычта майдаланып, ал ортодо бир канча түрдүү продукттар алынат. Заводдогу комплекстүү процесстер натыйжасында машинаңызга энергия берчү бензинден тышкары, үстүндө басып жүргөн асфальттын чийки заты, колдонгон пластикалык (пластмасса) продуктарыңыз да өндүрүлөт. Ошол сыяктуу тамак сиңирүү натыйжасында да өтө көп түрдүү заттар келип чыгат. Бирок тамак сиңирүү системасындагы процесстер бир мунайзат иштетүүчү заводдогу процесстерден алда канча комплекстүү жана бир топ жогору бир иштөө системасы аркылуу жүрөт. Болгондо да, ал процесстер акыркы технологиялар менен жабдылган бир заводдо эмес, сиздин денеңиздин ичинде болот. Эрте мененки тамакта жеген азыктарыңыз сиз күнүмдүк иштер менен алектенип жатканда, окуу жайда сабакта отурганыңызда же жолдо баратканыңызда, сизге эч сездирбей ошол кереметтүү кайра иштетүүчү заводдун ичинде миңдеген түрдүү химиялык процесстерден өткөрүлөт.

Ал химиялык процесстер жасалышы үчүн узун бир канал талап кылынат. Каналдын ар бир чекитинде болсо канал ичиндеги заттарды өзгөртө турган атайын кайра иштетүүчү системалар жайгашышы керек. Ал каналдын узундугу эң аз 8-10 метр болушу шарт.

Бирок адамдын денесинин узундугу орточо 1,70-1,80 метр. Демек 10 метрдик бир канал системасын андан болжол менен беш эсе кыска бир дененин ичине батыруу керек. Бул да албетте өзгөчө бир индустриалдык долбоорду талап кылат. Адам денеси ошондой долбоор менен жаратылган. Ал канал (ооз, кызыл өңгөч, ашказан, ичке ичеги жана жоон ичеги) адам денесинин ичине атайын бир план менен орнотулган. Ал пландын негизинде 10 метрдик тамак сиңирүү системасы узундугу 1,70 метр дененин ичине тыкандык менен жайгаштырылган.

Жеп-ичилген ар бир азык денеңизге кирген соң тамак сиңирүү каналы ичинде болжол менен 10 метрлик бир сапарга чыгат. Ал сапар учурунда азыктар бир катар механикалык жана химиялык процесстерден өтөт. Тамак-аштар беш бөлүктөн турган, узундугу 10 метр болгон каналдан кезеги менен өтүп баратканда, бир тараптан чайноо, майдалоо жана аралаштыруу сыяктуу механикалык кыймыл-аракеттер менен, экинчи тараптан болсо ар кандай секреция бездери ал каналга чыгарган суюктуктардын химиялык таасирлери аркылуу сиңирилет.

2. Ооз көңдөйү.

Тамак сиңирүү ооздо башталып ашказан менен ичке ичегиде уланат. Азыктардагы пайдалуу заттардын кан тамырлары аркылуу соруп алынып, кан айланууга аралашышы болсо ичке ичегилерде жүрөт. Жоон ичеги болсо сиңирилбеген пайдасыз заттардагы суу сиңирилип калган калдык денеден сыртка чыгарылчу жер.

«Заводдун» босогосу

1. Filiform protrusions
2. Round protrusions
3. Taste bud
4. Support cells
5. Taste

Тамакты оозуңузга салаарыңыз менен тамак сиңирүү системасы ишке киришет. Оозго салынган тамак тиштер менен майдаланып, чайналат.

Тиштер бул иш үчүн атайын пландалган. Белгилүү болгон эң катуу органикалык зат болгон тиш мийнасы (эмаль) менен капталган жана ошол эле учурда химиялык заттарга карата да өтө бекем.

Ар бир тиш өз кызматына ылайык формада. Мисалы, алдыңкы тиштер курч, тамакты кесет. Ит тиштер (клык) учтуу болот, азыкты айрып, майдалайт. Азуу тиштери болсо азыкты чайнай турган кылып пландалган. Эгер тиштерибиздин баары бирдей түрдө болгондо, мисалы, 32 ит тиштүү же 32 кескич тиштүү болгонубузда, дээрлик тамак жей албай калмакпыз.

Тиштердеги долбоордун дагы бир мисалын тиштердин тизилишинен көрөбүз. Ар бир тиш өз ордунда. Кескич тиштер талап кылынгандай алдыңкы тарапта, азуулар да өз ордунда, арт жакта. Алардын ордун алмаштырып коюу да тиштерди бүтүндөй ишке жараксыз кылып койо алат.

Бир-биринен көз-карандысыз болгон үстүңкү жана астыңкы тиштер арасында да кемчиликсиз бир шайкештик бар. Эки тараптагы тиштер тең жаак сөөгү жабылганда бир-бирине толук төп келе тургандай пландалган. Мисалы, бир эле азуу тишиңиз башка тиштерден узунураак болгондо же үстүндө ашыкча бир кыры болгондо, оозуңузду жаба албай калмаксыз. Жана сүйлөө жана тамак жеш сыяктуу өтө жөнөкөй муктаждыктарыңызды да канааттандыра албай калмаксыз.

Жаңы төрөлгөн наристелердин ооздорунда болсо тиш жок. Башында бирден бир азыгы эне сүтү болгондуктан, аларга тиш керек эмес болот. Бирок кийинчерээк катуу тамак-аштар менен тамактануу убагы келгенде наристелердин ооздорундагы жумшак мүлктүн ичинде кээ бир өзгөрүүлөр болот. Ал жердеги кээ бир клеткалар бир сигнал алгансып бир кезде кальций жыйнап башташат. Андан соң ал миллиондогон клетка чогулуп белгилүү тартипте, эмне кылуу керек экенин билгендей үстү-үстүнө жана жанаша тизилишет. Өтө көп кальций топтогон клеткалар белгилүү убактан соң өлүшөт. Мына ошол өлүү клеткалар тиштердин тулку-боюн түзөт.

Миллиондогон клетка алгач кальций топтоп, анан катарга тизилип чоң бир блок түзөт. Ал жыйындынын (блоктун) формасын да кайра эле аны курган клеткалар аныкташат. Бул жерде да улуу бир жаратуу кереметин көрөбүз. Мисалы, астыңкы мүлктөгү клеткалар алардан алыста жайгашкан үстүңкү мүлктөгү клеткалардын кандай форма курганын өтө жакшы билишет. Эки клетка тобу тең жасаган ири блогун ага туура келе турган блокко эң шайкеш келе турган кылып жасашат. Натыйжада жаак сөөгү жабылганда үстүңкү жаактагы бир азуу тиш астыңкы жаактагы бир азуу тишке толук шайкеш келип, отурат. Ал форманын шайкеш келбей калышы адамга тынчсыздануу алып келет. Бирок мүлктөгү клеткалардын кереметтүү акылы натыйжасында 32 кальций блогу бир-бирине эң төп келе тургандай жасалат.

Тиштердин бекем түзүлүшү, тизилиши, формалары менен функцияларынын шайкештиги сыяктуу жагдайлар тиштердин пландалып жаратылганын апачык көрсөтүүдө. Клеткалардын акылдуу иш-аракеттеринин болсо бир гана себеби бар. Денедеги бүт клеткаларга да, тиштерди түзгөн клеткаларга да алардагы өзгөчөлүктөрдү улуу кудуреттүү Аллах берген.

3. Шилекей бездери (Өзгөчө тамак сиңирүү суюктугу).

1. Parathyroid gland
2. Sublingual gland
3. Mouth muscles

Азыктар бир тараптан тиштер тарабынан чайналып жатып, экинчи тараптан химиялык бир чабуулга дуушар болушат. Ал чабуулду болсо шилекей суюктугу жасайт.

Күнүмдүк жашоодо эч ким оозундагы бул суюктукту байкабайт; чыгып же чыкпай жатканын, көп же аздыгын, кыскасы бул жөнүндө көбүнчө эч нерсе ойлонбойт. Жөнөкөй бир суюктуктай кабыл алынган шилекей – негизи өтө так үлүштө ар кандай химиялык заттарды камтыган, атайын бир аралашма.

Ал суюктук эң башта азыктардын даамын сезишибизге шарт түзөт. Азыктардын ичиндеги даам берчү молекулалар шилекейдин ичинде ээрип, тилдин бетиндеги даам кабылдоочу нерв учтарына биригет. Ошондо гана жеген тамактарыбыздын даамын сезе алабыз. Кургак бир ооз менен жеген тамактардын даамынын сезилбеши да ушул себептен.

Ооздо бир-биринен айырмалуу өзгөчөлүктөгү эки түрдүү шилекей чыгарылат. Алардын бири углеводдорду өтө майда кылып майдалап, белгилүү деңгээлде кантка айландырат. Мисалы, нан бир углевод. Эгер оозуңузга бир кесим нан салып, бир канча мүнөт жутпай күтүп турсаңыз, майдаланган углеводдун кант даамын тилиңизде сезесиз. Экинчи шилекей болсо өтө тыгыз бир консистенцияга ээ. Ал жабышчаак суюктук аркылуу тамак жеп жатканда ооздун бүт тарабына жайылган тамак-аштар чогултулуп, бир топко айланат.

Шилекей болбосо эмне болмок? Албетте, оозубуз кургак болгону үчүн жегендерибизди жута да алмак эмеспиз, азыктардын даамын да сезе алмак эмеспиз жана жакшыраак сүйлөй да алмак эмеспиз. Катуу эч нерсе жей албай, суюк азыктар менен гана азыктанууга мажбур болмокпуз. Бул болсо адамга өтө оор болмок.

Үч башка секреция безинен чыгарылган шилекей бир тараптан тамак-аштарды суулап жутууну жеңилдетсе, экинчи тараптан, курамындагы химиялык зат аркылуу тамак-аштардын ичиндеги пайдалуу бөлүктөрдүн ээришине шарт түзөт.

Оозубуз бир химия лабораториясындай иштеп, жеген азыктарыбыздагы крахмалды майдалайт. Шилекейдеги птиалин аттуу фермент – бул иш үчүн атайын чыгарылган бир химикат. Птиалин крахмалды бөлүштүрүп, кантка айландырат.

Ооздогу тамак сиңирүү жалаң эле химиялык эмес. Ошол эле учурда тиштер механикалык тамак сиңирүү жасашат. Бул эки сиңирүү түрү бир-бирин толукташат.

4. Тилдин тамак сиңирүүдөгү ролу.

Механикалык майдалоодо тилдин да чоң ролу бар. Өтө сезгич бир даам өлчөө касиетине ээ болгон тил ошол эле учурда азыктардын ооздо тоголонуп тамактан өтүшүнө да көмөк көрсөтөт. 1. Epiglottis
2. Rear Sulcus
3. Foramen Coecum
4. Mid-Line Sulcus
5. Peak
6. Palatine Tonsil
7. Lingual Palate Curve

8. Vallate Papillae
9. Foliate Papillae
10. Fungiform Papillae
11. Filiform Papillae
12. Bitter
13. Sour
14. Salty

Тилдин үстүңкү бетинде жана капталдарында төрт түрдүү даамды; ачууну, таттууну, туздууну жана кычкылды сезе турган 10000ге жакын даам чекити бар. Ал даам бүчүрчөлөрү күн сайын жеген ондогон түрдүү азыктын даамын эч адаштырбай сезишибизге шарт түзөт. Тил мурда биз эч билбеген бир тамактын даамын да оңой эле ажырата алат. Ошондуктан эч качан бир дарбыздын даамы грейпфруттай кычкыл сезилбейт же бир тортту туздуу дебейбиз. Болгондо да даам бүчүрчөлөрү миллиарддаган адамда бир азыкты бирдей даам катары сезет. Бүт адамдар үчүн таттуу, туздуу, кычкыл сыяктуу түшүнүктөр бирдей. Кээ бир илимпоздор тилдин мындай жөндөмүн «кереметтүү химия технологиясы» деп аташат.

Тилдин бетинде азыраак даам чекити болгондо кандай болмок?

Анда жеген тамактарыбыздын эч биринин даамын сезе алмак эмеспиз. Таттуунун да, шишкебектин да, нандын да, башка бир тамактын да даамын биле алмак эмеспиз. Эмне жесек дагы баары даамсыз сезилмек. Тамак жеш ырахаттуу бир жакшылык болбой калмак жана биз үчүн күн сайын кылууга мажбур болгон бир азапка айланмак. Бирок андай болбойт жана тилдеги атайын даам бүчүрчөлөрү натыйжасында жеген бүт тамак-аш, азыктардын даамдарын айырмалай алабыз. Ошентип ырахаттануу менен тамак жейбиз.

5. Кызыл өңгөч.

1. Spherical muscle
2. Extensor muscle
3. Surrounding muscle
4. Relaxed muscle

 

Тамак сиңирүүнүн экинчи этабында азыктар кызыл өңгөчтөн өтүп чыныгы сиңирүү баштала турган ашказанга барышат. Кызыл өңгөчтө кандайдыр бир тамак сиңирүү процесси жүрбөйт. Биз жуткан соң моюндун артындагы түз булчуңдардын азыкты кызыл өңгөчкө түртүшү менен бирге бир жолоочулук башталат. Азыктар кызыл өңгөчтүн ритмикалык жыйрылышы менен төмөн көздөй кыймылдайт. Перистальтика деп аталган мындай ритмикалык булчуң жыйрылуулары ушунчалык күчтүү болгондуктан, сиз жатканда да азыктардын төмөн көздөй түртүлүшүн камсыз кылат.29 Азыктардын 25 см узундуктагы кызыл өңгөчтөн өтүшү болгону 12 секундага созулат.

Адам оозун тамак жеш үчүн да, дем алуу үчүн да колдоно алат. Себеби тамак-аштар түртүлгөн кызыл өңгөчтүн жанында аба өпкөлөргө кирчү дем алуу каналы бар. Бирок бул жерде өтө маанилүү бир жагдай бар. Эгер чайналган азык тамак каналына эмес, дем алуу каналына кирип кетсе, бул өлүмгө алып келет. Адам күн сайын жүздөгөн жолу жутунат. Кандайдыр бир учурда жаңылыштык менен дем алуу каналына кирип кеткен бир азык адамдын өлүмүнө себеп болот. Бирок дем алуу каналынын дайыма жабык турушу маселени чечпейт. Эң акылман чечүү жолу – бул дем алуу каналынын ачылып-жабыла турган бир эшигинин болушу.

1. Muscles in relaxed state
2. Esophagus
3. Muscles in relaxed state
4. Food particle
5. Closed diaphragm
6. Open diaphragm
7. Stomach

 

Жогоруда да айтылгандай, адам денесиндеги долбоор кемчиликсиз, жана дем алуу каналында да эч кемчиликсиз жана эң коопсуз система бар. Дем алуу каналынын алдында жайгашкан жана кичинекей бир кыртыштан турган капкак жутунуп жатканда автоматтык түрдө дем алуу каналын жабат. Натыйжада тамак жеп жатканда дем алуу каналына суу же тамак-аш кирип кетпейт. Жутунган соң болсо ал капкак кайра ордуна барып, дем алуу каналынан аба кире баштайт.

Күнүмдүк жашоодо эч ким тамак жеп жатканда мындай коркунучтун аны күтүп турганынан кабары болбойт. Эч ким «жегендерим дем алуу каналыма кетип калса эмне болот, дем алуу каналымда бир капкакча болгондо, тамак жеп жатканда тамагыма кетип калбайт эле» деп ойлонбойт. Же «капкакча иштеп жатабы, мени дем ала албай калуудан коргой алабы?» деп тынчсызданбайт. Көп адамдар муну окуганга чейин тамагындагы капкакчанын маанисинен кабары да болбосо керек. Бирок ал капкакча бар жана дайыма –бир канча секунда мурда сиз жутунуп жатканда да- өмүрүңүздү коргойт.

Капкакчадагы мындай ачык пландын майда-бараттары бар. Мисалы, катардагы бир адамдын капкакчасынын түзүлүшү менен бир наристенин капкакчасынын түзүлүшүнүн бирдей болушу наристеге коркунуч туудурат. Ошондуктан наристелердеги капкакча системасы бойго жеткендердикинен такыр башкача иштейт. Наристелерде ал капкакча бойго жеткендерден жогорураакта болот. Натыйжада наристе дем алып жатып да эч кыйынчылыксыз эне сүтүн эме алат. Наристелердин эне сүтүн эмип жатып, бир тараптан ыйлап, бир тараптан какап кетпешинин себеби ушунда. Эгер наристелердеги капкак системасы да бойго жеткендердикине окшош түзүлүштө болгондо, наристелер эне сүтүн эмип жатканда дем ала албай калышы мүмкүн эле.

Бирок биринчи адамдан бери жашап өткөн жана азыр жашап жаткан бүт адамдарда бул муктаждык дал керектүү абалда канааттандырылган. Өзгөчө бир оорулуулардан тышкары, бүт адамдар наристе кезинде дал талап кылынгандай түзүлүштөгү капкакчалуу болушкан. Ошол сыяктуу, ал адамдар бойго жеткенде да капкакчаларынын түзүлүшү кайра эле алардын муктаждыгына жараша болгон.

The palate closes the nasal passages. 2. Diaphragm closes.



2018-07-06 698 Обсуждений (0)
The palate closes the nasal passages. 2. Diaphragm closes. 0.00 из 5.00 0 оценок









Обсуждение в статье: The palate closes the nasal passages. 2. Diaphragm closes.

Обсуждений еще не было, будьте первым... ↓↓↓

Отправить сообщение

Популярное:
Почему человек чувствует себя несчастным?: Для начала определим, что такое несчастье. Несчастьем мы будем считать психологическое состояние...
Почему люди поддаются рекламе?: Только не надо искать ответы в качестве или количестве рекламы...
Как построить свою речь (словесное оформление): При подготовке публичного выступления перед оратором возникает вопрос, как лучше словесно оформить свою...



©2015-2024 megaobuchalka.ru Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав. (698)

Почему 1285321 студент выбрали МегаОбучалку...

Система поиска информации

Мобильная версия сайта

Удобная навигация

Нет шокирующей рекламы



(0.008 сек.)